Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Кумтөр: мурдагы үч президентке козголгон кылмыш иши


Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасайт.

Буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголду. Айыптоолордо коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленди. Кыргыз сотунда, андан ары эл аралык соттордо мурдагы үч президенттин кайсыл аракеттери үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн?

“Кумтөр” алтын кен долбоорун иликтеген соңку мамлекеттик комиссиянын тыянагына таянган мекеме аралык тергөө тобу канадалык компания менен түзүлгөн келишимдердин бардыгын “Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн” деп тапты. Алардын арасынан туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда кол коюлган “Кумтөрдү” реструктризациялоо боюнча 2003-2004-жылы бекитилген келишим мамлекетке эң ири зыян алып келген келишим катары мүнөздөлдү.

Кумтөрдүн "миллиондору"

Тергөө материалдарында көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан “Кумтөрдөгү” 67% үлүшүн “Центеррадагы” 33% үлүшкө алмашып, алтын кен долбоорун башкаруу жана көзөмөлдөө укугунан ажыраганы аныкталган. Ошентип, алтын чайкоочу фабриканын курулушу үчүн алынган насыя төлөнгөндөн кийин башкы макулдашууга ылайык, Кыргызстандын карамагына өтө турган “Кумтөр” алтын кен долбоору “Центерранын” ээлигинде калган.

Кийин анын 17% акциясы дагы 84 млн. долларга сатылып, Кыргызстан 16% жетпеген номиналдык үлүшкө гана ээ болот.

Акылбек Жапаров. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
Акылбек Жапаров. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Акылбек Жапаров мындай көз боёмочулук бекерге жасалбаганын айтып, бул үчүн мурдагы президент Акаевдин үй-бүлөсүнүн “Кумтөрдөн” жең ичинен көргөн көмүскө пайдасы 60 млн. долларга чукул экени иликтөөдө аныкталганын айтты.

“Насыя төлөнүп, алтын кени Кыргызстандын карамагына өтүшүнө 3-4 жыл гана калганда Акаев түздөн-түз буйрук берип, ошол кездеги премьер-министр алтын кен долбоорун реструктризациялоо боюнча келишимге кол койгон. Ошентип Кыргызстан “Кумтөрдү” башкаруу укугун де-факто эле эмес, де-юре да жоготот. 2004-жылы 24-июнда "Камеко" корпорациясы жана "Центерра Голд" компаниясы "Кыргызалтын" акционердик коомунун эсебине 11 млн. доллар которгону далилденди. Ошондон төрт күн өткөндөн кийин "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Камчыбек Кудайбергенов ал акчаны Латвиянын борбору Рига шаарында жайгашкан "Айзркрауклес" банкындагы Айдар Акаев көзөмөлдөгөн "Эккерд" компаниясынын эсебине мыйзамсыз которгону аныкталган. "Centerra Gold" жаңы түзүлөрү менен эле ошол жылдын 28-июнунда Central Asia Gold компаниясына эч кандай түшүндүрмөсү жок баштапкы наркы 3 млн. 800 миң долларга бааланган акциясын белекке берген. Анан ал көп өтпөй эле 44,6 млн. долларга сатып жиберген. Мунун бардыгы кылмыш ишинде изилденип, далилденген. "Мушкат" юридикалык компаниясы дагы бул ишти изилдеп чыгып, анда күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып, "Акаевдин үй-бүлөсүнө айып тагуу керек” деген тыянак чыгарышкан. Бирок анын бардыгы кала берген. Аталган компания акцияларын сатып жиберип, кайра Кыргызстанга келип, Ак Жылга, Турук, Алтын Жылга сыяктуу жалпысынан беш алтын кенинин лицензиясын алган. Анын арасында эң ири Талды-Булак-Сол Жээк алтын кени да бар. 2005-жылдан соң аталган алтын кенин казакстандык инвесторго сатып жиберип, инвестор Казакстандын президентине жакын адам болгону үчүн ошол кездеги бийлик эки тараптуу мамилени бузбоо үчүн ишти андан ары иликтөөнү токтоткон” – дейт Акылбек Жапаров.

Соңку мамлекеттик комиссиянын тыянагында Central Asia Gold компаниясын негиздегендердин бири катары мурдагы биринчи айым Майрам Акаеванын “Жамакеев” аттуу ошол кездеги студент жээни катталганы көрсөтүлгөн. Бирок Акаева муну негизсиз каралоо катары четке каккан. Бул боюнча 2013-жылы кылмыш иши козголуп, бирок эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу иш соттон кыскарып кеткен.

Тергөө Австралияда катталган Central Asia Gold компаниясынын президенттин уулу, маркум Айдар Акаев менен байланышы бар деген тыянакка келген. Анткени ага берилген беш алтын кенине ээлик кылуу укугу дагы “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси, маркум Камчыбек Кудайбергеновдун учурунда ишке ашканы аныкталган.

Сегиз жыл мурдагы иликтөөнүн илеби

Башкы прокуратура Cameco Gold менен Centerra Gold Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарын сатып алуу үчүн алгач "4 млн. АКШ доллары, анан экинчи ирет 11 млн. доллар жана кийин Торонто биржасында 44,6 млн. долларга сатылган акцияларды кошумча басып чыгарып, белекке берген" деп жыйынтык чыгарган.

Аида Салянова. Мурдагы башкы прокурор.
Аида Салянова. Мурдагы башкы прокурор.

Иликтөөнүн башында турган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бул иште табышмактуу илинчектер көп болгонун белгиледи:

“Ошол кезде 11 млн. жана кийин чыккан 4 млн. доллар төлөмдөр боюнча иликтеп-тергөө иштерин жүргүзгөнбүз. 4 млн. доллардын каякка жумшалганы да белгисиз болуп калган. 11 млн. доллар боюнча чынында эле коррупциялык иш болгон. Анткени, бул жерде дагы бир табышмактуу жагдай – “Кыргызалтындын” ошол кездеги жетекчиси Кудайбергенов эс-учун жоготуп жаткан учурда, ага барып, колун койдуруп кетишкен. Акчаны которуу боюнча документке коюлган кол ал адам оор абалда жаткандагы учурга туура келери биздин тергөө учурунда аныкталган. Ошол кездеги бийликтин адамдары ага барып, анын колун койдурган болушу мүмкүн деген негизде экспертиза да жүргөн. Чынында которулду деген негизде эсепте турган акча ошол жактан эле жоголуп кеткен. Тергөө "акчаны өздөрү эле алып койгон" деген тыянакка келген. Акчаны кимдер алып, анан алар кантип өз ара бөлүшүп алганы белгисиз”.

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев жогоруда айтылган айыптоолор 16 жыл мурун тергөө иштеринин жүрүшүндө далилденген эмес деп эсептейт. Ал 2003-2004-жылдагы келишимди "Кумтөрдү" "Центеррага" кошуу менен алтынды эл аралык биржаларда сатуу дымагы менен байланыштырды. Мурдагы президент ошол кездеги алтындын баасынын төмөндүгү дагы ошондой кадамга барууга түрткөнүн, бул ошол учурдагы реалдуулукка туура келген саясат болгонун кошумчалады.

Акаев: 16 жыл мурда далилденбеген куру доомат

Аскар Акаев анын дарегине карата кайрадан жаңыра баштаган дооматты далили жок саясий жалаа катары кабыл алды:

Аскар Акаев. Мурдагы президент.
Аскар Акаев. Мурдагы президент.

“Мындай дооматтар бүгүн же кечээ эле айтыла калган жок. Мындан 16 жыл мурда, 2005-жылы ошол кездеги башкы прокурор Бекназаров көтөрүп чыккан. Ал Акаев “Кумтөрдөн” миллиарддаган доллар акча алган” деген айып коюп, кылмыш ишин дагы козгогон. Анан Бакиевдин биринчи буйругу менен Акаевдин байлыгын издөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүп, аны ошол кездеги вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген. Бекназаров менен биргеликте бир жылдан ашуун изилдешип, Акаевдин миллиарддаган доллар байлыгын табышкан эмес. Мунун бардыгы курулай эле каралоо. Президент деген эсепчи эмес. Президент деген мамлекеттин саясий жетекчиси. Мен канча миллион кайсы жерден, каякка которулуп жатканын билгидей эсепчи эмесмин. Мен финансы министри болуп дагы иштеген эмесмин. Мен мамлекеттин башчысы болгом. Таза иштеп бердим. Ошондой компания менен менин байланышым болсо, ошондой маалымат болсо, факты катары далилдеп, айтып берсин”, - деди Аскар Акаев.

Бузулган Баш мыйзам, бурмаланган үлүш

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын 1999-жылга чейинки жетекчиси Дастан Сарыгулов 1992-жылдагы алкактык келишимге салыштырмалуу 1994-жылдагы башкы келишимде Кыргызстандын шарттары бир топ жакшыртылган деген ойдо. Бирок 2004-жылы алтын кен долбоорун реструктуризациялоо ошол башкы келишим менен Баш мыйзамды бузуу аркылуу жүргөнүн айтууда.

Дастан Сарыгулов. "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчиси.
Дастан Сарыгулов. "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчиси.

"Биз 1992-жылдагы алкактык келишимге караганда 1994-жылдагы генералдык келишимди бир топ оңдоп жакшыртканбыз. Мисалы, 1992-жылдагысында Кыргызстандын "Кумтөр" алтын кен долбоорундагы үлүшү 60% гана болсо, биз аны 67% көтөрдүк. "Камеко" компаниясынын менежменттик чыгымы 10% болгон болсо, аны биз 4% түшүрдүк. Жергиликтүү жумушчулардын саны 85% кем эмес болсун деп макулдаштык. Ошентип, бир топ талаш-тартыш менен аны бышырганбыз. Бирок мен 1999-жылы "Кыргызалтындан" кеттим. Төрт жылдан соң "Центерра Голд" мыйзамсыз түзүлдү. Себеби, Баш мыйзамга ылайык жана башкы келишим боюнча парламенттин уруксаты жок акцияларды басып чыгара алмак эмес. Ошол шартты одоно бузуп, парламент үч ирет уруксат бербегенине карабай, акцияларды чыгарып, ошол кездеги өкмөт долбоорду реструктуризациялоо боюнча келишимге барган. Өкмөт өзүнүн ыйгарым укугунан аша чапкан. Ошондуктан муну одоно мыйзам бузуу болгон десек болот. Бирок ошол негизги мыйзам бузууларга буга чейин көңүл бурулбай келди. Болбосо, ошонун негизинде эле иш алып барса туура болмок", - деди Дастан Сарыгулов.

Бакиевдин кызыкчылыгы, үлүштү көтөрүүнүн сыры

"Кумтөр" алтын кен долбоорунун тарыхындагы экинчи бурулуш учур бул – 2009-жылы экинчи президент Курманбек Бакиевдин тушунда бекитилген макулдашуу. Анда бийлик "Центеррадагы" үлүштү 33% көтөргөнүн жар салганы менен анын көмүскө шарттары кийин белгилүү болгон. Себеби, көмүскө сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Кумтөргө" 16 миң 330 гектар кошумча жер аянтын берүүнүн эсебинен үлүштү көтөрүп, анан талаштарды эл аралык арбитражда гана кароо шарты мыйзам менен бекитилип, ага Конституциялык соттун корутундусу чыккан.

Дастан Сарыгулов мамлекеттин кызыкчылыгына каршы шарттарды кабыл алууда ошондогу президент Курманбек Бакиевдин жеке кызыкчылыгы болгон деп эсептейт:

"Кумтөр Голд" компаниясы 2006-2007-жылдары эки жыл чыгаша менен чыгып жатты. Бирок ошол кезде дүйнөдө алтындын баасы кымбаттап баштаган болчу. Ошонун себептерин президент Курманбек Бакиев карашы керек эле да. Бирок ал караган жок. Себеби, анын ою бөлөк экен. Ошентип отуруп, 2009-жылы Кыргызстандын кызыкчылыгын тушаган келишимдин долбоорун даярдап, парламент аркылуу мыйзам катары кабыл алып, бекитишти. Ал аз келгенсип, Конституциялык соттун корутундусу менен бекемдеди. Андай зарылчылык жок болчу. Бул эми канадалык тараптын кызыкчылыгын коргоо үчүн жасалган нерсе. Албетте, мунун бардыгы жөн эле жасалган эмес. Мында Курманбек Бакиевдин жана анын жакын чөйрөсүнүн жеке кызыкчылыгы ачык эле көрүнүп калды. Ал эми Кыргызстандын үлүшүн 33% көтөрүү ошол кездеги келишимдин шарттарын оңдоп, Кыргызстандын кызыкчылыгын калыбына келтирүүнүн эсебинен эмес, "Кумтөргө" жаңы жер аянттарын берүүнүн негизинде жүрүп отурат. Демек, бул жерде дагы Кыргызстан уттурган",- дейт ал.

Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Ал эми “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин ошондогу төрагасы Алексей Елисеев “Камеко” жана “Центерра” менен 2008-2009-жылдардагы сүйлөшүүлөрдү жетектеген. Ал талаштарды Эл аралык арбитражда гана кароо шарты инвестордун кызыкчылыгын бекемдөө үчүн киргизилгенин белгилеген.

"Мен талаштын баары адилеттүү чечим кабыл ала турган сотто чечилишин каалайм. Кыргызстанда ушул сыяктуу долбоорлордун көбүрөөк болушун каалап, инвестицияларды коррупцияга баткан мыйзамдардан жана алардын колдонулушунан алыстатып, аларды цивилизациялуу эл аралык арбитраждар менен жөнгө салууну каалагам. Себеби, эч бир инвестор коррупцияга баткан ушундай сот системасы бар жапайы өлкөгө келгиси келбейт",– деген болчу Алексей Елисеев.

Ал үлүштү кайра бөлүү “Кумтөргө” кошумча жер аянтын берүүнүн эсебинен жүргөн деген маалыматты четке какты. 2009-жылы бекитилген концессиялык макулдашууда мурда берилген жер аянттарынын "укуктук макамы гана өзгөртүлгөн" деген жүйөнү келтирген.

Жер берүү жемкордугу

Буга чейинки депутаттык жана мамлекеттик иликтөө комиссияларынын корутундулары иш жүзүндө фактылар башкача болгонун ырастайт. 2009-жылы 5-мартта ошол учурдагы премьер-министр Игорь Чудиновдун жана 2010-жылы 25-мартта ошол учурдагы премьер Данияр Үсөновдун жогорудагы макулдашууга таянып, "Кумтөргө" кошумча жер аянтын берүүнү караган токтомдору чыкканы аныкталган. Бабановдун өкмөтү 2012-жылы алардын бирин жокко чыгарып, экинчисин калтырып койгон.

2009-жылы Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп турган Кубанычбек Исабеков кошумча жер берүү шарты башында бул концессиялык макулдашууда жок болгонун, бирок кийин токтом чыгып калганы табышмактуу болгонун айтты.

Кубанычбек Исабеков. Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери
Кубанычбек Исабеков. Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери

"16 330 гектар жер боюнча 2011-жылы билип калып, ал кездеги премьер-министр болуп турган Атамбаевге кайрылдым. Бирок ал жооп бербей койду. Анан мен Финполго, кийин сотко арыз менен кайрылып, 2010-жылы 25-мартта мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов 16 миң гектар жерди жалпысынан 26 миң гектарга толуктап туруп, мыйзамсыз берип салганын айтып чыккам. Ал жер тилкелери өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагына кирген тилкелер болчу. Мен анда бул жерлерге техника киргизип, талкалап баштаганын айткам. Бирок мени анда эч ким уккан жок. Бардыгы мага каршы чыгышты. Ошондо парламент депутаттарына аталган токтомдун көчүрмөсүн көрсөтүп бердим. Алар андагы премьер-министр Бабановго басым кылып отуруп, аталган токтомду акыры жокко чыгартышкан. Бирок 2009-жылы бизге, парламентке ратификацияга келген мыйзам долбоорунда андай жер тилкелери тууралуу сөз жок. Андайды мен аталган макулдашуунун долбоорунан дагы көргөн эмесмин",- деди Исабеков.

Тергөө тобу Жогорку Кеңештин Убактылуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдагы корутундусун четке кагып, парламенттин макулдашылган токтом долбоорун бекиткен учур боюнча өзүнчө кылмыш ишин ачып, мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон мурдагы тогуз жогорку кызмат адамын жоопко тартуу аракеттерин баштаганы белгилүү.

Эл аралык сотко даярдык

Ошол эле кезде саясий чөйрөдө Кумтөргө байланыштуу мурдагы президенттер менен жогорку кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоо эл аралык соттордо кыргыз тараптын позициясын чыңдоо үчүн зарыл экени жана бул нерсе "Центерра Голд" кыргыз жетекчилерин сатып алганын далилдөөгө негиз болору тууралуу сөз жүрүүдө.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев жетекчилерди жоопко тартуу эл аралык сот үчүн маанилүү экенин белгилеген болчу:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак, дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын жапырт түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек",- деди Текебаев.

Сарыгулов: “Центерра” мыйзамсыз түзүлгөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:49 0:00

2010-жылдан кийин Кумтөргө баа берип, ага чара көрүү аракеттери анда эмнеге токтотулган? Мунун себебин Акылбек Жапаров канадалык тарап ошол кездеги бийликти шайлоодо колдоп, демөөрчүлүк кылган учурлары менен түшүндүрдү.

Ал эми Сапар Исаков жетектеген өкмөт 2017-жылы “Центерра Голд” компаниясы менен кол койгон стратегиялык макулдашууда экологиялык доолордон толук баш тартып, териштирүүлөрдү токтоткон. Кумтөрдү иликтеген соңку мамлекеттик комиссия ошол шарттар андагы "экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу фактыларына көз жумуп, салыктын кээ бир түрлөрүн төлөбөй койгонго жол ачкан" деген тыянакка келди.

Ашыкча көрсөтүлгөн чыгымдар

Мындан сырткары "Центерра Голд" алтындын баасы жогору болуп, киреше түшүп жатса дагы финансалык отчетторунда чыгымдарын ашыра көбөйтүп көрсөтүп, пайданы бөлүшүүдөн маселе чыгып турганы иликтөө учурунда аныкталган.

Дастан Сарыгулов мурдагы президенттер Кумтөрдүн олчойгон чыгымдарына көз жумуп койгон учруларды мисал келтирди:

"Кумтөр 2012-жылы 159 млн. доллар чыгым менен чыгып отурат. Ошол эле кезде алтындын дүйнөлүк баасы бир унциясы 1800-1850 АКШ долларына сатылып жаткан. Ошол кезде биздин өкмөт, биздин президент буга кызыгып, алтын кымбат баада сатылып жатса, анан эмнеге чыгым болуп жатасыңар?" деп иликтеп, сурап коюшпаганы таң калыштуу. Ага кызыкдар болушкан эмес. Бул чоң суроо жаратат да. Алар кантип ошону түшүнүшкөн эмес? Каяктан жүрүп, өндүрүштө мынча зыян келгенин аныктап чыгуу кыйын деле эмес болчу. Мындан сырткары "Центерра Голд" отчетунда төрт жылдын ичинде "Кумтөргө" капиталдык салым киргизилгенин көргөзүп жатат. Бул деген жомок. Алтын фабрикасын курганда дагы мынча акча чыгымдалган эмес. Бул жөн эле көз боёмочулук. Биздин президенттер, биздин өкмөт башчылар буга көз жумуп коюшкан. Албетте, бекер эмес. Бул жерде алар келишип алып, мамлекетке зыян келтирип жатпышпайбы", - дейт Сарыгулов.

Атамбаевге байланган 500 млн. АКШ доллары

2019-жылы күчүнө кирген стратегиялык макулдашууда “Центерра Голд” экологиялык жана социалдык өнөктөштүк фонддоруна бир жолу жана жыл сайын 150 млн. доллар төлөмдөрдү которууга макул болгон. Ошондой эле 2009-жылдагы келишимди күчүндө калтыруу макулдашылган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2017-жылдагы стратегиялык келишимдин ал шарттары бекеринен бекитилбегенин айтып, аны карызга негиздеп, Кумтөрдөн алынган жарым млрд. доллардын кызыкчылыгы менен негиздеди:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Кумтөр Голд” компаниясынан 500 млн. долларды карыз катары алып чыгышып, кийин ал акча дивиденд катары жоболоштурулган. Бул иш 2017-жылы болгон. Башкача айтканда, Кумтөрдөн жарым млрд. долларды алып чыгып, иш жүзүндө аны уурдаган факты аныкталып отурат. Бул кылмыш эпизоду боюнча ага катышы бар жактардын бардыгын аныктоо багытында тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө. Бул иштин жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевге, Сапар Исаковго жана тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин иш-аракеттерине укуктук баа берилет. Ошондой эле компаниянын башчыларына дагы чара көрүлөт. Мына ушундай эле көрүнүш “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгир Жапаров тарабынан болгону аныкталып, кийин ал жоопко тартылган”, - деди Камчыбек Ташиев.

Жоопко тартуунун жоболоңу

Ал эми соттордо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп келген адвокат жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов мурдагы мамлекет башчыларын жоопко тартуу оңой-олтоң иш эмес деп ой бөлүштү:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Издөө жарыялай берет. Бирок андан кандайдыр бир жыйынтык чыгышы күмөн. Анткени, аларды эч кайсы мамлекет Кыргызстанга кайра кайтарып бербейт. Лондон дагы, Минск дагы, Москва дагы бербейт. Ошондуктан мурдагы президенттерди бул жакка алып келип же ошол жактан суракка алып, тергөө иштерин жүргүзүү оңой иш эмес. Азыр Атамбаев гана отурат. Бул жерде бирөөлөрдүн тергөө менен кызматташуу боюнча келишими боюнча гана кандайдыр бир көрсөтмө алынышы мүмкүн. Бирок ага жетиштүү далилдер керек. Ошондой чоң өлчөмдө акча алынганын далилдөө зарыл. Бул үчүн талашсыз фактылар болушу шарт. Чет элде оффшордо катталган банк эсептери жана акча которуулар сыяктуу. Ансыз деги эле бул ишти сотто териштирип, аны далилдөө мүмкүн эмес ”, – деди Токтакунов.

Азырынча УКМК тергөө купуясына байланыштуу жогорудагы фактыларды бекемдей турган кандай документалдык же башкача далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экенин жарыялай элек.

Ошондой эле мурдагы президенттер менен жогорку кызмат адамдарына айыптоолор кандайча коюлуп, чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн мурдагы мамлекет башчылары кантип суракка алынып, жоопко тартылары азырынча белгисиз. Алардын бардыгынан экс-президент макамы алынган. Бирок аларга карата тергөө жүргүзүү кандайча шартта жүрөрү айтыла элек.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG