Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Талдыбулак-Сол Жээк кенинен 2 тоннадан ашык алтын өндүрүлдү


Талдыбулак кени.
Талдыбулак кени.

Кемин районундагы Талдыбулак-Сол Жээк кенинде былтыр 2 тонна 700 киллограмм алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу кенди иштеткен “Алтынкен” компаниясынын башкы директору Чжан Хуа Хуэй билдирди. Анын айтымында, кен быйыл 3 тонна алтын өндүрүүнү пландап жатат.

Компания өкүлдөрү өндүрүштү кеңейтүү жана жумушчулардын шартын жакшыртуу жаатында иштер улантыларын кошумчалашты.

Талды-Булак-Сол Жээк кени 2015-жылы июль айында ишке кирген. Кенди иштетүү үчүн биргелешкен кыргыз-кытай “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коому лицензия алган. Ишкананын 60 пайызы Кытайдын “Цзыцзинь” компаниясына, 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына таандык.

Расмий маалымат боюнча учурда "Алтынкен" ишканасында миңге чукул адам иштейт. Анын 96 пайызы жергиликтүү тургундар, төрт пайызы - кытайлык адистер. Кенде алтындын 77 тоннадан ашык запасы бар экени аныкталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG