Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

УКМК Кумтөр келишиминен чыгууну сунуштады


Кумтөр иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү. Аскар Акаев, Дастан Сарыгулов, Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Игорь Чудинов, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Төрөбай Зулпукаров, Тайырбек Сарпашев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кумтөр боюнча тергөөнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарып, Министрлер кабинетин кенге байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоого чакырды.

Мекеме канадалык компания менен түзүлгөн документтердин баарын мыйзамсыз деп тапты. Натыйжада мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаев баштаган бир катар аткаминерлерге айып тагылды. Бул жагдай өлкөдөгү эң башкы кенди мамлекеттештирүүгө алып келиши мүмкүн.

Ташиевдин чукул сунуштамасы

Кумтөр кени жөнүндөгү кылмыш иштин жаңы жагдайлары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин 8-июлдагы брифингинде белгилүү болду. Ал мекеме аралык тергөө тобунун ишинин алгачкы маалыматтары менен бөлүштү.

Ташиев ырастагандай, кылмыш иштин алкагында Кумтөр долбоорунун хронологиясынын бардык этаптары иликтенип, коррупциялык бир нече эпизоддор аныкталды.

Анын биринчиси, канадалык “Камеко” компаниясы менен Кумтөр жөнүндөгү 1992-1994-жылдагы башкы келишимге байланыштуу.

Бул документ Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деп бүтүм чыгарылды. Туңгуч президент Аскар Акаевге айып тагылып, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Борис Бирштейнге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды.

Ал эми экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген. Иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу алардын жоопкерчилиги каралбашы мүмкүн.

Камчыбек Ташиев муну мындайча түшүндүрдү:

“Бул иште “Кылмыш ишин кыскартуу үчүн макулдук берди” деген эмнени түшүндүрөт? Бул биз тергөө учурунда алар башкы келишимди Кыргызстандын пайдасына каршы түзгөнүн далилдеп бердик, жооптуу кызматтагы ал адамдар мойнуна алды дегенди билдирет. Болгону кылмыш иштин мөөнөтүнүн өтүп кеткенине байланыштуу аларга карата кылмыш ишин кыскартабыз. Бирок алар күнөөсүн мойнуна алды”.

УКМК жетекчиси экинчи эпизод катары, 2003-жылы “Камеко” менен башкы келишимди реструктуризациялоодо коррупция болуп, анын жыйынтыгында Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 25,7% (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып калганын, буга жоопкер катары коррупция менен Аскар Акаевге сыртынан айып тагылганын билдирди.

Үчүнчү эпизод – тергөө тобу 2009-жылкы “Кумтөр долбоору боюнча жаңы шарттар” аттуу макулдашууну кабыл алууда жогорку кызмат адамдары өлкө кызыкчылыгынан "Центерраныкын” жогору коюп, экологиялык жана экономикалык зыян келтирилген деп аныктаган.

Мунун алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыяланды.

Экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы башкармалыгынын төрагасы Алмаз Жакыпов күнөөсүн мойнуна алышкан, иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн тергөө кыскартылмакчы.

Төртүнчү жагдай – 2012-жылкы чечимге байланыштуу “Кыргызстандын “Центерра” компаниясы менен кызматташуусунун жаңы шарттарын карап чыгууга тоскоол болгон” деген жүйө менен экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбековго, депутат Төрөбай Зулпукаровго, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талант Узакбаевге, Алмаз Батырбековго, президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге, өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага айып тагылды. Булардын ичинен Узакбаев жана Батырбеков тергөө менен кызматташуу келишине ылайык үй камагына чыкты, Молдошева тилкат менен бошотулган. Калгандарынын баары камакта.

Бешинчи эпизод 2014-2017-жылкы аракеттер жөнүндө. Бул аралыктагы “Центерра” менен болгон Стратегиялык келишим жана “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштамалар боюнча коррупция беренеси менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге айып тагылып, үй камагына алынды.

Ушул эле көрүнүш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, профилдик министрликтердин жана мекемелердин жетекчилеринин, “Центерра” компаниясынын өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берилмекчи.

Ташиев алтынчы эпизод катары, 2017-жылы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан карыз катары 500 миллион доллар чыгарылып кеткенин атады. Бул жөнүндө иликтөө иштери уланууда. Атамбаевге, Исаковго жана башкалардын аракеттерине баа берилет.

Мына ушул жагдайларды козгогон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүүсүнүн соңунда Кыргызстан Кумтөргө байланыштуу келишимдердин баарынан чыгышы керектигин айтты.

“Коррупциялык жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына каршы келген ушул фактыларды эске алуу менен Тергөө кызматы Башкы прокуратура менен чогуу Кумтөр долбооруна байланыштуу бардык келишимдерди денонсациялоону жана өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген ички нормативдик-укуктук актыларды жокко чыгарууну демилгелейт. Башкача айтканда УКМКнын Тергөө кызматы Кыргызстандын өкмөтүн 2009-жылкы жана башка келишимдердин баарынан чыгууну сунуштайт. Бул Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясынан чыгууга алып келет”, - деди ал.

Мурдараак Акылбек Жапаров жетектеген Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасына Кыргызстандын атынан убактылуу башкаруу киргизүүнү сунуштаган.

17-майда Жогорку Кеңештин чечими менен Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компаниге” Тенгиз Бөлтүрүктү убактылуу жетекчи дайындап, ишкананы башкарууну колуна алган. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, зарыл болсо дагы узартылары айтылган. Centerra Gold Inc. айыптарды четке кагып, бул аракеттерди “басып алуу” деп атаган жана кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген.

Азыр кыргыз тарап Кумтөр кенине де-юре ээлик кылбаганы менен де-факто толук кожоюндук кылып жатат. Мындан кийинки аракеттер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынары айтпаса да түшүнүктүү болуп турган.

Эми өкмөт УКМК сунуштаган чечимдерге бара алабы? Кумтөр боюнча келишимдердин бардыгын денонсациялап, Centerra Gold Inc. компаниясынан чыга алабы?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” мындай жооп берди:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Биз Кумтөр боюнча келишимдерде ошондой аракеттер болушу мүмкүн деп укук коргоо органдарына бергенбиз да. Эгерде тергөөдө далилдеринин баары болсо биз, мамлекеттик комиссия чечим кабыл алабыз. Тергөөнүн бүтүмдөрү бизге келсе комиссияга алып чыгып карайбыз. Анан мамкомиссия Министрлер кабинетине жана Жогорку Кеңешке сунушун берет. МинКабдын позициясы жана аракеттери мына ошондон кийин белгилүү болот”.

Баса, 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. 8-майда Centerra Gold Inc. билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор “таптакыр негизсиз” экенин, “Кумтөр Голд Компани” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айтып чыккан. Теманын бул өңүтү өзүнчө узун сөз.

“Келишимдерди денонсациялоонун иши татаал”

Башка жагдай – атайын кызматтын келишимдердин бардыгын денонсациялоо же жокко чыгаруу сунуштамасы канчалык реалдуу? Кыргызстандын бийлиги буга бара алабы, же бул жөн гана башка максаттар үчүн колдонулуп жаткан чарабы?

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары, экс-вице-премьер-министр, өмүр бою Кумтөр маселесин иликтеп келе жаткан Кубанычбек Исабеков жагдайга мындайча комментарий берди:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

“Денонсациялоо болсо бүткүл келишимдер жараксыз болуп эсептелет. Кумтөр иштей берет, Кыргызстандын өзүнө кайтат деген сөз. Денонсациялоо менен “улутташтыруу, мамлекеттештирүү” деген түшүнүктөрдүн мааниси бир, бирок жолдору түрдүүчө болот. Биринчиден, бийлик келишимдердин баарын жокко чыгаруу менен эл аралык сотко даярданып жаткан болушу мүмкүн. Башкача айтканда, “Центерранын” доосуна сотто жооп берип жатып, “мына буга чейинки келишимдердин бардыгы коррупциялык жол менен түзүлгөн, ошон үчүн биз Кумтөрдү өзүбүзгө алдык” деген мааниде. Бирок анда сот деле “бул келишимдерге эмне силердин жетекчилериңердин чекесине автомат такап туруп кол койдурду беле?” деп айтат да. Экинчиден, менин оюмча УКМКнын сунушун жөн гана канадалык компанияга эскертүү катары бааласа да болот. “Эгер силер биздин шарттарга көнбөсөңөр, кенди толук өзүбүзгө алабыз, баарын жокко чыгарабыз” деген ишара болушу мүмкүн. Эгер сүйлөшүүлөр жүрүп, алар кыргыз өкмөтүнө жагымдуу кыргыз тарап койгон суммалардын баарын төлөп берсе, денонсация болбой калышы да ыктымал. 5,5 млрд. долларга чейин доо коюлбадыбы, анын баарын төлөбөсө да кайсы бир бөлүгүн берип, ишти улантабыз деген келишимдер болушу мүмкүн. Булар убактылуу башкарууну үч айлык мөөнөткө эле киргизишкен да, муну канадалыктар сүйлөшүү жолуна барат деп коюшкан да. Ошону үчүн тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилгени деле туура болчу, анан ага болбой жатышса аягына чейин чыгып, денонсацияга барышыбыз керек”, - деди ал.

Кубанычбек Исабеков ошентсе да УКМКнын сунушун жана иликтөөлөрүн, дегеле кыргыз өкмөтүнүн Кумтөргө байланыштуу аракеттерин колдоого алат. Бирок анын арты узак болорун белгиледи.

“Ташиев өкмөттүн мүчөсү катары сунушун айтты, Министрлер кабинети коллегиалдуу орган ал, колдойбу же жокпу, белгисиз. Эгер колдосо анда ишти башташ керек. Бирок бул Камчыбек Ташиев же президент каалагандай бат эле чечиле турган маселе эмес. Себеби ошол эле келишимдерди Жогорку Кеңеш мыйзам катары бекитип берип келген да. Маселен, азыркы чакырылыш эле эки мөңгүнү “Центеррага” бекер берип койгон.

Парламент мына ошону жана башка мыйзамдарды жокко чыгарышы керек, өкмөт канчалаган токтомдорун жокко чыгарышы керек. 2009-жылкы келишимди да парламент ратификациялаган, аны Конституциялык сот жактырган. Муну депутаттар да, сот да кайра жокко чыгарышы зарыл. Мунун баары бир күндүк же дароо бүтүрө коё турган иш эмес, бул татаал иш. Бирок анын баарын жокко чыгарыш үчүн негизи, далили болуш керек. Жөн эле саясатташтырып жокко чыгарып жиберсең, эртең анын эл аралык деңгээлде жоопкерчилиги бар. Биз көп эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз, эл аралык келишимдерге кол койгонбуз. Эгер утулуп калсак, көп нерседен кур калабыз, чет жактагы элчиликтерибизге, алардын эсептерине камакка алышы мүмкүн. Ошонун баарын тарттырып ийсек жакшы болобу? Ошону үчүн жети өлчөп, бир кесишибиз керек”, - деди Исабеков.

Албетте, тергөөнүн бутасына алынган саясатчылардын көбү жана алардын жактоочулары УКМК тараптан коюлган айыптарды төгүнгө чыгарышууда.

Анын ичинде Аскар Акаев мурда Кумтөргө байланыштуу өзүнүн күнөөсү жок экенин айтып чыкса, Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Исхак Пирматовдун, Өмүрбек Бабановдун жана башкалардын адвокаттары коюлган кинени “абсурд” маанисинде аташкан жайы бар.

Бирок ошол эле кезде башкалар бул кылмыш иштерин эл аралык соттошууга даярдык катары баалап жатышкан.

Мурдатан Кумтөрдү “мамлекеттештирүү” же “улутташтыруу” идеясын карманып келген “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев буга чейин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө мындай пикири менен бөлүшкөн.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Кумтөр Кыргызстандагы эң чоң кен. Ал өлкөгө миллиарддаган доллар пайда алып келиш керек эле, мындан ары да ушунча пайда бере турган потенциалы бар. Бирок 2003-жылы түзүлгөн кылмыштуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдин негизинде бүгүнкү күнгө чейин ал башка субъектилердин кызыкчылыгына гана иштеп жатат. Ошондой келишимдерди билип туруп кол койгон жетекчилер бар. Ошолорду биз аныкташыбыз керек жана “кеч болуп кетти” деп камактан кутулса дагы юридикалык бааны алышы абзел. Анткени бизди эл аралык сот күтүп отурат.

Эл аралык сотто биз Кумтөр келишими башынан эле коррупциялык экенин, президенти, өкмөтү баш болуп, кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп кабыл алганын далилдеп алып барсак, дүйнөлүк коомчулук, Канада, АКШ, Европа деле “коррупция” дегенге терс баа берет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын “өч алуу”, же “пиар” катары карабастан, далилдик базабызды бекемдөө катары баалаш керек.

Кумтөрдү биз кыргыз элинин менчигине алып, улутташтырышыбыз керек. Бул зарыл, артка жол жок. Аны алыш үчүн бардык саясий күчтөр, Кыргызстандын коомунун бардык топтору бир муштум болуп, биригишибиз керек. Эл аралык укуктук базалар, Кумтөрдү улутташтырганга жол берет. Ошол эле Бириккен Улуттар Уюму кабыл алган беш хартия, резолюцияларда табигый ресурстардын жана байлыктардын эркин эксплуатациялоо укуктары жөнүндө айтылган. Мамлекет элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жарандан, уюмдан же компаниядан ар кандай менчикти тартып алып коюуга толук укуктуу деп жазылган. Өзүнүн, ички соттун чечими менен кылса болот, бирок калыс баасын кайтарып бериши керек дейт. Кумтөрдү кайтарып алсак, анын ишкананын баланстык баасын кийин төлөп берип коёбуз, болду. Анын ар кандай жолдору бар”.

Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандагы туунду ишканасы – “Кумтөр Голд Компани” аркылуу Кумтөр кенинде 1997-жылдан бери алтын казат. Алгачкы жылдары Кумтөрдүн үчтөн эки үлүшү же башкача айтканда 67% Кыргызстанга карап турган.

2003-жылы ал 33%, анан 15% чейин түшүп, 2009-жылдагы келишимдерге ылайык кайра 33% жеткен. Кийин Centerra Gold Inc. кошумча акция чыгаргандан улам Бишкектин үлүшү 26% түзүп калган. Ошол эле убакта Кыргызстан акыркы жылдары акциясы үчүн дивиденддерин жетиштүү ала албай келген.

“Кумтөр” кенинде жалпы 700 тоннадан ашык алтын бар экени эсептелген. Ушул убакка чейин канадалык компания Кумтөрдөн 400 тоннадай алтынды казып алган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG