Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Кумтөр-2012: тогуз саясатчыны толгогон иш


Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Алардын Кумтөрдү мамлекетке алуу маселеси талкууланган жыйындагы сүрөттөрү. 2012-жыл.
Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Алардын Кумтөрдү мамлекетке алуу маселеси талкууланган жыйындагы сүрөттөрү. 2012-жыл.

Тергөө “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке алууну көздөгөн 2012-жылдагы убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагы парламенттен өтпөй калган учурду "кылмыштуу бүтүм" деп тапты.

Айыпталуучулардын адвокаттары муну укуктук аныктамага жатпаган түшүнүк катары карашууда. Тергөө шектүүлөргө айыптарды коюп, анык далилдерди көрсөтө албаса, анда мунун "саясий өч алуудан айырмасы жок" деген пикирлер да үстөмдүк кылды.

Буга байланыштуу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков баш болгон мурдагы 9 кызмат адамынын иши бир кылмыш эпизоду катары тергелүүдө.

Кармалгандардын экөө тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына бошотулду. Ал эми саясатчылардын адвокаттары парламентте добуш менен кабыл алынган чечимдер үчүн кылмыш жообуна тартуу мыйзамсыз экенин айтышууда.

Тергөө 2012-жылы Жогорку Кеңеш “Кумтөр” боюнча депутаттык комиссиянын тыянагын колдоп, бекитпей, анын ордуна үч комитет даярдаган макулдашылган токтом долбоорун кабыл алган учурду "мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген кылмыштуу бүтүм" деген жыйынтыкка келди. Бул тууралуу шектүүлөргө айып таккан тергөө токтомдорунан белгилүү болду. Бирок андагы конкреттүү кылмыш эпизоддору расмий жарыялана элек.

Илинчек издеген тергөө

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев бул иште орчундуу негиздер бар деп эсептейт:

“Эч кандай фактысы жок эле ири калибрдеги саясатчыларга кылмыш ишин ачып алгандай, тергөөчү менен прокурордун эки башы жок. Логикалык жактан алганда дагы кармалгандардын арасында кандайдыр бир байланыштар болгон дегенге негиз бардай сезилет. Ошол мезгилде премьер-министр Бабанов болчу. Бул иште өкмөт жалгыз эмес болсо керек деп күмөн санап, ал эми ошол кездеги президент жактан кандай аракеттер болгон экен деп турдук эле. Анан эле президенттин парламенттеги өкүлү, кийин президенттик аппаратты жетектеген Данияр Нарымбаев кармалганда бул суроого жооп табылгандай болду. Демек, бул ишке президенттик аппарат, өкмөт жана парламенттин кээ бир комитет төрагаларынын жана айрым депутаттардын байланышы бардай сезилип жатат. УКМК 11-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын кеңсесинде тинтүү маалында табылган кандайдыр бир документтердин негизинде болсо керек”, - деди Осмоналиев.

Өтпөй калган демилгенин өнтөөсү

Бул кылмыш ишине саясий түс берген негизги жагдай – бул азыркы президент Садыр Жапаровго байланыштуу. Анткени, ал 2012-жылы депутат кезинде жетектеген парламенттик комиссиянын “Кумтөр” кени боюнча келишимди жокко чыгаруу сунушу парламенттен өтпөй, кайрадан мамлекеттик комиссия түзүү чечими чыккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду жоопко тартуу боюнча тергөө токтомдорунда парламентте, өкмөттө жана президенттик аппаратта уюмдашкан топ коррупциялык байланыштар аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кылмыштуу бүтүмгө барган деген айып коюлган.

Бирок адвокаттар 2012-жылы убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагын “Кумтөр” келишимдеринин оор кесепеттеринен бөлүп кароого мүмкүн эмес дешет.

"Жамааттык чечим үчүн спикер жооп бербейт"

Мурдагы спикер Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов депутаттык комиссиянын демилгесин четке кагып, макулдашылган вариантка токтолуу чечими көпчүлүк добуш менен кабыл алынганын, бул үчүн мыйзамда жоопкерчилик жоктугун айтты:

“Ар бир кылмыш жасалганда анын кесепеттери болот. Эгерде анын кесепеттери аныкталбаса, демек, кылмыш иши жок. Асылбек Шариповичти кылмышка шектүү катары жоопко тартуу боюнча токтомдо ошондой кесепеттерге алып келген, кандайдыр бир конкреттүү жеке чечими менен мамлекетке зыян келтиргени жазылган эмес. Ага “төрага болуп турганда экологиялык жана экономикалык кесепеттерге алып келген чечим кабыл алууга өбөлгө түзгөн” деген жалпы сөз менен эле айып тагылууда. Анын төрага катары кайсы аракеттери болгону жана анын жыйынтыгы көрсөтүлгөн эмес. Парламенттин спикери жеке чечим кабыл алгыдай министр эмес. Спикер келип түшкөн сунуштардын бардыгын добушка салып, жамааттык негизде кабыл алынган чечимге гана кол коёт. Мыйзамда кай бир чечимдерге депутаттар өз каалоосу менен добуш бере турганы белгиленген. Депутаттарды берген добушу үчүн куугунтуктаганга мыйзам жол бербейт”.

Бул иштин айыптоо корутундуларында “Кумтөрдү” башкарууну мамлекетке алуу сунушунан баш тарткан чечим үчүн пара алуу же басым көрсөтүү сыяктуу далилдер же күбөлөрдүн мыйзамдуу көрсөтмөлөрү иштин материалында бар экени белгисиз.

Бирок 17-майда “Кумтөр” боюнча мамлекеттик комиссиянын тыянагы каралып жатканда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев төрт кылмыш иши бар экенин айткан. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчылары, өкмөттөгү жогорку кызмат адамдары жана депутаттар бар. Ташиев “Кумтөрдөн” акчалай сый акы алып турган учурлар боюнча материалдар бар экенин айтуу менен чектелген.

Жогорку Кеңеш 2012-жылы 27-июнда Убактылуу депутаттык комиссиянын чыгарган тыянагын эске алып, бирок үч комитеттин сунушу менен токтомдун макулдашылган вариантын бекиткен. Анда комиссиянын алтын кенди мамлекетке өткөзүү сунушу кирбегени менен “Кумтөргө” мыйзамсыз берилген 16 330 гектар жерди кайтаруу жана алтын кенден түшкөн пайданы көбөйтүп, экологиялык зыяндын ордун толтуруу сыяктуу талаптар камтылып, калтырылган.

Ошондогу премьер-министр Өмүрбек Бабанов эмнеге кенди мамлекетке алуу татаал болуп жатат деген суроого “Кумтөр” макулдашуусуна эл аралык макам берилип калганын айтып, мында эл аралык сотко берүү коркунучу бар экенин эскерткен:

“Биз эгерде бир эле токтом менен “Кумтөрдү” алып койсок, бул иштин аягы албетте, бизди эл аралык сотко алып келет. Бул соттошуунун баасы биздин мамлекетке 2 млрддан 5 млрд. долларга чейин болуп калышы мүмкүн. Басып алуу, тартып алыш эң эле жеңил жол. Бирок анын аркасы эмне болот деген маселе бар. Биз ошону жакшылап ойлонушубуз керек”.

Ал эми убактылуу депутаттык комиссияны жетектеген Садыр Жапаров бул өкмөттүн шылтоосу экенин айтып, кенди мамлекетке алууга каршы чыккандар тарых астында жооп берет деп айтканы белгилүү:

“Биздин Тышкы иштер министрлиги БУУдан жооп алышкан. Анда “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишим эч кандай эл аралык макамга ээ эместиги жана каттоодо жок экени көрсөтүлүптүр. Ошондуктан андан коркуштун кереги жок. Бул маселеде көзү өтүп кеткен Абсамат Масалиев менен Дооронбек Садырбаев сыяктуу биздин аксакалдардын чырылдаганы дагы деле менин көз алдымда турат. Анан бул маселени бүгүн чечпесек, анда буга тымызын бут тоскондор жана ачык каршы чыккандар качандыр бир учурда тарых алдында жооп берерине ишенем.”

Бир токтом жокко чыгып, экинчиси калтырылган жагдай

Өмүрбек Бабанов Данияр Үсөновдүн 2010-жылы 25-мартта кол койгон токтомун жокко чыгарып, бирок 2009-жылы Игорь Чудинов кол койгон токтомду калтырып койгон. Жогорку Кеңеш 2012-жылы 27-июндагы токтомунда мамлекеттик коруктун чек арасын кен казуу үчүн өзгөртүү боюнча премьер-министр Игор Чудинов кол койгон токтомду да жокко чыгарууну сунуштаган эле. Бирок ал токтом эмнеге жокко чыкпаганы сырдуу бойдон калды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 16 миң гектар жерди кайтарганын айтып, ага тагылган айыптоону абсурд деп атаган болчу:

“Мунун бардыгы аша чабуу. Абсурд. Мен премьер-министр болуп турганда «Кумтөргө» берилип кеткен 16 миң гектар жерди мамлекетке алгам. Ошондуктан бул иш аябай түшүнүксүз”.

Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турганда “Ала-Тоо Финанс” компаниясын түзүп, ага “Кумтөрдөн” 21 миллион доллар алганы парламентте сынга алынган. Бул каражат турак жай ипотекасын каржылоо долбоору деп аталган. Бирок кийин Бабанов бийликтен кетери менен ал мекеме жоюлган.

Экс-депутат Исмаил Исаков Бабановго бул боюнча доомат койгон жайы бар:

«Мына азыр өкмөт башчысы «Кумтөрдөн» демөөрчүлүк жардам алдык дейт. Бул эмне деген сөз. Өкмөт андай жардам сураганды токтотушу керек. Бул атайын барып, мажбурлап же болбосо суранган кайырчылык саясат. Андайды токтотуу керек. Мамлекет мыйзамдуу түрдө салыктарын гана топтоп, бардык мыйзамдуу болгон төлөм үлүшүн алып, башка жагынан ага көз каранды болбошу зарыл. Андан башка саясат болбошу керек. Демөөрчүлүк деген шылтоо менен акча алуу бул пара алуунун эле бир түрү».

Далилдерди талап кылган айыптоо

“Кумтөр” ишине байланыштуу мурдагы парламент спикери, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров, ошондогу үч комитеттин төрагалары, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Батырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камалган. Ошол кездеги президент менен өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрү Данияр Нарымбаев жана Динара Молдошевага да иш ачылды. Нарымбаев камалып, жаш балдары бар экени эске алынган Молдошева чет жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган. Алардын бардыгына Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган. Бул иш боюнча бир топ экс-депутаттар да күбө катары суракка чакырылды.

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева талашсыз далилдер табылбаса, бул иш саясий өч алуудан айырмасы болбой калат деп эсептейт:

“Биздин бешинчи чакырылыштын депутаттарынын арасынан кимдир бирөөлөр “Кумтөрдөн” акча алганын ачык сотто далилдеп, моюнуна коюп бергенде гана буга ынанбасаң. Азыр бир нерсе деш кыйын. Анткени, 2010-жылдан бери биздин өлкө өч алуу айлампасына түшүп калган. Ошондон чыга албай келе жатабыз. Азыр мен бир нерсени гана айта алам. Кайсы бир күмөн саноолор менен гана кармап, камакка алуу туура эмес. Ошондо кимдир бирөөлөр кандайдыр бир коррупциялык иштерге барганын укпаптырмын. Бир дагы депутатка кысым-басым болду дегенге кошула албайм. Бешинчи чакырылыштын парламенти аябай күчтүү, өз алдынча пикири бар депутаттардан турган болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аларды Кумтөр алтын кениндеги жемкорлукка айыптап, бирок ал саясатчылардын арасынан кимиси коррупциялык ишти уюштуруп, кимиси аткарган, катышкан жана ага жардам берген аракеттери кандай болгонун ачыкка чыгара элек. Тергөөнүн айыптоо корутундусунда бул иш “өлкөнүн ошол кездеги жетекчилиги менен келишип алып, уюшулган коррупциялык байланыш" катары мүнөздөлгөн. Бирок жактоочу тарап иштин фабуласында буйрук берген тараптын ким экени так аныкталып, анын аракеттерине укуктук мүнөздөмө берилген эмес деген пикирди карманууда.

Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов бул маселе иштин өзөгүн түзөрүн, ансыз айыптоо логикасынын күчү жок экенин айтты:

“Коррупциялык иш деген айыптоодо кимиси кайсы ролду аткарганы даана аныкталган эмес. Себеби, коррупциялык байланышта кылмыштуу бүтүм даярдоо үчүн иштин башында бирөө туруп, буюртма берген, аткарган жана көмөк көрсөткөн тараптар болот. Кылмыш ишинде ар биринин аракетине далилдердин негизинде так укуктук баа берилиши керек болчу. Бул жерде бардыгын эле дүңүнөн “коррупционер” деп мүнөздөп, бирок алардын аракетинен кылмыштын курамын аныктап бере албай жатышат”.

Тергөө: Узакбаевдин "уучу кур эмес"

Бирок жакында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерин жетектеген экс-депутаттар Талант Узакбаев жана Алмазбек Батырбеков тергөө менен кызматташканы үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү. 2012-жылы парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетин жетектеген Талант Узакбаев “бул иш шефтин көзөмөлүндө” экенин айтып, ошондуктан ага ылайыктуу чечим чыгаруу керектигин ишарат кылып, Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергени белгилүү болду. Бирок Зулпукаровдун адвокаты Жыргалбек Бабаев анын көрсөтмөсү мыйзамдуу күчкө ээ эмес дейт.

Узакбаев мына ошондой көрсөтмө бериптир деп уктум. Ал тергөө ишине мен катышкан жокмун. Башка адвокат катышкан. Бирок эми ал киши көрсөтмөсүндө “Зулпукаров мага мына ошентип шыбырап кеткен” дептир. Анысын бирок эч ким көрбөптүр. Ага далил болушу керек да. Көрсөтмө мыйзамдуу күчкө ээ болушу үчүн ал тиешелүү далилдер менен бекемделиши керек. Анан калса Узакбаев менен Зулпукаров экөө тең бирдей эле депутат болсо, ага кантип басым көрсөтө алмак эле. Зулпукаровдун колунда башка таасир эте турган ыйгарым укугу жок болсо, кантип анан ал комитеттин төрагасына “мына ушундай чечим чыгаруу керек” деп буйрук бере алат. Анан калса, ошентип айткан күндө деле Узакбаев аны угууга милдеттүү эмес эле да. Ал өз алдынча чечим кабыл ала турган комитет төрагасы болгон. Ошондуктан, анын каршы берген көрсөтмөсүн мыйзамдуу деп айтуу кыйын",деди Бабаев.

Убактылуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдагы тыянагы ийгиликсиз жыйынтыкталган. Ошондо кабыл алынган парламенттин токтомуна ылайык, Кумтөр кенин иликтөө өкмөткө тапшырылат. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына ошондогу экономика министри Темир Сариев бекиген.

Ал комиссиянын иши алты айга созулуп, “Кумтөрдөгү” мыйзамсыздыктар менен коррупцияны ырастаган менен экологиялык зыянды азайтып көрсөтүп, анда инвестициялык келишимди жокко чыгарууга байланышпаган тыянак чыгарганы Акылбек Жапаров жетектеген соңку мамлекеттик комиссиянын 17-майда Жогорку Кеңеште жарыяланган корутундусунда көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG