Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

"Мөңгүлөрдү сактабасак, чөлгө айланабыз"


Ак-Шыйрак массиви, Нарын дарыясынын жогорку агымы, Ысык-Көл облусу.
Ак-Шыйрак массиви, Нарын дарыясынын жогорку агымы, Ысык-Көл облусу.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда Кыргызстандагы жана Швейцариядагы мөңгүлөрдүн сүрөтү коюлду.  

Сүрөт көргөзмө коомчулуктун көңүлүн тез эрип жаткан мөңгүлөрдүн маселесине буруп, глобалдык жылуулук шартында сууну сарамжал колдонуу, мөңгүлөрдү сактап калууга өз салымын кошууга үндөйт.

Көргөзмөгө келгендердин бири, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Ильяс Каныбек алган таасирлери менен бөлүшүп, сүрөт көргөзмө терең ойго салганын айтып берди.

“Негизги идеясы - дүйнөлүк курч маселеге арналыптыр. Биздин келечегибиз мөңгүлөргө жана андан агып чыккан сууларга байланганын айгинелеп берди. Көргөзмө мага жана чогуу баргандарга чоң таасир калтырды. Жадагалса менин кичинекей бөбөктөрүм дагы биздин жашоодо мөңгү деген маанилүү нерсе бар экенин туя алды. Эң өкүнүчтүүсү көргөзмөдө сүрөтү коюлган мөңгүлөр кайдыгер мамиледен улам жок болуп кетчү болсо, тилекке каршы, алар биз көргөн акыркы мөңгүлөр болуп калабы деп кооптондум”.

"Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.
"Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.

Азыр коомчулукта кургакчылыктан улам түшүм болбой, тоют тартыш болот деген кооптонуулар айтылып жатат. Ушул маселенин өзү дагы мөңгүлөрдү сактоого кагылган коңгуроо сыяктуу. Мындай пикирин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Венера Эдилбек кызы бөлүштү.

Анын айтымында, аталган көргөзмөдө эрип жок болуп бараткан мөңгүлөрдүн аянычтуу сүрөтү коюлганы өзгөчө таасирдүү болду.

“Менимче мөңгүлөрдүн эрип бараткан көйгөйүн ушул бойдон калтырбай, мүмкүн болушунча кеңири аудиторияга алып чыгып, мындан дагы терең чагылдыруу керек. Ошол эле маалда бир гана борбордо эмес, башка региондордо да ушул сыяктуу көргөзмөлөр уюштурулушу маанилүү. Дегеле, бизде орчундуу болгон көйгөйлөрдү чагылдырган музейлер ачылса жакшы болмок. Сүрөттөр тууралуу айта турган болсом, көпчүлүгү кайгылуу экен. Мага мөңгүлөрдүн 60-70 пайызы эрип, 30-40 пайызы гана калгандай сезилди. Кыргыз тоолорундагы мөңгүлөрдүн жок болуп кетүүсү бир гана Кыргызстан үчүн эмес, Орто Азия үчүн да өкүнүчтүү жагдай жаратып, кургакчылыктын пайда болуусуна себеп болушу мүмкүн”.

Көргөзмөдө уюштуруучулар мөңгүнүн арт инсталляциясын орнотушкан. "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.
Көргөзмөдө уюштуруучулар мөңгүнүн арт инсталляциясын орнотушкан. "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.

Көргөзмөдө уюштуруучулар мөңгүнүн арт инсталляциясын орнотушкан. Ага келген коноктор климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө өздөрүнүн сунуштарын жазышат. “Тиш жууганда сууну өчүрүп коём”, “Пластикти азыраак колдоном”, “Бак-дарактарды отургузалы” деген сыяктуу сөздөрдү окууга болот.

Жерди прикладдык изилдөөнүн Борбордук Азия институту берген сүрөттөрдө Кыргызстандын мөңгүлөрү жана алардын абалы көрсөтүлгөн. Ошондой эле француз фотографы Лауренс Пиаженин сүрөттөрүндө Швейцариядагы Рона мөңгүсү чагылдырылат. Ал анын эрип кетишин басаңдатуу зарыл экендиги жөнүндө айтып, брезент менен жабылган. Бул сүрөт “Мөңгүлөрдүн агониясы” деп аталган туруктуу тоо сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнө Кыргызстандагы БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан сунушталган.

Швейцариядагы брезент менен корголгон Рона мөңгүсү.
Швейцариядагы брезент менен корголгон Рона мөңгүсү.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Дэвид Риннерт сүрөт көргөзмөдө мөңгүлөрдүн эриши алдыдагы жылдары улам курч суроолорду жарата берерин белгиледи.

Дэвид Риннерт.
Дэвид Риннерт.

“Биз баарыбыз эле Кыргызстандагы мөңгүлөр Орто Азия үчүн маанилүү ролду ойнорун билип турабыз. Ошону менен катар эле мөңгүлөрдүн эрип бара жаткандыгына себеп болгон факторлорду да түшүнөбүз. Адистердин соңку пикири боюнча Орто Азиядагы мөңгүлөрдүн запасы 30-40 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Бул алдыда суу запасынын 25-30 пайызга чейин азайуусуна алып келет. Мен бүгүн ушул жерде эксперттерге мөңгүлөрүбүздүн сакталып калышына дагы да жол табасыздар деген ишенимимди билдирип, аларга дагы бир ирет кайрылгым келет”, - дейт ал.

1970-жылдары советтик илимпоздор Кыргызстанда жалпысынан 8 миң мөңгү бар экенин изилдеп чыккан. Азыркы күндө алардын саны 10 миңге жакындап, бирок негизинен аянты кыкскарып жатат. Анткени айрым чоң мөңгүлөр эки-үчкө бөлүнүп кеткен.

Рыскул Усубалиев.
Рыскул Усубалиев.

“Мөңгүлөрдү сактап калуу өтө татаал маселе. Эң негизгиси эле дүйнөлүк масштабдагы парник газын азайтуу керек. Анын ичинде биздин өлкө да салымын кошушу керек деп ойлойм. Бизде кыш мезгилинде көмүрдү көп жаккандыктан шаарлар ышка толуп жатпайбы. Андан сырткары борбордо унаанын көпчүлүгү, табигый булганычтар, мына ушулардын баары мөңгүлөргө терс таасирин тийгизет. Эми биз колдон келген аракетибизди көрүп, альтернативдик жолдорду караштырышыбыз керек. Кыргызстандын мөңгүлөрүн изилдөө 2005-жылдан кийин гана активдүү жүрө баштады. Ага чейин уюштуруу, каржылык маселеден улам 10-15 жылдай токтоп калган”,-дейт тоо-кен илими боюнча адис, эколог Рыскул Усубалиев.

“Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи” деп аталган көргөзмө Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулду. БУУнун Өнүктүрүү программасынын айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча бөлүмүнүн байланыш адиси Мээрим Русланбекова иш-чаранын негизги максатын жана коомчулук кандай кабыл алганына токтолду.

Мээрим Русланбекова.
Мээрим Русланбекова.

“Сүрөт көргөзмөнүн максаты – коомчулукту айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакыруу жана климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн аянттарынын азайып бара жаткан маселесине көңүл бурдуруу. Көргөзмөгө катышкан айрым жарандар мөңгүлөрдүн эрип жаткандыгын, суу ресурстарынын азайышын билишсе дагы, көйгөйдүн мынчалык олуттуу экенин билбегенин айтышты. Айрымдары болсо бул көйгөйдүн бар экендигин билишкен жана көргөзмөдөн кийин бул көйгөйдү чечүү жолу маанилүү экендигин дагы бир ирет туюшту. Биз адамдар климаттын өзгөрүшүн башыбызга жүз жылдан кийин келүүчү көйгөй катары көрүп жүрө беребиз. Ошондуктан эрте аракет кылбасак кайгылуу көрүнүштөргө туш болушубуз мүмкүн”.

"Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.
"Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмөсү.

Бул долбоор БУУ өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда Улуу Британиянын кызматташуу жана эл аралык өнүктүрүү иштери боюнча тышкы иштер министрлиги (FCDO) менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылып жатат. Мөңгүлөрдү сактоо боюнча уюштурулган сүрөт көргөзмө кырктай сүрөт коюлду.

Чүй облусу, Көгүчкөн мөңгүсү.
Чүй облусу, Көгүчкөн мөңгүсү.

Кыргызстанда быйыл май айынын соңунан тарта “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору үчүн кол топтоо кайра уланууда. Муну “Азаттык” радиосуна долбоорду иштеп чыккан жумуш топтун мүчөсү, эколог Калия Молдогазиева ырастады. Элдик демилге жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кеминде 10 миң кол топтолушу керек.

Жогорку Кеңеш “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды 2013-жылы кабыл алган. Ага ылайык, мөңгүлүү бийик тоолордо тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чек коюлмак. Депутаттар бул мыйзам Кумтөр алтын кениндеги катачылыктарды эске алуу менен кабыл алынганын билдиришкен. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам ишке кирсе бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга негиз болорун айтып, ага кол коюудан баш тарткан эле.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG