Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Бишкекте "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу көргөзмө өтүп жатат


Эрип бараткан Давыдов мөңгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.
Эрип бараткан Давыдов мөңгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу көргөзмө коомчулуктун көңүлүн азайып бараткан мөңгүлөргө буруу, аларды сактап калуу, глобалдык жылуулук мезгилинде сууну сарамжалдык менен колдонууга чакыруу максатында уюштурулган. Саамалык 9-июлда аяктайт.

Аталган музейде 22-июндан тартып, «Муун байланыштырган өнөр» көргөзмөсү да өтүп жатат.

Экспозиция Александр Игнатьев жана анын үй-бүлөсү: жубайы Диль-Афруз Асылбекова, кызы Диль-Фируз, жана күйөө баласы Теодор Теодорович Герцендин сүрөттөрүнөн турат.

Александр Игнатьев (1906-1998) Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү. Анын чыгармачылыгы 1930-1970-жылдары Кыргызстанда көркөм өнөрдүн жаралышы жана өнүгүшү менен тыгыз байланышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG