Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Орусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты


Москванын четиндеги коронавируска чалдыккандарды дарылоочу оорукана. 2-июль, 2021-жыл.
Москванын четиндеги коронавируска чалдыккандарды дарылоочу оорукана. 2-июль, 2021-жыл.

Орусияда соңку бир сутка ичинде 25 142 миң адамдан коронавирус табылды. Бул январь айынан берки эң жогорку сан.

4-июлга карата расмий маалыматка ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Орусияда 663 бейтап COVID-19дан көз жумду. Натыйжада Орусияда коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы расмий саны 138 миңге чукулдады.

Бул аптада Орусияда беш күн катары менен COVID-19дан өлгөндөрдүн саны эң жогорку чекти көрсөтүп жатат. 3-июлда вирус 697 адамдын өмүрүн алганын расмий статистика көрсөткөн.

Орус бийлиги өлкөдө коронавирустун адеп Индияда табылган "дельта" варианты жайылып жатканын билдирүүдө. Адистер вирустун жаңы толкунунан көпчүлүк орусиялыктардын эмдөөдөн өтпөгөнү жана коомчулук арасындагы вакцинага каршы маанай себеп болгонун белгилеп жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда калктын 15% гана COVID-19га каршы вакцина алды. Бул аптада президент Владимир Путин элди эки анжы болбой, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG