Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Жапаров АКШ менен кызматташууну чыңдоого аракеттенерин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4-июлда АКШнын президенти Жо Байденди Американын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Байденге Кыргызстанга киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн аракеттенерин кошумчалады.

4-июль - АКШнын Эгемендик күнү. 1776-жылдын 4-июлунда өлкө эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти быйыл март айында 13 өлкөнүн, алардын арасында Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрдү алган. Чектөөлөрдү мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Буга себеп катары Кыргызстан жарандарды электрондук биометрикалык паспорт менен толук камсыз кылбаганын мисал келтирилген.

Ага чейин, 2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев кызматташууну үзүү демилгесин көтөрүп, кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган.

Буга ошол кезде АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгы себеп болгон. Сөз болгон келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган эле.

Кийинчерээк АКШ тарап өкмөттөр аралык кызматташтык боюнча жаңы долбоорду сунуш кылган.

АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган жана ири донорлордун бири. Вашингтондун 2019-жылдагы расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG