Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

Тажикстанга качып өткөн ооган аскерлери 300дөн ашты


Ооганстан менен чек арадагы тажик аскерлери.
Ооганстан менен чек арадагы тажик аскерлери.

Ооганстандын түндүгүндөгү талибдер басып алып жаткан аймактардан 300дөн ашуун аскерлер Тажикстанга качып өтүштү. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматы 3-июлда кабарлады.

Жоокерлер Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районуна качып өтүштү. Ушуну менен Ооган коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери акыркы эки жума аралыгында үчүнчү жолу Тажикстанга качып киришти. Маалыматта айтылгандай, кырдаал Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясындагы бир катар айылдарды жана чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин курчуган.

"Талибан" кыймылы акыркы аптада ондогон аймактарда бийлигин орнотту. Бул АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан учурда болууда. Эл аралык күчтөрдүн биротоло чыгарылышы өлкө борбору Кабулдагы өкмөттүк бийлик талибдер тарабынан кулашына алып келиши ыктымалдыгы айтылууда.

Тажикстан курамына кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башчысы Ооганстандагы кырдаал курчуп баратканы кабатырлантып жатканын, тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн кошумча колдоо зарылчылыгы мүмкүн экенин 3-июлда журналисттерге билдирди.

Ооганстандан аскерлерин чыгарып жаткан учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 1-июлда Өзбекстандын жана Тажикстандын элчилери менен жолугуп, ооган маселеси тууралуу сүйлөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG