Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:59

COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жукту


Автобустун кире беришиндеги жазуу. Бишкек. Май, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалымдашынча, 3-июлда илдеттен 10 адам көз жумду. Анын ичинде 5 адам Бишкекте, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 адам катталды.
Жалпысынан оорудан көз жумгандардын саны 2037 адамга жетти.

Акыркы суткада коронавирус 1401 адамдан табылды.

Бишкек шаарында – 907;
Ош шаарында 50;
Чүй облусунда – 175;
Ош облусунда – 20;
Талас облусунда – 13;
Нарын облусунда – 17;
Ысык-Көл облусунда – 32;
Жалал-Абад облусунда – 105;
Баткен облусунда – 82 адам.

Ушуну менен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 адам болду. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайды.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы 23-мартта алгачкы жолу катталган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG