Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Ошто тургундар темир заводу абаны булгап жатканын айтышууда


Арматура чыгарчу темир завод.
Арматура чыгарчу темир завод.

Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын 20га чукул тургуну 2-июль күнү арматура чыгарган заводдун жанына чогулушту. Алардын билдиришинче ишкана түндө да иштеп, экологияга зыян келтирүүдө.

Чогулгандардын бири Тургунбай Алдакулов заводдун акыркы беш айдан бери абаны кечкисин булгап жатканын байкаган. Ал жалаң үйлөрдүн курчоосундагы ишкананы көчүрүп кетүү керектигин айтууда.

«Акыркы эки жылдан бери, анын ичинде беш айдан бери чыдап болбой калды. Айрыкча түнкү саат 12ден кийин башталат. Жайдын күнү терезени ачып болбойт. ХБКдагы (Манас-Ата кичи району) көп кабаттуу үйлөрдү аралап кирип кетет. Бул жерде чоң экологиялык мыйзам бузуу болуп жатат. Айлана тегереги бүт эле үйлөр. Муну көчүрүп кетиш керек».

Өндүрүштүн ишине нааразы болуп чогулгандар. 2-июль, Ош шаары.
Өндүрүштүн ишине нааразы болуп чогулгандар. 2-июль, Ош шаары.

Жергиликтүү тургундар заводдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө, өздөрүнүн талаптарын жеткирүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпагандыктан мэрияга арыз менен кайрылышкан.

Мэриядан атайын комиссия түзүлүп, 2-июль күнү ишкана текшерилди. Комиссиянын мүчөсү, Ош мэриясынын кызматкери Рысбек Кулов жыйынтыгы чыкканда расмий жарыяланаарын билдирди.

«Азаттыктын» кабарчысына заводго кирүүгө, жетекчилиги менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Жергиликтүүлөрдүн айтымында ишканада кытайлыктар бир нече жылдан бери эмгектенип келет.

Ишкананын дарбазасы ачылган учурда тартылган сүрөт.
Ишкананын дарбазасы ачылган учурда тартылган сүрөт.

Буга чейин тургундар Жапалак айыл аймагында жайгашкан арматура чыгарчу темир заводу жабууну талап кылышкан. Мэр Таалайбек Сарыбашов жергиликтүүлөр менен жолугуп, ушул жылдын 1-февралында убактылуу жабылган.

Жапалактыктар өндүрүштөн чыккан түтүн аларды «уулап» жатканын, ошондой эле андан чыккан саркынды суу «эл ичүүгө пайдаланган каналга куюлганын» айтып даттанышкан. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG