Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Кочкордон табылган байыркы буудай


Иллюстрациялык сүрөт.

Үй жаныбарларынын көбөйүшү кантип илбирстердин азайышына себеп болду? Кочкордо табылган байыркы буудай Литвада изилденди. Былтыркы “кара июль”  дарыгерлерге кандай таасир этти? “Азаттыктын” “Илим жаңылыктары” рубрикасы бул ирет Кыргызстандагы илимий изилдөөлөргө арналды.

Жайыт “талашкан” жаныбарлар, азайган илбирс

Акыркы жылдары илбирстердин саны кескин азайып кеткени айтылууда. Бул кабар окумуштууларды тынчсыздандырып келет.

Илбирстердин азаюусун шарттаган көп факторлордун бири катары үй жаныбарларынын көбөйүшү.

Бул боюнча “Илбирс фондунун” кызматкери, UNEP уюму менен биргеликте "Жоголуп бараткан баалуулуктар” долбоорунун үстүндө иштеп жаткан Рахим Куленбеков билдирди.

Анын айтымында, үй жаныбарларынын көбөйүшү менен илбирстердин негизги азыгы болгон кайберен азаюуда. Буга аңчылык, экинчиден жаныбарлар оттогон жайыттардын тарып жатышы себеп.

Бул боюнча кенен түшүндүрмө алуу үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча көз карандысыз эксперт, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагын байырлаган илбирстерди сактоо боюнча долбоорлорго катышып келе жаткан окумуштуу Штефан Михелге кайрылдык.

Ал илбирстердин санынын кыскарышына азыктануу объектилеринин жетишсиздиги себеп экенин айтып, буларга токтолду:

"Тоо эчки, тоо теке жана аркар сыяктуу жаныбарлар илбирстин негизги азыгы. Малдын көбөйүшү менен эчки-текенин тоют базасы кыскарып жатат. Жер кыртышынын, жайыт, жайлоолордун деградациясы байкалууда. Малдан тышкары малчылар жана алардын иттери да жапайы жаныбарлардын алар үчүн ыңгайлуу жерден сүрүлүшүнө себеп болууда. Аркар-текелер үй жаныбарларынан, топоздордон коркпошу мүмкүн бирок адамдан коркот. Жайлоодо мал күзгө чейин турат. Ал убакта жапайы жаныбарлар үчүн тоют калбай калат. Алар бул жерлерди кышкы азык катары пайдаланышмак да. Чечим катары жайлоого май жаюунун убактысын же жайылган малдын санын чектөө сунушталат".

Окумуштуунун айтымында, акыркы жылдары мал көбөйүп, мурда колдонулбаган жаңы жайыттарды өздөштүрүү иши дагы жанданды. Ошол эле учурда илбирс азыктанган жапайы жаныбарлар байырлаган жайыттар жол же көпүрө куруу үчүн да өздөштүрүлүп жатканын белгиледи. Ал мындай иштер өз кезегинде илбирстерге коркунуч жаратат деп эсептейт.

Штефан Михель көйгөйдү чечүү жолун азырынча так айтып бере албай турганын моюнга алды. Бирок бул нерсеге көзөмөл жүргүзүп, мал жаюу, кашар салуу же курулуш иштерин баштоо үчүн жаңы жайыттарды өздөштүрүүдө ал жерди мекендеген аркар-кулжаларды, илбирстерди эске алууну, колдон келсе андай жерлерди атайын белгилеп, чектөө киргизүүнү сунуштады.

Кочкордон табылган байыркы буудай менен арпа

Июнь айынын башында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында байыркы турак жай жана буудайдын, арпанын күйгөн калдыктары табылганы белгилүү болгон.

Бул изилдөө иштерин литвалык окумуштуу, археоботаник Гедре Мотузайте, тарых илимдеринин кандидаты, археолог Кубат Табалдиев жана кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери жүргүзгөн.

Учурда бул казуулар маалында табылган баалуу табылгалар атайын анализден өтүүдө. Анын жыйынтыктары боюнча изилдөөгө катышкан студент Исламидин Нурдинов буларды айтып берди:

"Кочкордун Кара-Суу айылында табылган байыркы тургун жайды казуу учурунда табылган күйгөн буудай, арпаны Литвага алып барып радиоуглероддук анализ жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында мындан 4500 жыл мурдагы мезгилге таандык экендиги аныкталган. Мындан улам, окумуштуулар бул жерди Кыргызстандын тоолуу аймагындагы эң алгачкы жер иштетүүчүлүктүн орду деген жыйынтыкка келип отурат. Кызыгы, мындай табылга Кыргызстандын тоолуу аймагынан табылып жатканы кызыгуу жаратат. Жакынкы Чыгыш менен Кытайдын ортосунда дыйканчылык болгонбу деген суроо дайыма болуп келген. Бул табылга мына ошол суроого жооп".

Исламидиндин айтымында, табылган буудай Жакынкы Чыгышта өскөн буудайларга окшош. Демек Кыргызстанга дыйканчылык ушул аймактан келген. Ал эми арпанын белгилери Кытайда өскөн арпаларга дал келип жатат. Демек, арпа өстүрүү биздин аймакка Кытайдан келген деген тыянак бар.

Дарыгерлерднн жашоосун өзгөрткөн “кара июль”

2020-жылдын июль айында коронавирус илдетин жуктуруп, каза болгондордун саны эң жогорку көрсөткүчкө жетип турган.

Ал күндөр эл эсинде “кара июль” деген ат менен калды. Ошол күндөрү кызыл зонада иштеген дарыгерлер, калкка моралдык колдоо көрсөтүп иштеген психологдор өздөрү бул окуядан кандай жапа чегишкен?

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессорлору жана магистранттары пандемиянын дарыгерлерге жана психологдорго тийгизген таасирин изилдеп жатат.

Коронавирустун тийгизген таасири боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр көп болгону менен, ал күндөрү вирус менен күрөшкөн дарыгерлердин алган таасири боюнча эч кандай изилдөө болбой жатканы изилдөөчү топтун көңүлүн бурган.

Алар былтыр "кызыл зонада" иштеген 10 дарыгер жана бир канча психиолог менен деталдуу психологиялык интервью уюштурушуп, учурда топтолгон маалыматты анализдеп жатышат.

Изилдөө тобунун мүчөсү, психолог Айгүл Аликанова учурдагы жыйынтык жөнүндө буларга токтолду:

"Медицина кызматкерлеринин ой жүгүртүүсүндө кандай өзгөрүүлөр болгонуна басым жасадык. Ооруга, бейтапка, коронавируска, мамлекетке, жакындарына болгон мамилеси кандай өзгөргөнүнө токтолдук. Албетте, баары жаман таасир алышкан. Ошол күндөрү "кызыл зонада", өмүргө коркунуч жараткан шартта иштеп жүргөндүктөн, коркуу сезими ушул күнгө чейин сакталып калган. Байкашым боюнча, психологдор өздөрүнө жардам бере алышкан. Адам катары реакция болгону менен, адис катары ал абалдан оңой чыгышкан. Медиктер да өздөрүнө жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү болушканы байкалат. Дагы бир фактор катары алар социалдык медианын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирин аташты. Кээ бирөөнө бул нерсе башкаларга жардам көрсөтүүгө же жардам алууга түрткү берген. Ал эми кээ бирөө үчүн ашыкча негативдүү маалымат терс таасир калтырган".

Кочкордон табылган байыркы буудай
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:01 0:00
Түз линк

Айгүл Аликанованын айтымында изилдөө күз айларында толук аягына чыгат. Изилдөөчүлөр тобу бул изилдөө дарыгерлердин ой жүгүртүүсүн өзгөртүп, жалпы коомчулуктун былтыркы окуялардан туура жыйынтык чыгара алышына көмөкчү боло алат деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG