Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:54

NASA Чолпондогу "тозокту" изилдейт


Чолпон планетасы.

Таңдайды такылдатуу менен эхолокацияны үйрөнсө болот. “Тозокко окшош дүйнө” изилдене баштады. Лазердик микроскоптордун доору аяктап баратат. “Азаттыкта” кайрадан илим жаңылыктары.

Адам 10 жуманын ичинде эхолокацияны үйрөнө алат

Эхолокация – көп учурда дельфин жана жарганатка мүнөздүү деп сыпатталган жөндөм. Бирок бул жөндөмдү көзү азиз адамдар да колдонуп, үн чыгаруу аркылуу айланасындагы заттардын көлөмүн, турган ордун аныктай алат. Бул үчүн айрымдар атайын таякчаларды колдонсо, айрымдары манжаларынын жардамы менен үн чыгарат.

Мындай жөндөмгө адам туруктуу машыгуу аркылуу 10 жуманын ичинде ээ боло аларын Британиянын окумуштуулары атайын тажрыйба аркылуу далилдешти. Эми каалаган адам таңдайын такылдатып, андан чыккан үндүн жаңырыгы аркылуу айланасындагы заттардын жайгашкан ордун, көлөмүн аларды көрбөй туруп эле аныктай алат. Изилдөөчүлөрдүн тажрыйбасына көзү тубаса азиз 12 адам жана көзү көргөн 14 ыктыярчы катышкан. Аларга үн чыгарып, ал үндүн жаңырыгы аркылуу айланасындагы заттардын ордун жана көлөмүн аныктоону үйрөтүү үчүн 10 жума жетиштүү болгон.

Кыргызстандагы Көзү азиздер федерациясынын аткаруучу директору Гүлназ Жүзбаева дагы бул тажрыйба жөнүндө уккан. Ал дүйнөлүк окумуштуулар сунуштап жаткан таңдай такылдатуу аркылуу эхолокацияны ишке ашыруу ыкмасы тууралуу буларга токтолду:

"Кичинекей балдар кээде таңдай такылдатып, түрдүү үн чыгарып ойноп калышат эмеспи. Ошондуктан, аны аткарууга мүмкүн болсо керек. Бирок азыркы учурда бизде андай ыкма жок. Биз эхолокация үчүн атайын ак таякчаларды колдонобуз, таңдай такылдатпайбыз. Кээ бир жерде андай эхолокация иштебей калышы мүмкүн. Мисалы, биздин шаардын инфраструктурасы башка өлкөлөрдөгүдөй эмес. Айталы тротуарлар тегиз эмес, тепкичтер көп, люктар ачык. Аларды кантип билебиз? Таңдай такылдатуу менен бийик турган нерселерди аныктаса болот, бирок кичине нерселерди аныктоодо бул болбогон нерсе".

Гүлназ Жүзбаеванын айтымында учурда алар уюштурган тренингдерде ак таякча аркылуу багыт алууну алты айда өздөштүрүүгө мүмкүн. Ошондой эле, ал бул нерсени тубаса көзү азиздер тезирээк үйрөнөрүн да айтып өттү.

(Булак: https://www.sciencealert.com/blind-and-sighted-people-can-learn-to-echolocate-in-as-few-as-10-weeks)

NASA Чолпон планетасын изилдөөгө киришти

NASA космос агенттиги Чолпон (Венера) планетасын изилдөө үчүн DAVINCI+ жана VERITAS деп аталган эки миссияны сунуштады. Эки миссиянын тең максаты – Жер планетасына окшош планета кантип “тозокко окшош дүйнөгө” айланып калганын түшүнүү.

DAVINCI+ миссиясы Чолпон планетасынын атмосферасын изилдейт. Ошондой эле, мурда Чолпондо океан болгонун же болбогонун аныктайт. Ал эми VERITAS миссиясы аталган планетанын бетин картага түшүрөт.

Бул миссиянын алкагында NASA Чолпондун геологиялык тарыхын изилдеп, “Эмнеге Чолпон планетасы Жерден айырмаланып, башкача жол менен өнүгүп отурган?” деген суроого жооп издейт.

Ал эми европалык космикалык агенттик Чолпон планетасына EnVision деп аталган орбиталык аппарат учурууну көздөп жатат. Ал VERITAS жана DAVINCI + миссиялары үчүн кошумча маалымат топтоп бермекчи.

Бир эле учурда Чолпонго ири үч миссияны баштоо жаңылыгын окумуштуулар жогору баалап жатат. Ал эми бул изилдөөлөр 2028-2030-жылдарга пландаштырылган.

(Булак: https://www.sciencenews.org/article/nasa-venus-mission-davinci-veritas-space-planetary-science)

Клеткаларды деталдуу көрүүгө жол ачкан кванттык микроскоп

Австралиядагы Квинсленд университетинин окумуштуулары кванттык микроскоп ойлоп таап, илимий секирик жасашты. Эми кванттык микроскоп менен мурда көрүүгө мүмкүн болбогон биоклеткалык түзүмдөрдү көрүүгө жол ачылды.

Кванттык микроскопту жасаган окумуштуулардын тобун жетектеген Уорвик Боуэндин айтуусуна таянсак, биз билген лазердик микроскоптордун бир кемчилиги бар. Лазердик микроскопторду жасоодо күн нурунан да интенсивдүү жарык колдонулат. Бул нерсе аны сапаттуу кылганы менен изилденип жаткан биологиялык үлгүнү күйгүзүп, изилдөөгө жараксыз кылып коет.

Боуэн өзүнүн кесиптештери менен бул көйгөйдү чечүү жолун табышты. Алар эки лазердик жарыгы бар микроскоптун бир жарыгын атайын иштелип чыккан кристалл аркылуу өткөрүшкөн. Бул ыкма лазердик нурдагы жарыктын бөлүкчөлөрүнө кванттык корреляция жүргүзүү аркылуу ишке ашкан.

Ошентип, кванттык микроскоптун пайда болушу менен биологиялык үлгүлөргө деталдуу байкоо жүргүзүүгө жол ачылды. Ошол эле учурда алардын түзүмү зыян тартпайт. Боуэн жарык колдонулган микроскоптор залалдуу клеткаларды изилдөөдө же башка ооруларды аныктоодо колдонуларын айтты. Демек, кванттык микроскоп бул процессти жакшырта алат.

(Булак: https://www.newscientist.com/article/2280216-quantum-microscope-can-examine-cells-in-unprecedented-detail/)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG