Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

Адамдын мээсин башкаруу мүмкүнбү?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жасалма акыл чиби чочкодон кийин адамда сыналат.

Өткөн жумада америкалык ишкер, миллиардер Илон Маск илимий чөйрөдө дагы бир чоң жаңылык жасады.

Эки айдан бери мээсине орнотулган чип менен жашап жүргөн чочкону көрсөтүп, «мына, Гертруда, ден соолугу чың, бактылуу, жашоону сүйгөн чочко» деген Маск жакын арада жасалма акыл чиптерин адамда да сынап көрүүгө мүмкүн болорун кабарлады.

Мээге орнотулчу мындай имплантат омурткасы сынып, шал болуп калгандарга, сүйлөө, басуу жөндөмүнөн ажырагандарга, Альцгеймер оорусу сыяктуу эстутуму начарлап, акыл-эс ооруларына чалдыккандарга жардам бере алат. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефондогу, смартфондогу атайын программага чыгарат.

Адамдын мээсин компьютерге тутуштырууну кыялданган миллиардер-ишкер «Neuralink Corp» компаниясын негиздеп, жасалма интеллект - мээге салына турган «Нейролинк» аттуу жаңы технологиянын үстүндө төрт жылдан бери иштеп келет.

Ал жасалма акыл чиптерди ойлоп табууга 100 миллион доллардык инвестиция салып, бир нече өлкөдөн жүздөгөн окумуштууларды ишке тарткан.

«Баш сөөктү ачып, тыйындай болгон жерге робот чипти орноштурат. Имплант ал жерге чапталып, сиз аны менен жүрө бересиз», - деп түшүндүрөт кыялеч-инвестор. «Бул имплантта дене табын, кан басымын ченеген акылдуу саат менен телефондордогудай эле сенсорлор бар. Чынында, бул аппарат андан көп функцияларды аткара алат. Мисалы, сиздин ден соолугуңузга көзөмөл салып, инсульт, жүрөгүңүздүн чыңалышы жана башка коркунучтар тууралуу алдын-ала кабар берет. Керек болсо мээңизге музыка коюп бере алат. Бул сиздин телефон мээңизге түшүп калгандай».

Маалыматка караганда, диаметри сегиз миллиметр болгон чипти адамдын же жаныбардын мээсине бир сааттын ичинде орнотуп, кайра эле ден соолукка эч зыянсыз алып коюуга мүмкүн.

Былтыр июлда Маск «Нейролинк» технологиясы тууралуу жарыялап жатып, жасалма акыл чиптери келемиштердин мээсине орнотулуп текшерилгенин, жакын арада маймылда тажрыйбадан өтөрүн билдирген.

Илон Масктын айтымында, келечекте бул технологияны колдонгон адамдардын сүйлөшпөстөн эле, аралыктан пикир алмашуусуна шарт түзүшү ыктымал.

Дүйнөлүк окумуштуулар бул чиптер неврологиялык бейтаптар үчүн чоң табылга деп баалашат.

Буга чейин АКШнын Коргонуу долбоорлору боюнча башкы агенттиги нейротехнологиялык импланттарды аскердик максатта пайдаланууга кызыгып келген. Ал эми Кытайда окумуштуулар баңгизатка көз каранды адамдарга жасалма интеллекти бар имплант тагып, бейтаптарды көзөмөлгө алууну ишке ашырган.

Илон Маск электромобилдерди чыгарчу «Tesla» компаниясын жана космоско туристтерди ташуучу «SpaceX» компаниясын негиздеген. Бүгүн анын байлыгы 83, 6 миллиар долларга тете деп бааланат.

Быйыл майда «SpaceX» корпорациясы эки астронавт менен учурган «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос станциясына чыккан. Адамзат тарыхында биринчи жолу жеке ишкердин компаниясы чыгарган техника менен адам космоско учкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG