Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 13:01

Гориллалар да тууганчыл болушат


Вирунг улуттук паркынын көзөмөлчүсү Патри Карабаранга жетим горилланы ойнотуп жүрөт. Конго Демократиялык Республикасы. 2012-жыл.

Такай жашылча-жемиш жеген адамдар арасында семиздер менен диабеттер аз болушат. Гориллалар да тууганчыл болушат. Электр энергиясын өндүрчү жана суу тазалоочу күн панели. Айбанаттардын жүрүм-туруму Айдын жарыгына көз каранды.

Электр энергиясын өндүрчү жана суу тазалоочу күн панели

Панелдин арткы бөлүгүндөгү күн элементтери электр кубатын өндүрүү үчүн Күндүн жарыгын чогултушат. Күн панели бөлгөн жылуулук дистилляторундагы сууну бууга айлантат. Дистиллятордун бир нече катмар полистрол мембранасы туздуу, шор жана ылай суудагы булганч заттар менен туздарды сүзүп алат. Буу көңдөйлүү полистрол мембрана аркылуу өтүп, таза суу чогулчу идишке жыйналат.

«Бул күн элементинин электр кубатын өндүрүүсүнө таасир этпейт, - дейт изилдөөнүн со-автору Пэн Ван (Peng Wang).​ - Ошол эле учурда сизге таза сууну бонус иретинде берет».

Профессор Пэн Ван Сауд Арабиясынын Тувала шаарындагы Абдалла падыша атындагы илим жана технология университетинин инженери.

Инженерлер түшүндүргөнгө караганда, асман чакчайып ачык болгон күнү кремнийден жасалган күн элементинин эффективдүүлүгү 11% жуук болот.

Эки функциялуу күн панелдери жашыл энергия өндүргөнгө катар таза сууга болгон талапты канааттандырууга чоң огожо. Бүгүнкү суу тазалоочу системалар электр кубатын көп керектешет жана алар үчүн өзүнчө инфраструктура керек.

АКШ жана Батыш Европада таза суунун 50% жакыны электр энергиясын өндүрүүгө сарпталат. Араб өлкөлөрүндө өндүрүлгөн энергиянын 15% көбү деңиз суусунан таза суу алганга кетет.

Бүгүн дүйнө жүзүндө 780 миллион киши таза сууга муктаж. Профессор Вандын айтышынча, алар күнүнө таза сууга жетүү үчүн 200 миллион саат коротушат.

Бул жабдууну туздуу сууларды, ошондой эле деңиз сууларын оор металлдардан тазалоо үчүн пайдалануу мүмкүн. Мындай сууда аз өлчөмдө коргошун, натрий, кальций, магний бар жана андай сууну ичкен кишинин ден соолугу үчүн кооптуу деп эсептейт Дүйнөлүк саламаттык уюму.

Лабораторияда өткөрүлгөн эксперимент кезде аталган жабдуунун прототиби Күндүн жарыгынын 11% жакынын электр кубатына айландырган. Экспериментте Күндүн ордуна кубаттуу лампа колдонулган. Коммерциялык солярдык элементтер демейде Күндүн жарыгынын 10-20% чейинин пайдалуу энергияга айландырышат.

Ушул эксперименттин негизинде диаметри 1 метрге жуук жабдык саатына 1,7 кг таза сууну сүзүп алары айтылат. «Бул ырасында эле жакшы инженердик иш»,- дейт жогорудагы изилдөөгө катышпаган инженер Жорж Ни (George Ni).

Жорж Ни дүйнөдөгү жана АКШдагы кадыр-барктуу Массачусетс технологиялык институнда аспирантурада окуп жүргөндө сууну дистилляциялоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.theguardian.com, https://www.nature.com)

Гориллалар да туугандашып жашайт

Горилла маймылдары арасындагы карым-катнаш, туугандык жана социалдык байланыштар адамдар ортосундагы коомдук катнашка окшошуп кетет. Муну Британиянын Кембриж университетинин (University of Cambridge) аалымдары аныкташты.

Д-р Робин Моррисон айым жетектеген илимий группа Конго Республикасында эки жайда жүздөгөн талаа горилласынын (Gorilla gorilla gorilla) социалдык жүрүм-турумуна алты жыл байкоо жүргүзгөн. Изилдөө береги гориллалар арасында бир нече деңгээлдеги жакындык, туугандык жана түрдүү социалдык байланыштагы өнүккөн коомдук түзүлүш бар экенин айкындаган.

«Гориллалар убактысынын көбүн чытырман токойдо өткөрүшкөндүктөн өз арасындагы кишиге көнүү үчүн эчендеген жылдар керек болушу мүмкүн. Алар дараксыз саздарга суу өсүмдүктөрүн даам татканы келишет. Изилдөөчүлөр көп жылдар бою гориллалардын таң азандан күн батканга чейинки жашоосун билүү үчүн кароолканаларын ушундай жайларга орнотушат»,- дейт Робин Моррисон.

Гориллаларда үй-бүлөсүнөн сырткары таяке-таежелери, чоң ата-чоң энелери, аталаш ага-эжелери (ини-карындаштары), бөлөлөрү кирген коому болот. Коомго болжолдуу түрдө 13 маймыл биригет. Андан чоң коом 39 горилладан турат. Антропологдор гориллалардын мындай түзүлүшүн кишилердин эң байыркы уюмдашкан отурукташуусуна окшоштурушат.

Эгер коомдо үстөмдүк кылган ургаачы гориллалар өз ара тууган болушса, алар көбүнесе бир группада жашоосу мүмкүн. Өкүмдар ургаачылар жакын тууган болушпаса да, бир социалдык группанын анабашылары катары өз ара жакшы мамиледе жашашат.

«Ургаачылардын өмүрү бир нече группада өткөндүктөн, жакын тууганчылыгы жок эркек гориллалар өгөй бир туугандар сыңары бир наталдык группада чогуу жашай беришет, - дейт д-р Моррисон.- Ушинтип улуу курактагы маймылдар арасында социалдык мамиле өнүгөт. Муну дос кишилердин бири биринин компаниясында убакыт өткөрүүсүнө окшоштурса болот».

Эркек гориллалар бойго жеткен кезде үй-бүлөсүнөн кетип, бойдоктордун үйүрүнө кошулуп жашашат.

Окумуштуулардын ырасташынча, гориллалардын чоң үйүрлөрү жылына бир жолу фестивалга окшош жыйын курушат. Алар мындай жыйынга демейде сүйүктүү жемиштерин жыйноо үчүн чогулушат деп боолгошот антропологдор.

«Тамак-ашты өз ара кызматташып издеген жакшы», - деп түшүндүрөт Моррисон айым.- Гориллалар өмүрүнүн башында көп убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүшөт. Ушу кезде тамак тапканга тийиштүү жөндөмгө үйрөнүшөт».

Гориллалар ортосундагы татаал социалдык структура - адамдар менен алардын түп атасы гомини́д (лат. Hominidae) үй-бүлөсүндө бир болгонун күбөлөйт, деп бүтүм жасашат илимпоздор.

«Биздин изилдөөлөр жоголуу коркунучу астындагы жаныбарлар абдан акылдуу жана мыкты өнүккөнүн, кээ бирөөлөр мактанып айткан сыңары кишилер алардан өтө деле өзгөчөлөнбөгөнүн дагы бир жолу шарданалады»,- дейт д-р Моррисон.

(Булагы: http://www.sci-news.com, https://technology.inquirer.ne)

Жашылча-жемишти күн сайын жегендин пайдасы

Жашылча-жемиш ден соолукка пайдалуу диетанын негизин түзөт жана кишинин саламаттыгын жакшыртчу клетчатка, калий, магний, антиоксидантарга өтө бай. Ошондой эле жемиш менен жашылчаны такай жеген адамдар арасында семиздер менен кант диабетине чалдыккандар аз болушат.

Жаңы изилдөө жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын дээрлик 23% өлүмү жашылча-жемиштерди жетиштүү жебегенге байланыштуу экенин айкындаган. 2010-жылы жемиштерди аз жегендин кесепетинен жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылап 1,8 миллион киши жайран болгон. Ал эми жашылчаны аз жегендин айынан 1 миллиондой адам дүйнө салган.

«Жемиш жана жашылча – дүйнөдө өлүмдүн алдын алууга таасир этүүчү модификацияланган рациондун компоненти. Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы бүтүн дүйнөдө жемиш жана жашылчаны көп жегенге элди үйрөтүү зарылдыгын тастыктайт»,- дейт изилдөөнүн жетектөөчү автору, д-р Виктория Мюллер.

В. Миллер айым АКШнын Тафт университетинин илимий кызматкери (Victoria Miller, Friedman School of Nutrition Science and Policy at Tufts University).

Жемиш жана жашылчаны кайра иштетилген тамак-аш азыктары, же эт, сүт азыктары менен алмаштыруунун ден соолукка олуттуу зыян келтирчү негативдүү жактары бар экенин белгилешет окумуштуу-диетологдор.

Проф. Дариуш Мозаффарян (Dariush Mozaffarian) белгилегендей, глобалдык деңгээлден алганда, тамак-ашта салт боюнча калориясы, витаминдери, туз менен канты аз кошумча заттарга басым жасалат. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы, окумуштуунун айтышынча, жемиш, жашылча жана буурчак сыяктуу организмге пайдалуу азыктарга кеңири болуп, көп колдонуу зарылдыгын жана аларды керектөө дүйнө элдеринин саламаттыгын жакшыртууда чоң потенциал болорун шарданалайт.

Диета боюнча сунуштар бардык өлкөлөрдө бирдей эмес. Бирок бардык рекомендацияларда күнүнө 300 грамм жемиш (эки алма) жеш керектиги сунуш этилет. Вегетариандар үчүн күнүмдүк стандарттык норма 400 грамм. Буга жемиш менен жашылчанын бардык түрү, анын ичинде буурчак да кирет. Аталган жашылча-жемиштин калориясы үч сабизге барабар.

Изилдөөгө караганда, жемиш жана жашылчаны жетишсиз жегенден эркектер көп жабыркайт. Себеби аялдар эркектерге караганда иреттүү тамактанышып, жашылча-жемишти көп жешет.

"Жашылча-жемиштерди жетиштүү жебегенден жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот; мунун таасири кайсы өлкөлөрдө, кишинин жаш курагы жана жынысы боюнча кенен аныкталган эмес».

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.healio.com)

Айдын жарыгы жана айбанаттардын жүрүм-туруму

Айдын нуру жана жарыгынын деңгээли жан-жаныбарлардын төлүнө, азык издөөсүнө, өз ара мамилесине («сүйлөшүүсүнө») таасир этиши ыктымал. «Жарык, балким, айлана-чөйрөдөгү азык-түлүк ресурстарынан кийинки эле жаныбарлардын жүрүм-турумуна жана физиологиясына таасир этчү маанилүү фактор болушу мүмкүн»,- дейт Шотландиянын Глазго университетинин экологу Дэвид Доминони (Davide Dominoni, University of Glasgow).

Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, Айдын жарыгы арстанга олжо болчу айбанаттардын жүрүм-турумуна, бок коңуздун багыт тандоосуна, балыктардын өсүшүнө, куштардын миграциясына, атүгүл сайроосуна таасир этет.

Танзанияда жашоочу серенгети арстандары – түнкү аңчылар катары таанымал. Алар айбанаттарга, ошондой эле кишилерге Айдын мерчеми (цикли) салыштырмалуу караңгы кезде (фаза) буктурмадан кол салышат.

Америкалык эколог Мередит Палмер (Meredith Palmer, Princeton University) жана анын кесиптештери 1300 чарчы чакырымдык аймакка 225 видеокамера орнотуп, серенгети арстандары гну антилопасы, зебрага, буйволго кандай аңчылык кыларын изилдешкен. (Бул айбандар негизи чөп менен тамактанышт жана өмүрү үчүн кооптуу караңгы түндө да курсактын айынан оттоп жүрө беришет). Ал эми Snapshot Serengeti жарандык илимий долбоорунун ыктыярдуулары береги жаныбарлардын кол салуу учурундагы абалын миңдеген видеокадрлардын негизинде талдап чыгышкан.

Гнулар, Палмер айымдын айтышынча, Ай нуру күңүрт күндөрү «коопсуз жерлерди түнөк кылышкан». Айдын нуру жарык боло баштаганда, алар коркунучтуу жайларга барып оттой башташкан.

Африка буйволу (Syncerus caffer) арстандардан анча айбыкпайт жана от мол болсо жырткычтарды көп этибарга албайт. Бирок караңгы күчөгөндө жырткычтардан жакшы коргонуу үчүн үйүр-үйүр болуп, топтоло баштайт.

Талаа зебралары (Equus quagga) жана Томсон газелдеринин (Eudorcas thomsonii) жүрүм-туруму да Ай мерчеми менен кошо өзгөргөн. Газелдер Ай чыккандан кийин оттоп алганга ашыгышса, зебралардын тиричилигин ай чыккандан мурда бүткөрмөй же өздөрүн тобокелгесалып жүрмөй адаттары бар.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://www.biopsychology.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG