Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Кардан ток өндүргөн жабдык жасалды


Тишин жакшы тазалагандар Альцгеймер дартына аз чалдыгат. Кардан ток өндүрчү жабдык жасалды. Баланы шапалак менен чапканга караганда, китеп окуп берип тарбиялаган оң. Түштүк Корея жыл сүрүүдөгү чаташтыктан чыгуу үчүн жол издеп жатат.

Тишиңизди жакшы тазалап, Альцгеймердин жолун бууңуз

Ооздун тазалыгы менен Альцгеймер дартынын түз байланышы бар экенин норвегиялык окумуштуулар аныкташты.

Гингивитти же бүйлөнү сезгенткен бактерия ооздон мээге өтүп, нерв клеткаларына зыян келтире турганы жыл башында маалым болгон.

Берген университетинин (University of Bergen) окумуштуулары 53 кишинин ДНКсын изилдөөсү алардын 96 процентинде Альцгеймер оорусуна гингивит себепкер болгонун көрсөткөн.

“Гингивитти жараткан бактериялар ооздон мээге өтүп кете аларын ДНКнын негизинде аныктадык”, - деди доктор Пётр Мидель.

“Тишиңизди кылдат тазалаңыз, тиш тазалоочу жипти колдонуңуз, - деп кеңеш берет Пётр Мидель.- Тишиңиздин эти гингвит (лат. gingivitis) болсо жана бүлөңүздө кимдир бирөө Альцгеймер дартына чалдыкса, стоматологго үзбөй барып туруңуз, тишиңизди туура тазалаңыз”.

Альцгеймер - нейродегенеративдүү өнөкөт оору. Бул дарт Батыш Европада кеңири жайылган, дүйнөдө андан жабыркагандардын саны 44 миллионго жетет.

"BrightFocus Foundation" уюмунун маалымдашынча, деменция же кем акылдардын саны ар үч секунда сайын көбөйүп турат. Деменциянын алгачкы белгиси - кыска мөөнөттүү унутчаактык.

Американын кардиология ассоциациясынын журналындагы макалага караганда, инсульт алган бейтаптардын 79% оозунан патогендик микроорганизмдер табылган.

Фин окумуштуулары (Tampere University) жүрөк оорусу, коронардык стенозасы (коронарные стенозы), церебралдык аневризми, вена же артерия тромбозу катталган кеселдерден окшош бактериялар табылган.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Кардан ток өндүрчү прибор

Лос-Анжелес университетинин (UCLA) окумуштуулары ойлоп тапкан жабдык кардагы электр заряддарды токко айланат.

Жабдык абдан жөнөкөй, арзан, негизи силикон, калыңдыгы жука кабыктай, ийилчээк жана батарейкасы жок эле иштейт. Өндүрүмдүүлүгү аз. Жабдык 8 вольттук чыңалууда 1 чарчы метрлик силикондун бетинде өндүргөн токтун кубаты 40 микроамперден ашпайт. Ал диоддук лампочканы күйгүзгөнгө да жетпейт.

Жаңы прибор бир катмар силикон менен бир катмар электр өткөрүүчү пластиктен турат. Кардын заряды оң, силикондун заряды терс болот. Жааган кар силиконго тейгенде электр энергиясы тизмек аркылуу берилет. Кардын бетинде суунун молекулалары бир кылка кристаллга айланганда заряд пайда болот.

Окумуштуулар бул кубулушту билгенден кийин терс заряддуу башка материалды колдонуп, ток өндүрүүнү чечишкен. Прибордун бети канчалык чоң болсо, токтун күчү ошончолук кубаттуу болот.

“Прибор өзүн өзү ток менен камсыздап, батареясыз иштегендиктен, аны алыскы аймактарда колдонсо болот, - деди профессор Ричард Канер (Richard Kaner). - Бул прибор - метеостанция абдан акылдуу: канча кар жаай турганын, кар кай тарапты көздөй жааганын жана шамалдын багыты менен ылдамдыгын айтып бере алат”.

Профессор Ричард Канер химия, биохимия, материаловедение жана инженерия тармагында эмгектенген белгилүү аалым.

Жаңы приборду кар менен иштечү трибоэлектрикалык наногенератор же карТЭН деп аташты окумуштуулар.

“Статистикалык электр энергиясы электронду туткунга алган материал менен электронду берген башка материал ортосундагы катнаштан жаралат. Сиз заряддарды бөлүп, электрэнергиясын “жок нерседен” жаратасыз”, - деп түшүндүрөт Р. Канер.

Доктор Махер эл-Кады (Maher El-Kady)​: “Кар электрондорун бергенди жакшы көрөт. Прибордун иштөөсү башка материалдардын бул электрондорду эффективдүү бөлүп алуусуна көз каранды. Биз көптөгөн материалдарды, анын ичинде алюминийдин фольгасы менен тефлонду текшерип, силикон башка материалдарга караганда зарядды көп бөлгөнүн аныктадык”, - дейт.

Анын айтымында, жылына Жердеги 30% жакын аянтка кар жаап, кээ бир учурда күн панелдери иштебей калат.

КарТЭН күн панелдерине туташса, күн электр станциялары кар лапылдатып жаап жатканда да иштей берет. Аны портативдүү метеостанцияны иштетүү үчүн же чаңгы тепкен спортсмендердин чуркаганын, басканын, секиргенин көзөмөлдөө үчүн да пайдаланып, алардын көрсөткүчтөрүн жакшыртса болот.

(Булагы: https://www.sciencedirect.com, https://www.sciencedaily.com)

Балага китеп окуп берген шапалак менен тарбиялагандан пайдалуу

Жаш кезден ата-энеси менен чогуу китеп окуган балдар гиперактивдүү жана бейбаш болбойт. Андай балдарды тарбиялоо үчүн ата-энелерге “камчынын” кереги жок же алар катаал чараларды сейрек колдонушат.

Муну АКШнын Рутгерс университети (Rutgers Robert Wood Johnson Medical School) жетектеген изилдөө айкындады. Изилдөөгө Нью-Йорк, Принстон жана Торонто университеттери катышкан.

Буга чейинки изилдөөлөр балдарга кичинекей кезинен китеп окуп берүү аларды мектепке даярдагандан башка тилин байытып, туура сүйлөгөнгө, эмоциясын көзөмөлдөгөнгө, бөтөн бирөөлөрдүн сезимин сезе билгенге жана логикалык ойлонууга тарбияларын көрсөткөн.

Рахманкул хан кичинекей кыз менен китеп окууда. 1970-жж.
Рахманкул хан кичинекей кыз менен китеп окууда. 1970-жж.

“Күн сайын балаңыз менен китеп окуудан, ал өзүнө мектепте жана мектептен сырт жактарда ийгиликке жетүүгө көмөктөшчү академиялык жана эмоционалдык тажрыйба алат”, - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири, доцент Мануэль Хименес (Manuel Jimenez).

Изилдөө учурунда АКШнын 20 ири шаарында жашаган 2165 “эне-бала” тууралуу маалыматтар анализденген. Энелерден балдары бир жана үч жашка чыкканда жумасына канча мертебе китеп окуп бергени суралган. Эки жылдан соң тарбия үчүн “шапалакты” жана “Ормон опузаны” канчалык көп колдонгону жана балдарынын жүрүм-туруму жөнүндөгү суроо берилген.

Балдарды катаал шартта тарбиялоого жана бузуку жүрүм-турумуна себеп болчу факторлор, анын ичинде ата-энелердин депрессиялык жана финансылык абалы эске алынган.

Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, бала бир жашында аны менен такай китеп окулса, үч жашында андай балага шапалак жана опузалоо аз колдонулган. Үч жашында бала менен үзбөй китеп окулса, андай балдар беш жашка толгон кезинде аларды тартипке салуу үчүн катаал чара көп керек болгон эмес. Балдары менен бирге көп китеп окуган энелер балам бейбаш деп аз даттанышкан.

(Булагы: https://www.scienceandtechnologyresearchnews.com, https://journals.lww.com)

Түштүк Корея жыл сүрүүдөгү чатыштыктан кутулабы?

Түштүк Кореяда эми гана жарык дүйнөгө келген наристе бир жашта деп эсептелет. Түштүк кореялыктар демейде чет өлкөлүктөргө “эл аралык жашын” же туулгандан берки жашын жана “корей эсебиндеги жашын” айтышат. Асыресе “корей эсебиндеги жаш” “эл аралык жаштан” бир же эки жыл улуу болот.

Мисалы, 1990-жылы январь айында туулган жаран бүгүн 29 эмес, 30 жашта болот; ал эми 31-декабрда туулган бала 1-январда эки жашка чыгат.

1995-жылы 29-мартта туулган аял эл аралык эсеп боюнча 23 жашта (жана 10 айда) болот. Ал Түштүк Кореянын айрым мыйзамдарына ылайык 24 жашта, корей жыл санагы боюнча 25 жашта болот.

Мындай салттуу жыл санак Чыгыш Азияда жалгыз гана Түштүк Кореяда колдонулат. Өлкө парламентинин мүчөсү Хван Цзюхун (Hwang Ju-hong) жыл башында бул салтты эл аралык нормага ылайыктаган мыйзам долбоорун коллегаларына сунуш кылган.

Кореянын жыл сүрүү системасы Кытайдан башат алат. 1446-жылга чейин Кореяда классикалык кытай тили жана жазуу системасы колдонулган.

Кытайда салттуу жыл сүрүү бүгүн колдонулбай калган. Кокус кимдир бирөө өзүнүн чыныгы жашын айтканына карабай, көпчүлүк адамдар анын номиналдык жашы (xusui) менен чыныгы жашын (shisui) лингвистикалык жактан айырмалашат.

Көөнө кытай календарынын бир барагы.
Көөнө кытай календарынын бир барагы.

Кытай тилинде кишинин курагы салтка ылайык бирден баштап жазылат. Бул корей тилине да мүнөздүү. Мындай жыл санак англис жана башка тилдерде да бар. Алсак, жыл эсеби 0-жылдан башталса да, биз Батышты туурап, 2000-жылдарды XXI кылым, ал эми 0-100 жылдарды I кылым дейбиз.

Жапондордо эзелки салт боюнча Жаңы жылда кишилердин жашы бир жылга өскөн. Жапония андай жыл сүрүүдөн XX кылымдын башында баш тартышкан.

1955-жылы Жапония эл аралык системаны кабыл алганча эки салт жарым-жартылай колдонулуп келген.

Илгери кыргыздар да кишинин жашына курсактагы тогуз айын бир жыл деп кошуп эсептеген.

Бүгүн түштүк кореялыктар күнүмдүк жашоодо салттуу жаш курагын айтышат (пайдаланышат), бирок жарандын бойго жеткен курагы эл аралык нормага жараша аныкталат.

Эгерде Хванг мырза сунуш кылган мыйзам долбоорун Улуттук ассамблея кабыл алса, эл аралык жыл сүрүү системасы бардык укуктук жана расмий документтерде пайдаланылат.

(Булагы: https://edition.cnn.com, https://asiasociety.org, https://en.yna.co.kr)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG