Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:09

Кишинин ден соолугун басыгы билгизет


Иллюстрациялык сүрөт.

Илимпоздор үндү сууда жетер чегине чейин «жаңыртышты». Планета аралык электрондук валютанын концепциясы сунуш этилди. Кишинин басканын карап ден соолугун билсе болот. Орус тилинде жаңы байламта сөз катталды.

Физиктер үндү сууда максималдык чегине чейин «жаңыртышты»

Америкалык окумуштуу-физиктер лазердин кубаттуу импульсун пайдаланып, сууда максималдык бийиктиктеги үн толкунун жаратышты.

Солкулдама толкундар белгилүү бир жыштыктагы чөйрөдөн өтүп баратканда жараткан механикалык термелүү үн болуп эсептелет. Үндүн бийиктиги децибел (дБ) менен өлчөнөт. Киши кадыресе сүйлөшүп жатканда үндүн жыштыгы 55 дБ, ал эми абага көтөрүлүп бараткан учактын моторлорунун үнү 120-130 дБ болот.

Солкулдама толкун мейкиндиктеги (чөйрөдөгү) басымды кескин өзгөртөт. Үн канчалык бийик болсо, басым ошончолук бийик «секирет» жана тигил же бул чөйрөдө максималдык чекке жеткенден кийин жоголот. Аба үчүн андай максималдык чек орточо 194 дБге, суу үчүн 270 дБге барабар.

АКШнын Улуттук ылдамдатуу лабораториясында (SLAC National Accelerator Laboratory in Menlo Park, California) кишинин чачынан эки эсе ичке суунун агымы (13-30 мкм) чыгарган үн андан да ичке рентген нуру менен аткыланган. Суудагы вакуумдук камерада үн жана лазер нуру кагылышканда максималдуу мүмкүн болгон үн жаңырып, анан өчүп калган.

Клаудио Стэн (Claudiu Stan, Rutgers University in Newark, New Jersey) жана анын кызматташтары белгилешкендей, NASA ракета учурганда эң кубаттуу үн 205 децибелге барабар экенин эске алганда, реалдуу шартта суунун кылдай агымы жараткан жаңырык айланасындагы басымды таң каларлыктай өзгөртмөк.

Текстке тиркелген фотосүрөттөгү үндүн кыйратуучу күчүнүн ультражай кыймылы видеотасмадан түшүрүлгөн.

Видеотасма болжол менен 40 наносекундада (секунданын 40 миллиарддык бөлүгү) тартылган. Анда лазердин пульсу суунун агымын экиге бөлүп, суунун буусу агымдын эки жагында кубаттуу толкундарды жаратууда. Мындай кубулуш үндүн термелүүсү 270 децибелге жеткенге чейин уланган. Андан кийин кайнаган суунун көбүктөрү жарылып, кара булут пайда болгон.

Физик К. Стэндин айтымында, береги толкундар суу астындагы эң кубаттуу үн болушу ыктымал. «Эгер үн андан да күчтүү болсо суюктукту кайнатып жибермек. Суу кайнар замат үн өтчү чөйрө жок болот. Келечекте бул изилдөө микроскопикалык үлгүлөрдү суу астында катуу терметкенде алар эмне болорун билгенге жардамдашат», - дейт ал. Тактап айтканда бул суу менен микроскопикалык бөлүкчөлөрдүн өз ара аракетин түшүнүүгө жана аларды башкарууну жакшыртууга көмөктөшөт. Мунун актуалдуулугу микрогидродинамиканын өнүгүшү менен арта берет.

(Булагы: https://news.yahoo.com, https://www.livescience.com)

Планета аралык электрондук валюта

Aкчанын бул түрү финансылык операцияларды каалаган убакта түрдүү жерлерден жана башка убактан келген маалыматтардын негизинде жүргүзгөнгө мүмкүндүк берет. Жаңы электрондук валютанын дагы бир баалуу артыкчылыгы - аны тейлеген система ар кандай киберчабуулдар үчүн коопсуз жана болочок кванттык компьютерлердин чабуулунан да коркпойт.

«S-money» деп аталган бул акчаны Британиянын Кембриж университетинин (University of Cambridge) аалымдары сунуш этишти.

Электрондук акчаны тейлөөчү система азыркы финансылык коммуникациялык системаларга караганда маалыматты алда канча бачым алмашат. Ал кардарларды да жазбай тааныйт. Бул системаны түзүүдө кванттык теория жана салыштырмалуулук теориясы колдонулат. Ошондуктан финансылык операцияны Күн системасынын жана биздин Галактиканын каалаган жеринен туруп жүргүзсө болот.

«Бул акча жөнүндө ойлонуунун бир аз башка жолу: биз колубузда же банк эсебинде кармаган акчадан айырмаланып, бул - өтүнүчүңүзгө жараша мейкиндиктеги түрдүү жайлардан жана убакыттан келген маалыматтардын негизинде белгилүү жайда жана убакта алса болчу акча», - дейт Кэмбриж университетинин колдонмо математика жана теориялык физика факультетинин профессору Адриан Кент (Adrian Kent).

Бул системаны финансылык желенин түрдүү бөлүмдөрү реалдуу убакытта маалымат алмашканда пайда болчу коопсуз виртуалдык токен десе болот. Виртуалдык токен* оптималдуу жерде жана убакта пайдалануу үчүн дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү маалыматка ыкчам реакция кылат. Бул кардарга финансылык мейкиндиктеги ар кандай окуяны көрүп, тийиштүү чечимди тез кабыл алууга шарт түзөт. Кадимки акча жана электрондук валюта менен операция жүргүзгөндө белгилүү эреже сакталгандыктан, чечимди анча тез аткаруу мүмкүн эмес.

Токендерди эриш-аркак текшерүүгө убакыт коротпой жана бир «товар» эки жолу сатылып калат деп кооптонбой алмашса болот. Минтип коопсуз операция жүргүзүүгө кванттык механиканын мыйзамдары жана Эйнштейн «үрөй учурчу» деп атаган субатомдук дүйнөнүн физикасы кепилдик берет.

Бүгүнкү технология кванттык акча менен операция жүргүзүүгө мүмкүндүк бергенине карабастан, аны электрондук акча катары кеңири колдонуу азырынча мүмкүн эмес. Ал үчүн кванттык бөлүкчөлөрдү мындай абалында чексиз көп убакыт бою сактоо талап кылынат. Андай деңгээлге илим азырынча жетише элек.

«S-money» жыл аягында Британиянын Кванттык байланыш борборундагы (Quantum Communications Hub) суперкомпьютерде сыналат. Сынак электрондук жаңы валютанын артыкчылыктары менен кемчиликтерин түшүнгөнгө мүмкүндүк берет.

*Токен - санариптик дүйнөдө «баалуу кагаздардын» функциясын аткарган эсеп бирдиги. Бирок ал криптовалюта эмес.

(Булагы: https://www.researchgate.net, https://www.cam.ac.uk)

Орус тилинде жаңы байламта сөз катталды

«Бүгүнкү орус тилинде «в смысле» сөз бирдиги көбүнчө байламтанын милдетин аткарат. Аны оозеки айтылган сөздөрдөн, көркөм адабияттан, публицистикалык тексттерден да жолуктурасыз. Муну «Национальный корпус русского языка (НКРЯ)» сайтындагы маалыматтар ырастайт», - дейт Тюмень мамлекеттик университетинин орус тил кафедрасынын доценти Наталья Кузнецова.

НКРЯнын сайтында 600 миллион сөздүн азыркы орус тилинде кандай колдонулганынын үлгүлөрү бар. Орус тилчилер алдагы сайтта «смысл» лексемасы менен «в» предлогу чогуу 7903 жолу байламта катары колдонулганганын такташкан.

«Бул (в смысле) бирдик байламта катары колдонулган биринчи далилдер ХХ кылымдын ортосуна таандык, - деп улантат Н. Кузнецова. - Ал мисалдарда «в смысле» өзүнчө сөз бирдиги сыңары айтылып, мааниси синоним сөздөр аркылуу түшүндүрүлгөнү байкалат. Андан соң «в смысле» жаңы деңгээлге чыгып, текстте бүтүндөй сүйлөмдөрдү байланыштыра баштайт. Ал эми акыркы 30 жылда байламта катары көп колдонулчу болгон».

«В смысле» бирдиги бүгүнкү орус тилинде «Эмнени айтайын деп жатасың?» деп сөздүн төркүнүн тактагысы келгенде реплика иретинде да айтылат. НКРЯнын сайтында андай 128 мисал көрсөтүлөт. Ошондой эле «в смысле» бирдиги «то есть» деген түшүндүрмө байламтанын синоними катары да пайдаланылат.

Соңку чейрек кылымда «в смысле» сыяктуу «ашыкча» жана «мите» сөздөр менен туюнтмалар орус тилинде көбөйгөн.

Изилдөөчүлөр «в смысле» байламтасынын пайда болушу «смысл» деген зат атоочко этимологиялык жакындыгына байланыштуу деп боолголошот.

«Орус тилинде «в каком-то смысле (НКРЯда 853 жолу)» жана «в некотором смысле»(505 жолу) сыяктуу «метасөздөр» (метапоказатели) кездешет. Аларга окшош «в каком-то отношении» жана «в некотором отношении» айкалыштарын метакөрсөткүч катары пайдалануу күдүк жаратат. Эки айкалыш НКРЯда табылган жок», - дейт доцент Ольга Почтарёва.

«Орус тилинде жаңы калыптанган «в смысле» байламтасы түшүндүрмө байламталардын маанисин дифференциациялоого өбөлгө түзөт: «то есть» сүйлөмгө онтологиялык байламта катары жана «в смысле» гносеологиялык байламта иретинде кызмат кылат деп айтса болот», деп жыйынтыкташат илимпоз-тилчилер.

(Булагы: https://elibrary.ru, https://www.utmn.ru)

Кишинин кандай басканы эмне үчүн маанилүү?

Кишинин басканын карап анын ден соолугун билсе болот. Ал түгүл басканына карап кишинин канчалык «ичер суусу» калганын боолголосо болот.

MOBILIZE-D европалык долбоору соңку 20 жылда миңдеген бейтаптар катышкан бир нече изилдөөгө таянып ушундай бүтүмгө келди. Долбоор-консорциумга академиялык, фармацевттик жана өнөр жай салаасынан 34 өнөк, анын ичинде Лозаннадагы Федералдык политехникалык мектеп (The Ecole polytechnique fédérale de Lausanne) кирет.

Кишинин басыш ылдамдыгы дененин температурасы, кан басымы, дем алуунун жыштыгы, жүрөктүн кагыш ыргагы жана оорусу менен катар ден соолуктун алтынчы маанилүү белгисине айланып баратат.

«1 метр/секундадан жогору ылдамдыкта баскан кары кишилерде орточо алганда ден соолугуна тийиштүү кыйынчылыктар көп болору далилденди. Тескерисинче, тез баскан кишилерде когнитивдик тааным - билими (функциясы) жигердүү болуп, жай баскандарга караганда аз мүдүрүп-жыгылышат жана ооруканага көп жатышпайт. Окумуштуулар кишинин басышы менен өмүрүнүн ортосунда түз байланыш бар экенин аныкташты», - дейт профессор Камиар Аминиан (Kamiar Aminian).

Ушундан улам жаңы дары-дармектер менен дарылоонун жолдорун иштеп чыгуу максатында аталган долбоордун жетекчилери кишинин басканын талдоонун жолдорун издешүүдө.

Бул калкынын 20% көбү 65 жаштан өйдө курактагы Европа үчүн төтөн актуалдуу.

Илимпоздун айтымында, кишинин басыгын талдоо да оңой. Себеби, кишинин кадамынын орточо ылдамдыгын өлчөөчү шаймандын узундугу 3-4 метр гана.

Ал эми MOBILIZE-D долбоору кишинин басыгына таасир этчү эң негизги жагдайларды так аныктоону көздөйт.

«Негизги максаттарыбыздын бири - өтө жай баскан кишилердин басыгын ишенимдүү талдай алчу портативдүү системаны иштеп чыгуу, - деп түшүндүрдү проф. Аминян. - Анткени тез баскан кишилерге караганда жай баскан кишилердин басыгын талдоо татаалыраак».

Жаңы система киши кандай кадам шилтегенин, багытын кантип өзгөрткөнүн, кадамды мажбурлап же атайын таштаганын, ылдамдыгын кандай өзгөрткөнүн, аксап басканын, буту канча бийик көтөрүлгөнүн, кадамдарынын аралыгын так билгидей болушу керек.

(Булагы: https://news.epfl.ch, http://www.mobilise-d.eu)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG