Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Эркектер ысыкта жакшы ойлоно албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Окумуштуулар Марста жашаган адамдар мутацияга кабыларын эскертишти. Сүттү сапатын жоготпой эки ай сактоонун жолу табылды. Аялдар суукта, эркектер ысыкта жакшы ойлоно алышпайт. Нью-Йорктон Парижге 1, 5 саатта учуп жетчү авиалайнер.

Марста киши мутантка айланышы ыктымал

Эл аралык космос агенттиктери Марс* планетасынын геологиялык түзүмү жөнүндө кеңири маалымат чогултту. Космостук державалар кишинин Кызыл планетага ылайыкташуусун жеңилдеткен технологияны иштеп чыгышты. Бирок адамзат үчүн Марста отурукташуу мурда мерчемдегендей жеңил болбойт. Райс университетинин профессору Скотт Соломондун (Scott Solomon, Rice University, USA) айтымында, мутация Марсты алгачкы өздөштүрүүчүлөрдүн генофондуна кандай таасир этери кылдат изилдениши абзел.

Колонизаторлор мутациянын натыйжасында жана катуу радиациядан улам ар кандай түргө эволюция болору калетсиз. Ошого Марстагы адамдарда вирустар менен бактерияларга каршы күчтүү иммундук система пайда болмоюн, аларга Жердеги адамдар менен кан алмашуу коркунучтуу. Себеби, эки тараптын тыгыз кызматташтыгы Марстын тургундарын тукум курут кылышы мүмкүн, дейт доктор Соломон. Мутация, анын айтымында, Марстагылардын жашоого ыңгайлашуусун жакшыртат.

«Эгер Марста жашоочу адамдар мутация болушса, алар жашап кетиш үчүн 50 пайыздык артыкчылыкка ээ болушат... Бул Марстагы адамдар өз гендерин мурдагыдан ыкчам берет дегенди билдирет», - дейт ал.

Эволюциянын негизинде Марстагылардын терисинин өңү өзгөрөт. Кишинин терисинде организмди ультракырмызы нурлардан коргоочу меланин пигменти бар. Меланини көп адамдардын териси кара күрөңүрөөк болот. Радиация менен күрөшүү үчүн Марстагылардын организми пигменттин жаңы түрүн иштеп чыккандыктан, алардын өңү кандай болору белгисиз.

Марста гравитация Жердегиден начар. Ошондуктан Марстагылардын сөөктөрү мурдакыдан алда канча нык, бирок борпоң болот. Марста алысты көрүүнүн кажети жок болгондуктан, колонизаторлордун көзү Жердегидей алыс аралыкты көрбөй калат. Марстагылар кычкылтекти натыйжалуу керектегенди үйрөнүшү зарыл. Проф. Соломон алар Тибет тоолорун байырлаган элдер өңдүү деңиз деңгээлинде жашаган кишилерге караганда кычкылтекти 40% аз керектеши мүмкүн деп эсептейт.

Илимпоздун айтымында, Марстагы идеалдуу конушта Жердин чар тарабынан барган 100 миңдей киши болгону оң. Колонизаторлордун көбү эли генетикалык жактан ар кыл Африкадан болууга тийиш. Бул генетикалык көп түрдүүлүк үчүн зарыл.

Азыр америкалык инженер-миллиардер Илон Маск 2024-жылы Марска адамдарды учурууга камынууда.

*Марс - Күн системасындагы Жерге көп жагынан окшош планета. Марстын да эки уюлунда муз «калпагы» бар: Түндүк уюлундагы муздун калыңдыгы 2,8 чакырым, Түштүк уюлундагы музу андан да калың. Марстын диаметри болгону 6759,24 чакырым. Аны курчаган атмосферанын 95 пайызын көмүр кычкыл газы түзөт. Марста температура Цельсий боюнча 125 градуска чейин суук.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.marsplanet.org)

Сүттү сапатын жоготпой эки ай сактоонун жолу табылды

«Naturo» компаниясы сүттү жаңы саалган абалында кеминде 60 күн бою муздаткычта сактоонун жолун патенттеди. Австралиялык бул компаниянын билдирүүсүнө караганда, сүт баштапкы абалында эч кандай консервант жана угут сыяктуу заттар кошулбай сакталат; андай сүттү бышырбай эле ичсе болот.

Компаниянын башкы директору Жеф Хастинг (Jeff Hastings) сүттү сактоонун жаңы процессин 1864-жылы пастеризация технологиясы иштелип чыккандан берки ири табылга деп атады. Анын айтымында, бүгүн дүйнөлүк сүт өнөр жайы 413 миллиард долларга сүт азыктарын өндүрөт.

Хастингдин айтымында, бул процессте микробдорду өлтүрүш үчүн сүт минималдык гана өлчөмдө жылытылат. Ага карабай, патогендер пастеризация технологиясын колдонгондон көп жок кылынат.

Жаңы технологияда сүттү кайра иштетиш үчүн жогорку температура колдонулбагандыктан, кээ бир витаминдер менен ферменттер сүттө кадимки абалында кала беришет.

Буга чейин «Naturo» компаниясында авокадонун жашыл өңүн өзгөртпөй сактоо же сырты кара күрөң тартып кетпеши үчүн абанын катуу басымы колдонулган.

Пастеризациялоо процессинде сүт Цельсий боюнча 72 градуска чейин ысытылып, бул температурада 15 секунда кармалат. Андан соң сүт гомогенизация процессин пайдаланып, кошумча да иштетилет.

Революциялык технологияны сүт өндүрүшүндө колдонуу сүттү көп экспорттоого кенен жол ачат жана узак сакталгандыктан, аны ташуу үчүн кеткен чыгымдар кыйла азаят. Мындай сүт пастеризация болгон сүттөн арзан да болот.

«Naturo» жаңы технология менен иштетилген сүттү Австралиядан Кытайга экспорттой баштаганы маалымдалды. Квинслэнд штатынын өкмөтү жаңы технологияны иштеп чыгыш үчүн 250 миң доллар берген.

Ушу тапта «Naturo» жылына 10 миллион литр узак сакталчу сүт чыгарчу үч завод салыш үчүн инвестиция издеп жаткан кези.

(Булагы: https://www.abc.net.au, https://www.archynewsy.com)

Аялдар суукта жакшы ойлоно алышпайт

Кеңсе же жумуш орду суук болгондо аялдардын эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөйт. Эркектер салкын бөлмөдө өндүрүмдүү иштешет. Бирок ысык температура эркектердин иш жөндөмүнө аялдарга суук таасир эткендей таасир кыла албайт.

Температура Цельсий боюнча 22 градустан кем болбогон учурда аялдар тапшырманы жакшы аткарат. Эркектер салкын жайда өндүрүмдүү иштешет. Аял-эркек аралаш жамааттар үчүн 24°C чукул температура оптималдуу экенин Түштүк Калифорния университетинин (University of Southern California) окумуштууларынын изилдөөсү айкындады.

Берлин техникалык университетинде өткөрүлгөн изилдөөгө 542 студент катышып, алардын 41% кыздар болгон. Студенттер 24 тайпага бөлүнүп, үч тест тапшырышкан. Алар тест жасаган аудиториялар 16°C тан 32°C ка чейин жылуу болгон.

Тамгалардан сөз куроо боюнча тестти уландар жана кыздар 22°C температурада бирдей аткарышкан. Бөлмө 16°C ка чукул жылуу болгондо, кыздар тестти уландардан начар жасашкан. Температура 22°C тан жогору болгондо кыздар тестти жакшы аткарып, уландардын көрсөткүчү начарлай баштаган.

Математика боюнча тестти уландар 16°C температурада, кыздар 32°C жылуулукта жакшы аткарган.

Студенттер үчүнчү тестте интуитивдүү жактан алганда туура көрүнгөн жоопторду өз алдынча талдап, туурасын табууга тийиш эле. (Англис тилинде The cognitive reflection test - CRT). Бул тестти аткарууда уландардын ойлонушуна аудиоториядагы температура таасир эткен эмес. Кыздар жылуу бөлмөдө жакшы ойлонгон.

Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, «буга чейинки изилдөөлөрдө температура аял-эркектердин иш жөндөмүнө кандай таасир эткенине көңүл бурулган эмес».

«Аялдар бир кыйла ысык температураны эркектерге караганда көбүрөөк жакшы көргөнү белгилүү болчу, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, доцент Том Чанг (Tom Y. Chang). - Бирок жылуу температураны жакшы көрүү адамдын өзүнө байланыштуу болот деп эсептелчү. Температура - комфорттун гана маселеси эмес. Кишилердин математикалык тапшырмаларды аткарышы жана жумуш кылууга канча аракет сарптоосу да температурага көз каранды экенин биздин изилдөө айкындады. Изилдөө көрсөткөндөй, сизди кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгү кызыктырса, имараттын ичиндеги температурага көңүл бурушуңуз зарыл».

АКШда кеңселердеги температура 20°C жуук болсун деп кеңеш берилет. Ал эми санитардык норма боюнча кеңседеги температураны 16°C жана андан ылдый түшүргөнгө уруксат.

Евробиримдик өлкөлөрүндө кышкысын минималдуу деп 19 -21°C, жайкысын максималдуу деп 25,5 - 27 °C эсептелет.

(Булагы: https://www.mindbodygreen.com, https://journals.plos.org)

АКШда дүйнөдө эң ылдам учак жасалат

«Hermeus» аэрокосмос компаниясы мыкты учактарды жасоо боюнча эл аралык мелдешке кошулду. Жаңы стартап жарыялагандай, анын инженер-конструкторлору иштеп чыкчу авиалайнер жүргүнчүлөрдү Нью-Йорктон Парижге 1, 5 саатта жеткирет. Азыр 5853 чакырымдык бул аралыкты 7 саат учасыз.

Компаниянын операциялар боюнча башкы директору Скайлер Шуфорд (Skyler Shuford) долбоорду каржылоо боюнча «Khosla Ventures» венчурдук компаниясы менен сүйлөшүүнүн алгачкы айлампасы өткөрүлгөнүн маалымдап, бирок ага чегерилчү сумманы атаган жок.

Үч жыл мурда АКШнын «Boom Supersonic» компаниясы да 2,2 Мах ылдамдык менен учуучу суперавиалайнерди жасоо планын жарыя кылган. (1 Мах болжол менен саатына 1224 чакырымга барабар). Быйыл январга карай 55 жүргүнчү ташычу «Overture» авиалайнерин жасоого 140 миллион доллар чогулткан. Бул авиалайнер легендарлуу британиялык-франциялык «Конкорддон» болгону 10% ылдам учат.

1976-2003-жылдары пайдаланылган «Concorde» эң мыкты дегенде 2.04 Мах же саатына 2150 чакырым ылдамдык менен учкан.

«Boom Supersonic» билдиргендей, «Overture» авиалайнери келерки жайда жүргүнчүлөрдү ташыганга даяр болот. «Virgin Group» жана «Japan Airlines» ушундай 76 авиалайнерге заказ берген.

Скайлер Шуфорддун айтымында, «Hermeus» мыкты учактарды жасоодо бүгүн колдонуудагы технология менен материалдарды колдонот. 5 Мах ылдамдык менен учуучу авиалайнер 8-10 жылдан кийин пайдаланууга берилет.

(Булагы: https://arstechnica.com, https://futurism.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG