Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:37

Марсты аял-космонавттар өздөштүрөт


Марс планетасында таң атып бараткан учур. Август, 2012-жыл.

Бала 1 жашка чейин мал жандуу үйдө чоңойсо, астма сейрек болот. Чымчыктар бак-дарактуу шаарларды сүйүшөт. Марска алгач аялдар учурулушу мүмкүн. Гейделберг жана Кэмбриж университеттери көөнө кол жазмаларын түгөл санариптештирет.

Марста шаабат банкы эмне үчүн керек?

Марс планетасын өздөштүрүүдө шаабаттын (сперма) космостук банкын пайдалануу сунуш кылынды. Бул идея микрогравитация кишинин тукум улоочу клеткаларына кандай таасир эткени изилденгенден кийин келип чыккан.

Доктор Монсеррат Боада (Montserrat Boada, Dexeus Women’s Health in Barcelona) билдиргендей, алсыз гравитация кишинин организминдеги клеткалардын түзүмү менен функциясын өзгөртүшү мүмкүн экенин акыркы изилдөөлөр көрсөткөн. Ошон үчүн тукум улоочу клеткалар кандай өзгөргөнүн билүү абдан маанилүү.

«Эгер жакынкы жылдары космостук миссиялар көбөйсө, кишинин космосто көпкө жүрүшүнүн (физиологиялык) натыйжаларын билүү маанилүү жана кишинин Жерден башка жактарда көбөйүшүнүн келечегин талдап көрүшүбүз зарыл болушу мүмкүн», - деди д-р Боада Кишинин тукум улашы жана эмбриология боюнча Европа коомунун Венадагы жылдык жыйынында.

Гипогравитациянын* таасири чакан учактын жардамы менен текшерилген. Учак 20 жолу «оңкосунан оодарылганда» ар бири сегиз секундалык микрогравитациялык кырдаал 20 мертебе түзүлгөн. Андай жагдайда сыналган, ден соолугу чың он эркектин шаабатынын үлгүсүн контролдук шаабаттар менен салыштырып көрүшкөн. Ириде сперматозоиддердин уруктануу жөндөмүнө, топтолушуна (концентрация), кыймылына жана ДНКнын бөлүнүшүнө (фрагментация) байкоо жүргүзүлгөн. Ошондо шаабаттардын алсыз гравитация шартында болгон үлгүлөрү менен Жерде сакталган үлгүлөрдүн ортосунда эч кандай айырма байкалган эмес.

Башкы администратор Ж. Бриденстайн Айга жана Марска автронавттарды жөнөтүү боюнча иштердин жүрүшү менен НАСАнын кызматкерлерин тааныштырууда.
Башкы администратор Ж. Бриденстайн Айга жана Марска автронавттарды жөнөтүү боюнча иштердин жүрүшү менен НАСАнын кызматкерлерин тааныштырууда.

Илимпоздор бөлөк планеталарга гаметаларды (тукум улоочу клеткаларды) тоңдурулган абалында жөнөтсө болот деген ишенимде. Эгерде космонавттар аялдар болсо, тоңдурулган шаабаттар бөтөн планеталарды, анын ичинде жашоого ылайыктуу шарт бар деп боолголонуп жаткан Марсты өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк. Себеби, Марстагы алгачкы конуштун жашоочулары өз генофондун Жерден жөнөтүлгөн шаабаттардын эсебинен көбөйтүп алышмак, дешет окумуштуулар.

2017-жылы Венадагы жыйында туңгуч британ космонавты Хеден Шермандын пикиринде, космостук миссиянын мүчөлөрү жалаң эркектерден же жалаң аялдардан турганда алар ынтымактуу болушат.

Ал бул сөздү космонавттардын жыныстык ышкысын изилдеген НАСАнын купуя баяндамасына шилтеме кылып айткан.

НАСАнын башкы администратору Жеймс Бриденстайндын (James Frederick Bridenstine) айтымында, Марска таманы тийген биринчи киши аял болушу ыктымал. Агенттик 2024-жылы Айда туруктуу база курганга умтулат жана 2033-жылы Марсты өздөштүрүүнү баштоо максаты бар.

-----------------

*Гипогравитация - оордук күчү Жердин үстүндөгүдөн аз болгон абал жана 0 граммдан 1 граммга чейинки диапозон менен өлчөнөт.

(Булагы: https://www.space.com https://www.theguardian.com, https://www.independent.co.uk)

Шаарда чымчыктар көп болушу үчүн түрдүү бак тигиңиз!

Чымчыктар да кооз жана бак-дарактуу райондордо жашаганды жакшы көрүшөт. Шаарлашуу ылдам жүрүп, шаарлар тездик менен кеңейип жаткан азыркы убакта абат жерлер чымчыктардын көбөйүшү үчүн маанилүү. Бул жараяндан келемиштер менен ак чардактар зыян тартышпайт. Тескерисинче, кара таандай көбөйүшөт.

Түштүк Африкадагы изилдөө гүлзар бактуу бай райондорду түрдүү канаттуулар жарды райондорго караганда көп байырлаганын көрсөттү. Муну окумуштуулар жыргалчылыктын натыйжасы (luxury effect) деп аташат. Бардар жашоо чымчыктарга эле эмес, жарганаттарга, кескелдириктерге, кирпилерге, ташбакаларга, курт-кумурскаларга да жагарын кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөгү изилдөөлөрдөн белгилүү болчу.

Мындай натыйжа өзгөчө ар түркүн бак-дарактуу, гүлзарлуу, көлмөлүү райондор үчүн мүнөздүү экенин Италиянын Турин университетинин окумуштууларынын изилдөөсү айкындады.

«Бул изилдөөлөр көрсөткөндөй, шаарлардын асфальт жана бетон үстөмдүк кылган райондоруна салыштырганда бай, бак-дарактуу бөлүгүндө ар кыл канаттуулар көп жашайт, балким биологиялык көп түрдүүлүк да жогору болот. Жыргалчылык натыйжасына таасир этчү жагдайларды түшүнүү бизге келечекте биологиялык көп түрдүүлүккө ыңгайлуу шаарларды долбоорлогонго көмөктөшөт. Бул шаардык тургундар арасындагы экологиялык калыстыкка өбөлгө түзөт», - дейт изилдөөнүн жетекчиси, проф. Дэн Чемберлен (Dan Chamberlain).

Түштүк Африканын Д. Чемберлен өз кызматташтары менен изилдеген бай районунда орточо айлык кирешеси 1000 доллардан 30 000 долларга чейинки сумманы түзгөн шаарлыктар жашаган. Бул райондогу үйлөр бири-бирине жабышпай, тамдардын айланасында бак-дарактар менен гүлзарлар көп экени белгиленет.

Изилдөөнүн авторлошу, доцент Аржун Амар (Arjun Amar): «Бул изилдөө - өнүгүү жолундагы өлкөдө жүргүзүлгөн сейрек изилдөөлөрдүн бири жана Африкадагы жападан-жалгыз изилдөө болгондуктан өзгөчө мааниге ээ. Себеби, күтүлүп жаткандай, Африкада шаарлашуу планетадагы бардык башка чөлкөмдөргө караганда алда канча бачым жүрүп жатат», - деген оюн билдирди.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://phys.org)

Кембриж & Гейделберг: манускрипттер толугу менен санариптештирилет

Британиядагы Кембриж жана Германиядагы Гейделберг - дүйнөдөгү эң эски университеттерден. 1209- жана 1386-жылдары негизделген бул эки университет орто кылымдардагы кол жазмалардын бай коллекциясына ээ. Бирок алардын архивдери, анын ичинде Ватикандын манускрипттери көпчүлүк үчүн жабык. Алар менен иштөөгө уруксат алган аалымдар коопсуздуктун катаал талаптарын сакташы зарыл болгондуктан, көөнө мурастардын көбү жетиштүү деңгээлде тургай такыр изилденген эмес.

Эми эки университет байыркы кол жазмаларды толук санариптештирип, аларды жумурай журт бекер окугандай кылат.

«Жаңы Осуят». 1297-жыл.
«Жаңы Осуят». 1297-жыл.

Гейделберг университетинин китепканасынын мүдүрү, д-р Вейт Пробст (Veit Probst): «Дагы көп илимий ачылыштар кезек күтүүдө. Бизге мурдагыдай эле бул китептердин жаралышы жана теги, китеп жазгандардын өзү жана ишмердиги, сүрөткерлери жана ээлери жөнүндө кеңири маалымат жетишпейт... Кол жазмалардын аннотациялары жана чет жагындагы кошумча тексттер да изилдениши керек. Ошондо биз грек илиминин түркүн-түстүү килемин токуйбуз», - дейт. Анын айтымында, көөнө китептердин жаралыш тарыхы, аларды чыгарган жана жазган адамдар, көркөмдөгөн сүрөткерлер менен ээлери такталып, орто кылымдарда алар кантип изилденгени жана колдонулганы терең талдоону талап кылат.

«Орто кылымдарда Гомер менен Платондун эмгектери тынбай көчүрүлгөн жана көбөйтүлгөн, - дейт д-р Сюзанн Пол. - Тоораттын жана литургиянын эзелки кол жазмалары жазма сөзгө негизделген тарса (христиан) маданиятын түшүнүшүбүз үчүн эбегейсиз мааниге ээ. Чек араларды, илим салааларын жана кылымдарды туташтырган береги көп тилдүү, көп маданияттуу, түркүн эмгектер грек жазмалары жана грек маданияты менен илимий жактан терең байланышкан».

Сюзанн Пол (Dr. Suzanne Paul) айым - Кембриж университетинин китепканасында сейрек китептердин жана эзелки кол жазмалардын сактоочусу.

Гейделберг университетинде бүгүнкүгө чейин көөнө кол жазмалардын 38 миң тому санариптештирилген жана университеттин санариптик китепканасындагы эзелки мурастар менен 169 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде окумуштуулары таанышып кеткен.

Кембриж университетинин санариптик китепканасында Чарльз Дарвин, Исаак Ньютон, Стивен Хокин, Альфред Лорд Теннисон сыяктуу көйкашка инсандардын эмгектери бар.

(Булагы:https://www.zmescience.com, https://archaeologynewsnetwork.blogspot.com)

Мал жандуу үйдө чоңойгондун пайдасы

Бир жашка чейин айыл жеринде же үй жаныбарларынын арасында чоңойгон баланын организми келечекте аны аллергия менен астмадан коргойт. Себеби, ымыркай чактан ар кыл жаныбарлар жана кыртыштагы бактериялар менен аралашуу иммундук системанын өнүгүшү үчүн пайдалуу.

Финляндиялык окумуштуулар айылда жана шаар четиндеги конуштарда жашаган 395 фин баланы жана Германияда ошондой эле чөйрөдө жашаган 1037 баланы изилдеген соң ушундай бүтүмгө келишти.

Финляндиянын Мянтюхарю муниципалитетиндеги фермердик чарбалар.
Финляндиянын Мянтюхарю муниципалитетиндеги фермердик чарбалар.

Изилдөө Финляндиянын Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо боюнча улуттук институтунун улук илимий кызматкери Пиркка Кирьявинендин (Pirkka Kirjavainen) жетеги астында жүргүзүлгөн.

Айыл-кыштактын эли астмага аз чалдыгары мурдатан белгилүү.

«Фермерлердин үйлөрүндөгү микробдордун композициясы мал-жан кармабаган үйлөрдөгүдөн такыр бөлөк» экенин изилдөө көрсөткөн.

П.Кирьявинендин командасы фин фермерлеринин үй-жайындагы микробиотаны* Германиядагы үйлөрдө да түзүшкөн. Ошондо жаңы шартта жашаган 1031 балада астма оорусунун өнүгүшү пастаган.

Бул факт микробдор өздөрү астмадан коргоочу касиетке ээ экенин далилдейт.

Окумуштуулардын буга чейинки изилдөөлөрү үйдөгү табигый кыпындар менен чаң бүртүктөрү астманын өнүгүшүнө тескери таасир этерин көрсөткөн. Бирок кандай микробиоттор астманы «дарылай» турганы азырынча белгисиз.

«Астмадан коргоочу үйлөрдө айланага мүнөздүү жана ден соолук үчүн пайдалуу же зыянсыз бактериялар ден соолукка коркунуч туудурган бактериялардан көп болушат. Бул береги үйлөрдүн микробиотторунун маанилүү касиети», - дейт Киржавайнен айым.

Адамзат коому эзелтен бери ар кыл бактерияга мол чөйрөдө жашап көнгөн. Бирок аалымдар ылдам урбанизациядан улам киши жаңы микробиотага тез ыңгайлаша албай жатканын айтышат.

------------------

*Микробиота - белгилүү чөйрөдө (кыртышта, абада, кишинин ичеги-кардында) жашаган микроорганизмдердин жыйындысы.

(Булагы: https://lactobacto.com, https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG