Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 02:22

Эт жана курт-кумурска жечү өсүмдүк


Эт менен тамактанчу кара кочкул сарраце́ния.

Канадада кескелдирик жечү өсүмдүк табылды. Лингивисттер кытай-тибет тилдеринин түркүмү 7000 жыл мурда пайда болгон дешет. Робот-автокөлүк Швецияда жүк ташый баштады. Чыгармачыл адамдардын мээсинин ойлонуу өзгөчөлүгү аныкталды.

Саламандра кескелдиригин жечү өсүмдүк

Жырткыч өсүмдүк кара кочкул сарраце́ния (лат. Sarracenia purpurea purpurea) деп аталат. Саламандра кескелдиригин жечү өсүмдүктү Канаданын Гуэлф университетинин (University of Guelph) биологдору Онтарио провинциясынын Алгонкин парк-коругунан табышты.

Сазда өсчү S. purpurea purpurea саламандранын балдарын тузакка түшүргөнүн проф. Алекс Смит (Alex Smith) 2018-жылы жайында студенттер менен чогуу жүргүзгөн изилдөө аныктаган.

Изилдөөчү Патрик Молдован (Patrick Moldowan, University of Toronto) да август-сентябрь айларында жүздөн ашык кара кочкул сарраце́ниянын кумура-баштыгын текшерип, саламандранын балдарынын бештен бири жырткыч өсүмдүккө жем болгонун тактаган.

Бул кезде тегеректеги көл-көлмөлөрдөгү саламандралардын балдары личинкаларынан чыгышып, кургакка азык издегени агылып жөнөшөт.

Жырткыч өсүмдүк олжосун кумурага окшош жалбырактары менен кармайт, ал эми кумура-тузакка түшкөн саламандранын балдары 3 күндөн 18 күнгө дейре жашайт жана жамгырдын суусунда чирип жок болушат.

Жалбырак чымын-чиркейлерди аш кылчу фермент бөлөт.

Саламандралардын балдарынын узундугу 5 см жуук болот. Алар «эт жегич өсүмдүктүн» тузагына түшкөн курт-кумурскаларды жегени киреби же башпаанек издеп барабы - аны окумуштуулар дагы изилдешет.

Nepenthes түркүмүндөгү тропикалык өсүмдүктөрдүн кумуралары да жер казгыч чычкандар менен жарганаттар үчүн даараткана катары кызмат кылып, алардын заңы менен азыктанышат.

Окумуштуулар мурда жырткыч өсүмдүктөр курт-кумурскалар менен чымын-чиркейлердин калдыктарын жеп тамактанышат деп боолголоп жүрүшкөн.

Проф. Смиттин айтымында, жаныбарлардын балдары ачкачылыктан, ысыктан же жугуштуу оорудан өлүшү да ыктымал. Ал эми өсүмдүк азык заттар, өзгөчө сазда жетишпеген азот менен азыктаныш үчүн эт жечү жырткычка айланышы мүмкүн.

(Булагы: https://www.newscientist.com, https://news.uoguelph.ca)

Робот-автокөлүк Швецияда жүк ташый баштады

13-июнда Швециянын Гётеборг портунда бир нече «Volvo Vera» автокөлүгү ишке чыкты. Айдоочусу жок робот-автокөлүк жүк салынган контейнерлерди саатына 40 чакырым ылдамдык менен ташыйт. Жаңы автокөлүк жүк тартуучу «Volvo Trucks» электр автокөлүгүнүн негизинде жасалгандыктан, анын трансмиссиясын жана аккумуляторун колдонот; шассиси жана кузову универсалдуу кылып жасалгандыктан, төрт дөңгөлөктүү робот-автокөлүк деңиз үчүн жана авиациялык контейнерлер салынган стандарттуу чиркемелерди ташууга ыңгайлашкан.

Швециянын «Aktiebolaget Volvo» концерни электр кубатынан иштеген робот-автокөлүктү коомчулукка былтыр октябрда биринчи жолу көрсөткөн.

«Vera» робот-автокөлүктөрү бир ишкананын же порттун аймагында иштегенде диспетчердик борбор аркылуу өз ара маалымат алмашып турушат. Бул аларга транспорт агымын оптималдуу пайдаланууга, жүктү белгиленген графикти бузбай ташыганга, өз ресурсун үнөмдүү иштеткенге шарт түзөт. Натыйжада жалпы чыгым азайып, каражат үнөмдөлөт.

Азыркы максат - бир нече «Vera» автомобилин диспетчердик мунарада отуруп башкаруу жана айдоочусу жок автокөлүктөрдүн бир айлампада натыйжалуу, тынбай, ийкемдүү режимде иштешине жетишүү.

Бул сыноочу программа Даниянын деңизде жүк жана жүргүнчү ташуучу DFDS компаниясы менен жарнакташып аткарылууда.

«Ызы-чуусу аз жана нөл эмиссиялуу автотранспорт каражаттары болочок логистикада маанилүү роль ойнойт. Андан ишкер чөйрө да, коом да утат,» - дейт «Volvo Trucks» компаниясынын автономдуу чечимдер боюнча вице-президенти Микаэл Карлсон (Mikael Karlsson). Анын айтымында, бара-бара «Vera» жүк тартуучу робот-автокөлүгү дагы чоң ылдамдыкта сынала баштайт.

Робот-автокөлүк келечекте өнөр жай зонасы менен порттордогу жолдордо пайдаланылат.

(Булагы: https://newatlas.com, https://www.cnet.com)

Кытай-тибет тилдери кантип пайда болгон?

Тилдердин бул түркүмүнө кытай, тибет, бирма сыяктуу абалкы адабий тилдер жана бүгүнкү 400дөн ашык тил кирет. Ал тилдерде Кытайда, Индияда, Бирмада жана Непалда 1,4 млрд. киши сүйлөйт.

Кытай-тибет тилдери болжол менен 7200 жыл мурда Түндүк Кытайды байырлап, таруу өстүргөн дыйкандар арасында пайда болгон.

Француз жана немис аалымдары байыркы жана бүгүнкү 50 кытай-тибет тилдерин филогенетикалык1 жактан изилдөөнүн негизинде ушундай бүтүмгө келишти.

Соңку 10 000 жылда Батышта жана Евразиянын чыгышында дүйнөдөгү тилдердин эки эң ири түркүмү пайда болгон. Бул эки түркүм дүйнө калкынын тилдеринин дээрлик 60% түзөт. Ал элдердин 3,2 миллиарды индоевропа жана 1,4 миллиарды кытай-тибет тилдеринде сүйлөйт.

Кытай-тибет тилдеринде сүйлөгөн элдер байырлаган аймак.
Кытай-тибет тилдеринде сүйлөгөн элдер байырлаган аймак.

«Тилдердин дүйнөдөгү эң көп түрдүүсү - кытай-тибет бүлөсү. Ал өзүнө түрдүү морфологиялык системаны: кытай, бирма, туцзя2 сыяктуу обочолонгон тилдерден тартып, цзян3 жана кирати4 тилдери сыяктуу полисинтетикалык тилдерди камтыйт, - дейт француз илимпозу Гийом Жак (Guillaume Jacques). - Бул тилдерди лингивистикалык жактан кантип салыштыруу боюнча билимибиз жакшырууда. Бирок үн системасынын жана грамматикасынын өнүгүшүнүн маанилүү өңүттөрүндө анча түшүнүксүз жагдайлар көп».

Бул тилдердин тарыхый жандырмагын табыш үчүн 50 кытай-тибет тилинин негизги сөздүгүн камтыган лексикалык маалымат базасы түзүлгөн. Ага 1000 жыл жана андан мурда сүйлөнгөн байыркы кытай, байыркы бирма, байыркы тибет жана бүгүнкү тилдердеги сөздөр кирген. Анан кубаттуу филогенетикалык эсептөө ыкмасынын негизинде кытай-тибет тилдеринин арасындагы мүмкүн болчу ыктымал байланышты табышкан. Андан соң бул тилдер качан пайда болушу мүмкүн экенин кытай-тибет тилдеринин эволюциялык дарагына таянып эсептешкен. «Эсептөөбүз боюнча тилдердин бул түркүмү 7200 жылдай мурда пайда болгон», - дейт германиялык лингивист Саймон Гринхилл (Simon J. Greenhill).

Түшүндүрмө:

1Филогене́тика Жердеги жашоонун бүгүнкү жана өлгөн түрлөрүнүн арасындагы эволюциялык карым-катнашты изилдейт.

2туцзя - Кытайдагы 8-чи чоң улуттук азчылык, саны 8 миллион адамдан ашат.

3цзян (англ. Qiangic) тилинде Кытайдын түштүк-чыгышында, анын ичинде Сычуань менен Юннань провинцияларында жана Тибетте сүйлөшөт.

4кирати (анг. Kirati) - Индустан субконтинентинин Гималай аймагында жашаган улут.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://phys.org)

Чыгармачыл адамдын мээси кандай иштейт?

Жазуучулар, сүрөткерлер, актёрлор менен режиссёрлор мээнин кыялданууга, элестетүүгө, фантазияга жооп берген бөлүгүн башка адамдарга караганда мыкты пайдаланышат. Муну АКШнын Дартмут коллежинин (Dartmouth College) окумуштуулары аныкташты.

Чыгармачыл адамдар беш жашында өздөрүнө дос ойлоп табышат, өспүрүм курагында болочок сүйгөн кызын көз алдына элестетишет, эр жеткен кезинде ийгиликке жетүүнүн, сатып алчу үйүнүн планын иштеп чыгышат, саякатка барчу өлкөлөрүн пландашат.

Доцент Меган Мейердин айтымында, жазуучу бөлөк бирөөнү өзүнө бейтааныш ландшафттын ичинде элестетип, көз карашын сүрөттөп бере алат.

Чыгармачыл адамдардын гипотетикалык реалдуулукту көз алдына элестете билүү жөндөмүн түшүнүш үчүн Мейер айым жана анын кызматташтары атайын изилдөө жүргүзүшкөн. Адегенде эксперименттин ыктыярдуу 300 катышуучусу биздин планета 500 жылдан кийин кандай болорун, зулум диктатордун бийлигиндеги жашоону сүрөттөп беришкен. Ошондой эле автокалемди колдонуунун максималдуу жолун же мегафондун ишин жакшыртыш керек эле. Бул тапшырманы жакшы аткаргандар четтеги элестетүүнү (distal imagination) мыкты пайдаланышкан.

Бул тест кийин жазуучулук, актерлук, режиссерлук жана сүрөтчүлүк жөндөмү бар 100 катышуучу менен кайталанган. Тестти жөндөмдүү финансисттер, юристтер жана дарыгерлер да аткарышкан.

Дилбаян жазууда жана оозеки сүрөттөөдө чыгармачыл адамдар мыкты баа алышкан. Ушундан улам илимпоздор такай топ ыргыткан бейсболчулардын колу спорт менен машыкпаган адамдардын колуна караганда күчтүү болгондой эле чыгармачыл адамдар да «күчтүү элестетүү булчуңдарына» ээ деп түшүндүрөт.

Береги булчуңдар кандай иштегенин билиш үчүн 27 чыгармачыл жана 26 жөнөкөй катышуучу магниттик-резонанстык томографтын астында текшерилген. Акыркы 24 сааттагы окуяны элестетүүдө эки топтогулардын тең мээси бирдей иштеген. Андан мурда болгон окуяларды элестетүү маалында чыгармачыл кесиптегилер гана мээнин дорсомедиалдык дефолттук тор желесин (dorsomedial default network) пайдаланышкан. Мээнин бул бөлүгү алар эс алып жатканда да иштеп турган.

«Бул чыгармачыл акыл-эсти түшүнүүдө алдыга ташталган чоң кадам. Эксперименттин жыйынтыгы кишинин мээси түрдүү кырдаалдагы образдарды кантип көз алдына элестеткенин жана чыгармачыл адамдардын алыскы келечектин картинасын көрө билүү өзгөчөлүгүн түшүнүүгө көмөктөшөт», - дейт Пенсилвания университетинин профессору Роджер Бити (Roger Beaty).

Гарвард университетинин профессору Дэниел Шактерттин (Daniel Schacter) айтымында, эмки милдет - «Машыгууу аркылуу дорсомедиалдык дефолттук тор желесининин ишин күчөтүү мүмкүнбү?» деген суроонун жообун табуу.

(Булагы: https://www.scientificamerican.com, https://www.idex-hs.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG