Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Жасалма эттин доору жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жылуу ванна же душ жакшы уйкуга көмөкчү. Жошуа дарагы 50 жылда бештен бирге азаят. Жасалма эт келечекте табигый этке атаандаш болот. Териден 1000 эсе сезимтал жасалма тери.

Жошуа дарагы Американын түштүк-батышындагы Мохаве чөлүндө өсөт. Анын көчөтү 10 жашка чейин жылына орточо 7,6 см, андан кийин жылына 3,8 см гана өсөт. Башка дарактардай сөңгөк шакеги жок болгондуктан, анын жашын аныктоо мүмкүн эмес. Тамырлары 11 метр тереңге чейин кирип кетет. Эң бийигинин бою 15 метрге жетет. Жалбырактары камыштыкына окшош болот. Жетилген кезде жаңы буталган тыт дарагына түспөлдөшүп кетет.

Жошуа дарагынын көчөттөрү уругунан өсөт. Бирок кээ бирлери гилас сыяктуу тамырынан көбөйөт. Жаш көчөтү чөлдүн катаал шартына туруштук берсе, үч кылым жашайт.

Бул ажайып дарак, ботаниктердин ырасташынча, Мохаве чөлүнүн катаал шартында 2,5 миллион жылдан бери өлбөй өмүр сүрүп келет. Бирок алардын абалын изилдеген ботаниктер климат өзгөргөнгө байланыштуу жошуа дарагы тукум курут болушу мүмкүн деп эскертти эколог - ботаник Линн Свит (Lynn Sweet, University of California, Riverside) баштаган окумуштуулар тобу.

Изилдөө Түштүк Калифорниядагы жошуа дарагынын улуттук паркында (Joshua Tree National Park) жүргүзүлгөн. 3200 кв. км аянттагы паркта береги дарактан 4 миң түптөй бар.

Эгер күнөсканалардан чыккан газдын көлөмү олуттуу чектелип, жайкы температура 5,4 градустан көп жогорулабаса, 2070-жылдан кийин парктагы Жошуа дарактарынын 19% чамалуусу гана жоголбойт. Эгер күнөсканалардын газды бөлүүсү чектелбей, жайкы температура 5 C жана андан көп ысыса, кылым соңуна дарактарынын 0.02% гана тирүү калат.

Дүйнөдө абанын температурасы ысыган сайын кургакчылык күчөй баштайт. Андан улам Мохаве чөлүндө жаан-чачын аз болот. Жетилбей куураган жошуа дарактары көбөйөт жана келерки 50 жылда алардын ар бешинчиси гана тирүү калат деп жоромолдошот илимпоздор.

Ботаниктердин аныкташынча, дөң жерлерде өскөн жошуа дарактары талаа жерлериндеги «туугандарына» караганда климаттын сыноосуна туруктуу болушат. Дөңдөрдө аба түзөң жерге караганда салкын болгондуктан, дарактар нымды жакшы сакташат.

«Бул кереметтүү дарактардын тагдыры биздин колубузда. Алардын саны келечекте дагы азаят, бирок канчага азаяры бизге байланыштуу», - дейт эколог-ботаник Л. Свит.

(Булагы: https://www.livescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Роботтордун териси кишиникинен сезимтал

Сезгичтиги кишинин терисинен кем эмес жасалма нерв система - асинхрондуу коддолгон электрондук тери (Asynchronous Coded Electronic Skin -ACES) деп аталат. Мындай сенсордук системаны Сингапур улуттук университетинин (National University of Singapore) доценти Бенжамин Ти(Benjamin Tee) менен коллегалары жасашты.

Уникалдуу сенсордук система ысык-суукту кишинин терисинен 1000 эсе ылдам сезип, реакция жасайт. Алсак, түрдүү сенсорлор арасындагы физикалык контактты 60 наносекундага жетпей ажыратып билет. Бүгүнкү е-терилер мындай сезгич эмес. Ошондуктан жаңы илимий табылга роботтор жана протездерде колдонулса, алардын е-терилери кишинин терисинен да сезгич болот.

Асинхрондуу коддолгон электрондук тери бузулса, жеңил оңдолот. Анткени аны башка электрондук терилердин сенсорлоруна туташтырса да иштей берет.

ACES электрондук нерв системасы объекттин түзүлүшүн (текстура), катуулугун жана формасын 10 миллисекундада же көз ачып жумганча так аныктайт.

ACESтин азыркы е-терилерден өзгөчөлөткөн дагы бир касиети - кишинин нерв системасы сыңары ар кыл сигналдарды туя алганы. Ал бир нече сенсордон туруп, жалгыз электр өткөргүчкө туташса дагы ар бир сенсору өз алдынча иштей берет. Е-терилер өз ара байланышкан өткөргүч системага бириктирилгендиктен, бузулса оңдоо жана көлөмүн кеңейтүү кыйын.

«Кишинин сенсордук нерв системасы абдан эффективдүү болгондуктан, ушундай иштеши керек турбайбы деп ойлойбуз. Ал оңой менен бузулбайт да. Мисалы, колубузду кесип алсак кесилген жерибиз ооруйт, бирок сезим-туюмубуз жабыркабайт. Биз өз биологиялык системабызды имитация кыла алчу болсок, жасалма тери көп колдонулган робототехника тармагында чоң ийгиликке жеткенге мүмкүндүк алабыз», -дейт доцент Ти.

ACES электрондук нерв системасын температураны жана нымдуулукту өлчөөчү сенсорлор менен туташтыруу жеңил болгондуктан, аны эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорку е-терилерди жасоо үчүн да колдонуу мүмкүн. Мисалы, ACESти өңү тунук, өзү калыбына келчү, суу өткөрбөс тери менен айкалыштырып, кишинин терисиндей жарааты өзү айыкчу терини жасаса болот. Мындай тери менен протез бутту же колду (манжаларды) каптап койсо, майыпка сезим-туюмун калыбына келтирүүгө көмөктөшөт.

Аны кырсык болгон жайларда иштечү же буюмдарды таңгактачу интеллектуалдык роботторду жасоо үчүн пайдаланса болот.

«Кишилер сезим-туюмун чөйчөктөгү кофени ичүү же кол алышып саламдашуу сыяктуу көнүмүш иштерди аткаруу үчүн пайдаланышат, - дейт доц. Ти. - Сезим-туюмсуз басканда тең салмактуулукту сактабайбыз. Ушул сыяктуу эле роботтор кишилер менен эриш-аркак иштөө үчүн алардын да сезим-туюму болушу абзел. Тилекке каршы, роботтор алиге чейин объекттерди кишидей жакшы сезишпейт».

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://news.nus.edu.sg)

Жасалма эттин атаандаштыгы

2030-жылы лабораториялык шартта өстүрүлгөн жасалма эттин баасы дүйнөлүк базарда 85 миллиард долларга жетиши ыктымал. Анын бир далили: вегандар үчүн бургер жасаган «Beyond Meat» компаниясынын бир акциясы июнь айында 200 доллардан кымбат сатылды. Акциянын баштапкы баасы 25 доллар болчу.

Швейцариянын «UBS Global Wealth Management» финансылык холдингинин прогнозу боюнча 2030-жылы колдонуудагы айыл чарба технологиясы бүгүнкү 135 миллиард доллардан 700 миллиард долларга чыгат. Ал эми дүйнөлүк базарда өсүмдүк белогу же жасалма эттер азыркы 4,6 миллиард доллардын ордуна 85 миллиард долларга сатылчу болот.

Ушу тапта айыл чарбасына жерлердин 40%, күнөсканалар бөлгөн газдардын 30% жана керектелген таза суунун 70% туура келет.

Эсептөөлөргө караганда, 2050-жылы дүйнө калкы 10 миллиардга жетет; өнүгүп бараткан өлкөлөрдө жашаган миллиардаган кишилердин кирешеси алда канча өсүп, алар акчасынын көбүн этти тоё жегенге сарптачу болушат. Мисалы, Кытайдын экономикасы өскөн сайын, өлкөдө этти керектөө да көбөйүп жатат. 1960-жылдары Кытайда жан башына бир жылда 5 кг чейин эт керектелсе, 1980-жылдардын аягына 20 кг эт керектелип калган. Соңку жыйырма жылда береги көрсөткүч үч эседен да көпкө өстү. Азыр жан башына бир жылда 60 кг ашык эт керектелет.

Илимпоздордун айтымында, этти «опол тоодой» орошон өндүрүү мүмкүн да эмес жана анын кереги да жок. Бүгүн өсүмдүк белогу эттей эле калория берет; андай белоктор өңү, даамы жагынан эт, балык, жумуртка жана сүт азыктарынан эч деле айырмаланбайт. Бара-бара технология өнүккөн сайын өсүмдүк белогу табигый азыктардан өңү-түсү, даамы жагынан эч кем калышпай калат.

Ошон үчүн келечекте керектөөчүлөргө бир кыйла арзан жана «этке окшош» өсүмдүк белогу сатыла баштайт. Бул арийне рыноктогу сегменттин өзгөрүүсү менен коштолот. Анын натыйжасында, нак эт дөөлөттүн бир предметине айланат, базардагы боштукту жасалма эт же өсүмдүк белоктору толтурат.

АКШдагы «Good Food Institute» уюмунун маалымдашынча, 2018-жылы эт ордуна керектелчү өсүмдүк белокторун сатуу 10% өссө, эт азыктарын сатуу 2% гана өскөн. Азыр жасалма этти «Burger King», «White Castle» жана «Red Robin» сыяктуу ресторандар тарамы да сатышат.

UBS финансылык холдингинин прогнозу боюнча 2030-жылга айыл чарбасында интеллектуалдуу технологияны колдонуу (Smart Farming) жана тамак-ашты Интернет аркылуу жеткирүү 16%, уруктук данды химикаттар менен дарылоо 13%, уруктар жөнүндөгү илим 9% өсөт.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан «Smart - AKIS» компаниясынын маалыматына ылайык, АКШдагы фермерлердин 80% жакыны «Smart Farming» технологиясын колдонот. Европада бул көрсөткүч 24 проценттен ашпайт.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://markets.businessinsider.com)

Жылуу ванна же душ жакшы уйкуга көмөкчү

Техас университетинин (University of Texas at Austin, UoT) окумуштуулары түнкүсүн жакшы уктоо үчүн төшөккө жатаардан мурда жылуу душ кабыл алган же жылуу ваннага түшүп алган жакшы деп кеңеш беришет.

Алар Түштүк Калифорния университетинин (University of Southern California) аалымдары менен чогуу 5 322 изилдөөнү талдап чыккан соң ушундай жыйынтыкка келишти.

Уйкуну жакшыртуу үчүн суунун оптималдуу температурасы 40-43°С болууга тийиш. Эгер уктаардан 1-2 саат мурда ванна «кабыл алынса», уктап кетчү убакыт орточо 10 мүнөткө кыскарат.

Изилдөөдө айтылгандай, кишинин дене табы кайсы бир деңгээлде уйку циклине (дененин эс алуу цикли) таасир этет. Кишинин денеси күндүн экинчи жарымында (кечки саат 5 менен 9дун ортосунда) уктап жаткан кездегиден жылуураак болот. Уйку учурунда дененин температурасы күндүн башка убагына салыштырганда төмөндөйт жана уйкунун ортосу менен аяк ченине жуук эң төмөнкү температурага түшөт.

Демейде киши ойгончу убакта дененин температурасы жогорулай баштайт. Муну окумуштуулар «кишинин биологиялык будильниги» деп мүнөздөшөт.

Жылуу ванна жана душ организмдин терморегуляция системасын ишке салат, ички органдардан буттун жана колдун учуна (дененин периферия) кандын жүгүрүүсүн жакшыртып жылуулук берет. Ошон үчүн окумуштуулар жылуу ванна же душту уктаардан 1-2 саат мурда кабыл алса, организмдин табигый уйку циклине өтүүсүнө көмөктөшөт деп кеңеш беришет.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG