Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 19:41

Жынысын өзгөртө алган ургаачы балык


Жынысын өзгөртө алчу башы көк талассома балыгы.

Кишини жүзүнөн таанычу акылдуу айнек. Жынысын өзгөрткөн ургаачы балык. 113 миллион жыл мурдагы лилия гүлү. Бээжиндеги 11,3 миллиард долларлык мега-аэропорт.

Жынысын өзгөртүп алчу ургаачы балык

Жан-жаныбарлардын жынысы төрөлгөндөн өлгөнчө өзгөрбөгөнү талашсыз чындык. Бирок балыктардын 500дөй түрү жетилген курагында жынысын өзгөртөрүн жана алардын жынысынын өзгөртүшү айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө жооп болорун биринчи жолу жаңы зеландиялык окумуштуулар башында турган эл аралык илимий топ аныктады. Бул топтун курамында Австралиянын Ла Тробе университети (La Trobe University) менен АКШнын Түндүк Каролина мамлекеттик университетинин (North Carolina State University) генетиктери бар.

Генетиктер бул кубулушту Кариб деңизиндеги коралл рифтеринде байырлаган башы көк талассома балыгынын (Thalassoma bifasciatum) чоң үйүрүнөн байкашкан. Башы көк талассоманын эркек атаманы өңү сары ургаачы балыктардын үйүрүнө эркек балыктарды жолотпой кайтарат. Эгер атаман үйүр менен кошо жок болуп калса, ургаачы балыктардын эң сөөлөттүүсү 10 күндүн арасында аңги эркекке айланат. Өзүн үйүргө айгыр сезген ургаачы балык үчүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө бир нече мүнөт керек болсо, өңүн алмаштырууга бир нече саат гана керек. Ал арада ургаачы балыктын энелик бези аталык безге айланып, 10 күн дегенде ал аңги балык тейде эрендик (сперматозоид) бөлө баштайт.

«Башы көк талассома балыгынын жынысы визуалдык сигналдын натыйжасында абдан ыкчам алмашат. Алардын жынысын натыйжалуу өзгөрткөнү ондогон жылдар бою табышмак болуп жүрдү. Гендери өзгөргөн жок. Ошон үчүн бул алардын гендерин «өчүрчү жана күйгүзчү сингал болуш керек», - дейт профессор Женни Грейвс (Jennifer Ann Marshall Graves, Australia). Анын айтымында, ажыдаар-кескелдириктер генин температурадан улам өзгөртүшөт. Температура эркектердин жыныстык хромосомундагы генди өзгөртүп, анын натыйжасында түйүлдүктөн ургаачы ажыдаар-кескелдирик өсүп чыгат.

Илимпоздор балыкка жынысын өзгөрткөндө денесиндеги кайсы гендери кантип «күйгүзүлөрүн» жана «өчүрүлөрүн» билиш үчүн генетикадагы эң акыркы жетишкендикти, атап айтканда, өндүрүмдүүлүгү жогору РНК иреттештирүүнү (орусча- секвенирование; англ. RNA sequencing, RNA-seq) жана эпигенетикалык талдоону пайдаланышкан.

Изилдөө башы көк талассома балыгынын жынысын алмаштыруусу жыныстык безинин - гонадасынын генетикалык жактан өзгөрүшү менен байланыштуу экенин көрсөткөн. Бул процесс маалында, д-р доктор Эрика Тодд (Erica Todd, University of Otago, New Zealand) билдиргендей, оболу энелик бездин жашоосуна зарыл гендер «өчүп» (токтоп), анан эркектин жыныстык органы калыптанчу гендер «күйөт» (ишке кирет).

Араван түркүмүндөгү (лат. Osteoglossidae) балыктар да жынысын өзгөртө алышат. Окумуштуулар бул балыктарда чөйрөнүн таасиринен улам генин контролдоочу көөнө механизмдер бар деп боолголошот.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.otago.ac.nz, https://advances.sciencemag.org)

Кишини жүзүнөн таанычу акылдуу айнек

Акылдуу айнек кишинин жүзүн же сандарды эч кандай сенсорсуз, схемасыз же электр кубатын пайдаланбай тааныйт.

Мындай акылдуу айнекти жасоонун ыгын АКШдагы Висконсин-Мэдисон университетинин (University of Wisconsin-Madison) инженерлери иштеп чыгышты. «Биз (видео, фото) камералардын, сенсорлордун жана терең нейрондук желелердин фокусун жука айнектин бөлүгүнө топтош үчүн оптиканы пайдаланабыз», - дейт проф. Зоңфу Ю (Zongfu Yu).

Бүгүн эң мыкты деген смартфондор ээсин жүзүнөн тааныйт. Мындай технология менен жабдылган көздүү компьютерлер менен жасалма интеллект тийиштүү ресурстарды жана энергияны керектейт.

Проф. Зоңфу Ю жетектеген инженерлер ойлоп тапкан теңгедей айнек бетине кол менен жазылган санды тааныды.

Сандын сөөлөтүнөн чагылган жарыктын нуру айнектин бир четине түшүп, андан соң айнектин экинчи четиндеги тогуз темгектин бирине топтолуп, аны бажырайтып көрсөтөт. Айнектин экинчи четиндеги тогуз темгилдин ар бири бирден тогузга чейинки тийиштүү санга бап келет.

Чоңдугу ширеңкенин кутусундай акылдуу айнек.
Чоңдугу ширеңкенин кутусундай акылдуу айнек.

Айнектин бир четиндеги 3 санын 8 кылып оңдогондо, жарык ошол замат айнектин экинчи четиндеги 8ди бажырайтып жарык кылган. Атап айтканда, айнек бир санды экинчи санга кадимки жарыктын ылдамдыгындай ылдамдык менен өзгөрткөн.

Система же акылдуу айнек «толук автоматташтырылган» жана анын тулкусуна «эсептөөчү механизм» орнотулган. Ошондуктан маалыматты кайра иштетиш үчүн процессорго жөнөтүүнүн кажети жок. Ошондой эле, маалыматты кайра иштетиш үчүн электр энергиясы да керектелбейт.

«Биз айнекти бир гана кишинин жүзүн таанууга бапталган биометрикалык кулпу катары пайдалана алдык, - деп түшүндүрөт профессор Ю. - Андай кулпу жасалган соң, не электр энергиясын, не Интернетти пайдаланбай түбөлүк иштейт. Демек, ал сизге зарыл маалыматты миңдеген жылдар бою сактай алат».

Жөнөкөйлөтүп айтканда, жасалма интеллект ыкшоо же инерттүү объектинин ичине жайгаштырылган.

Колумбия университетинин профессору Миң Юандын (Ming Yuan, Columbia University) түшүндүрмөсү боюнча, жаңы технология бир кыйла татаал маселелерди электр энергиясын түк пайдаланбай, бир көз ирмемге жеткирбей аткарганы менен баалуу.

«Мындай маселелер жасалма интеллектти жасоого негиз болот. Анын ичинде муну айдоочусу жок автомобилдерди жол чырактын жарыгын тааныганды үйрөтүү, үй тиричилигинде колдонулчу буюмдардын үн менен башкарылчу системасын иштетүү үчүн пайдаланса болот»,- деди проф. Юан.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.zmescience.com)

113 миллион жыл мурдагы лилия гүлү

Таш болуп калган көөнө лилия Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Крато муниципалитетиндеги тузсуз көлдүн ордундагы акиташтын катмарынан табылды. Cratolirion bognerianum деп аталган лилия гүлүн Берлиндеги Табият музейинин ботаниги Клемент Коффард (Clément Coiffard, Museum für Naturkunde, Leibniz Institute for Evolution and Biodiversity Science) тапкан.

Жашы 113-115 миллион жылды камтыган лилия - эң байыркы белгилүү бир үлүштүү өсүмдүктөрдүн бири. Бир үлүштүү өсүмдүктөргө орхидея, лилия жана ландыш гүлдөрү жана ширеси даамдуу чөптөр, анын ичинде стевия ( Stevia rebaudiana) жана таттуу липпия (Lippia dulcus, же Phyla scaberrime, же Lippia mexicana) кирет. Таттуу липпияны ботаниктер «ацтектердин чөбү» деп аташат. Стевия канттан 500 эсе ширин өсүмдүк.

Бүгүн дүйнөдө гүлү жыныстык көбөйүү фунциясын аткарган жана андан урук өскөн 350 миңден көп гүл же өсүмдүк кездешет.

Окумуштуулар билдиргендей, Cratolirion bognerianum - бүгүнкү күнгө чейин жоголбой сакталып калган жана чоңдугу боюнча экинчи орундагы гүлдөрдүн бири. Бул класстагы гүлдөргө ландыштар менен орхидеялар да кирет.

Cratolirion bognerianum 65 миллион жылдан мурдараак болгон массалык кыйраканда өлбөй тирүү калган. Бул алаамат кыргын динозаврларды тукум курут кылган.

Таш болуп калган Cratolirion bognerianum гүлү.
Таш болуп калган Cratolirion bognerianum гүлү.

Эзелки лилиянин бою 40 сантиметрге жакын болот. Гүлдүн тамырлары, чанагы, кууш жалбырактары жана кээ бир клеткалары ташка айланып калса да өзөгү микроскопсуз эле даана көрүнүп турат.

Ботаниктер Кратодогу мурдагы тузу жок көлдүн ордунан табылган эң эзелки эки үлүштүү гүлдөрдүн көбүн эбак сүрөттөп жазышкан. Алардын арасында суу лилиялары, кургакка туруктуу магнолия, калемпир менен лаврдын түрлөрү бар.

АКШдан, Португалиядан, Кытайдан жана Аргентинадан табылган гүл ачуучу өсүмдүктөрдөн айырмаланып, Крато көлүндөгү флора алда канча бай экен. Мунун себеби көлдүн төмөнкү географиялык кеңдикте жайгашуусуна байланыштуу болушу мүмкүн.

Ботаниктер төмөнкү географиялык кеңдикте табылган лилиянын Cratolirion bognerianum түркүмүн жана башка гүлдүү өсүмдүктөрдүн калдыктарын изилдешкенден кийин гүлдүү өсүмдүктөр абалы тропикалык зонада пайда болгон деген жыйынтыкка келишти.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

Бээжинде 11,3 миллиард долларлык мега-аэропорт курулду

Расмий маалымдалгандай, эл аралык Дасин (Beijing Daxing) мега-аэропортунун курулушу пландалгандай эле 30-июнда бүткөрүлгөн. «Кытай аба жолдору» компаниясынын учактары июнь айында мега-аэропорттун тасма жолдорун жана техникалык каражаттарын сынап көрүштү.

Аэропорттун чатырынын аянты 1 млн. чарчы метрге барабар же ар бири 7140 чарчы метрлик орто чоңдуктагы 140 футбол стадионуна тең.

Бээжинден 46 чакырым алыстагы жаңы мега-аэропорттун терминалын белгилүү англиялык архитектор Заха Хадид долбоорлогон. Дасин аэропорту Бээжиндин Шоуду аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн агымын жеңилдетүү максатында курулган.

Жаңы аэропорт быйыл 30-сентябрда иштей баштайт. Ага чейин аэропортко конуп-учуу боюнча 787 симулятордук тест өткөрүлөт.

Аэропорттун формасы кытай мифологиясындагы феникс кушуна окшош. Ал эми Шаоуду аэропортунун формасы ажыдаарды элестетет.

Маалыматтарга караганда, аба майданынын жүргүнчүлөрдү тейлөөчү терминалы дүйнөдөгү эң ири терминалдарга кирет. Терминалдын астында автоунаалар үчүн 80 миң чарчы метр аянт бар.

Өкмөттүк «Синьхуа» маалымат агенттиги билдиргендей, Дасин эл аралык аэропортунда авиалайнерлер учуп-кончу сегиз тасма жолу болот. Мега-аэропорт 2025-жылы толук кубаты менен иштей баштаганда жылына 72 миллион жүргүнчүнү жана 630 миң учакты тейлеп калат.

Бүгүн Кытайдын авиация тармагы дүйнөдө эң ылдам ыргак менен өсүп баратат. Себеби, калктын турмушунун оңолушу кытайлыктардын тышкы дүйнөгө чыгышына өбөлгө түзүүдө. Бир муун мурда кытай букаралары бардык каражатын күнүмдүк жашоого керектүү товарларды сатып алганга гана топточу.

(Булагы: https://www.thesun.co.uk, https://www.afp.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG