Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:29

Илим: отурушта адам курсагын аябайт


Георг Эмануэл Опицтин опкок адамдарды жектеген "Фёллер" деген картинасы. 1804-жыл.

Чачтан миң эсе ичке нанолазер. Коралл полиптери картайган организмди жашартып алышат. Аялдар музыкалык стилди эркектерге караганда аз жаратат. Киши көпчүлүк менен чогуу отурганда жалгыз тамактангандагыдан көп тамак жейт.

Чачтан миң эсе ичке нанолазер

Жаңы нанолазерди тирүү организм өгөйлөбөйт. Негизи айнектен жасалган нанолазер тканга зыянсыз болгондуктан, ткандын ичине кирип алып, абалын түздөн түз байкап турууга мүмкүндүк берет.

Нанолазерди АКШнын Түндүк Батыш жана Колумбия университеттеринин (Northwestern & Columbia Universities) окумуштуулары ойлоп табышкан.

Лазердин жоондугу 50-150 нанометр же кишинин чачынан болжол менен миң эсе (1/1000) ичке, энергияны аз керектейт.

Жаңы табылганын негизинде профилактиканын жана неврологиялык дарттарды (мисалы, эпилепсия) дарылоонун, диагностиканын жаңы технологиясын жана методдорун түзүү мүмкүн.

Лазер жарыктын узун толкунда козуп кыймылга келсе, салыштырмалуу кыска толкунунда шоола жаратат.

“Бир кыйла узун толкундар биокөрүнүш (сүрөттөп көрсөтүү) үчүн керек, себеби алар тканга узун толкундардын көзгө көрүнгөн фотондоруна караганда терең киришет. Ткандын терең бөлүктөрү көп учурда жарыктын кыска толкундарына да муктаж болот, - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири, проф. Тери Одом (Teri Odom). - Биз лазердин көзгө көрүнүп турчу жарыгын бир кыйла узун толкундар кире алчу тереңге эффективдүү жеткирчү таза оптикалык системаны иштеп чыктык”.

Лазер жарыктын узун толкунда козуп кыймылга келет, а салыштырмалуу кыска толкунунда шоола жаратат.

Жаңы нанолазерди жаратууда фотондук ап-конверсия (photon upconversion) методу колдонулду жана төмөнкү энергетикалуу инфракызыл фотондор жарыгы көзгө көрүнгөндөй диапозондогу фотондорго айландырылды. Бул методдо бир нече төмөнкү энергетикалуу фотонду бириктирип, жогорку энергиялуу фотон алынат.

Дененин тереңине кире алган нанолазер өсмө же кылкурт (рак) болгон клеткалар менен күрөшүүнүн жаңы методун иштеп чыгууга жол ачат же аны пайдаланып, ткандын башка ыкмалар менен жетүү мүмкүн болбогон тереңиндеги коркунучтуу шишиктерди алып салса болот. Мисалы, нанолазер менен Алцгеймер жана Паркинсон ооруларын жаратчу уулу белокторду майдалап же бөлүп жиберишет.

Профессор Т. Одомдун айтымында, жаңы нанолазерди медицина жана биотехнологиядан тышкары кванттык фотон схемаларында, ошондой эле микропроцессорлордо колдонуу мүмкүн.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.photonics.com)

Кораллдар да “ит жандуу” болушат

Жылуу толкундун ысыгы уруп өлдү деп эсептелген коралл полиптери картайган организмин калыбына келтирип алып, өлбөй жашай беришет. Мындай стратегия “жашаруу” (англисче "rejuvenescence") деп аталат. Анын тирүү далили биринчи жолу Жер Ортолук деңизиндеги Испанияга таандык Колумбретес аралдарында (Columbretes Islands) табылды.

Диего Керстинг (Diego Kersting, Freie Universität Berlin) жана Кристина Линарес (Cristina Linares, University of Barcelona) риф жаратуучу Cladocora caespitosa коралл полиптеринин 243 колониясына 2002-2018-жылдары полиптер үчүн коркунучтуу жай айларында байкоо жүргүзүшүп, ысык агымдардан жабыркаган полиптердин фотосүрөттөрүн жана эскиздерин далил катары тартып алышкан.

Кораллдар - бул полип деп аталган жүздөгөн жана миңдеген өтө кичинекей тирүү организм, жандыктар. Алар кальций карбонатынан (акиташ) сырткы скелет куруп, деңиздин түбүнө жабышып жашайт.

Климаттын өзгөрүүсү жана жайкы ысык толкундар Жер Ортолук деңизинин полиптерин стресске салып, ачарчылыкка дуушар кылып жүрөт. Анткени, жылуу толкундар полиптерди тирүүлөй кактап салат. Ысыкка чыдабаган полиптер бир клеткалуу симбиотикалык балырларды өздөрүнөн түртүп салышат. Мындай бир клеткалуу балырлардын жашоосу коралл полиптеринде өтүп, аларды азык болчу заттар менен камсыздашат. Балыры жок полиптердин өңү сур тартып, кыргынга учурашы мүмкүн. Алсак, 2003-жылкы жайкы ысыктын кесепетинен Колумбретес аралдарындагы кораллдардын үстүңкү катмары 25 процентке азайган.

Окумуштуулардын изилдөөсү жылуу толкундун “жапырыгына” кабылган полиптердин 38% тирүү калуунун стратегиясын иштеп чыгышканын айгинелеген. Атап айтканда, алар кичирейип, баштапкы скелетин бир аз өзгөртүп, кайра өсүп, кораллды мурдагы калыбына келтиришкен жана акырындап өлүү зоналарга жайылып, конушун кеңейтишкен. Бирок алар жылына 3 миллиметрден көп өсүшпөйт. Ал эми жылуу толкундар бир жайда кораллдардын үстүңкү катмарынын 5-8% тыйпыл кылып кетет.

Д-р Керстингдин айтышынча, кораллдар үчүн негизги коркунуч климаттын өзгөрүүсү, балыктарды ашыкча көп кармоо, айлана-чөйрөнүн булгануусу жана жээктердин урбанизациясы. “Бирок ушу чакта кораллдардын үстүңкү катмарынын чоң бөлүгүнүн азаюусу климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу болушу ыктымал. Климаттын жылуусу кораллдарды тыйпыл кылышы мүмкүн. Кээ бир кораллдар өлөөр алдында өңүн жоготот. Башка кораллдар, мисалы, Cladocora caespitosa сыяктуу өңү өчпөй туруп тындым болушат”, - деди Д. Крестинг.

Кораллдуу рифтердин мааниси океандар үчүн аябай чоң. Алар Жер бетинин 1 проценттен аз бөлүгүн түзөт, бирок деңиз жандыктарынын 25% чамалуусуна журт болуп берет жана дүйнөдөгү экосистемалардын ичинен коралдуу рифтер биологиялык жактан эң көп түрдүү.

Коралдуу рифтер дүйнөлүк экономика үчүн да маанилүү. Эсептөөлөргө ылайык, азык-түлүктүк, ресурстук жана жашоого зарылдык касиети жагынан алганда 500 миллион адамдын тиричилиги түздөн түз коралдуу рифтерге байланышкан.

(Булагы: https://www.newsweek.com, https://phys.org)

Музыка индустриясындагы гендердик теңсиздик

АКШнын Түндүк-батыш университетинин (Northwestern university) окумуштуулары социалдык тармактардагы тегдер аркылуу угармандар жиберишкен 571 жанрдагы чыгарманы изилдешип, рок, электрондук музыка, рэп, техно жана регги жанрлары көбүнчө эркектер менен, ал эми поп-музыка, вокал, R & B (Rhythm and blues), вокалдык жаз жана соул жанрында аял артисттер менен ассоциация болорун аныкташты. Угармандар 571 жанрдын дээрлик баарын кеминде бир мертебе эркек артистке аткарууга ылайыктуу дешсе, алардын теңине жетпегенин аткарууну аял артисттер үчүн ылайык дешкен. Бул факт, окумуштуулардын айтымында, аялдар музыкалык стилди эркектерге караганда аз жаратканын айгинелейт.

Музыка индустриясында аялдардын үлүшү 20 проценттен 25 процентке өссө да эркектер аялдарга караганда көп ыр жаздырышарын (чыгарышарын) изилдөө көрсөткөн. Алсак, 5 миңге жакын аудиокомпаниянын үчтөн бири гана өз тарыхында бир аял өнөрпөз менен келишим түзгөн.

Аял өнөрпоздордо чыгарма жаратууда жарнакташ авторлору эркек өнөрпоздорго караганда аз экенин, алар менен концерт уюштурган фирмалар эркектер сыңары көп кызматташпаганын, концерттик ишмердигинде структуралык тоскоолдуктар көп бөгөт болору, концерт үчүн аялдарга аз төлөнөрү да аныкталган.

Майкл Жексон (1958-2009) Сингапурдагы концертте. 31-август, 1993-ж.
Майкл Жексон (1958-2009) Сингапурдагы концертте. 31-август, 1993-ж.

Артистти аял же эркек деп аныктагандан мурда өнөрпоздун үнүнүн акустикалык өзгөчөлүктөрүнө, ырдын жанрына, өнөпоз табакты (сиди, компакт-диск) кайсы үн жазчу компания (студия) чыгарганы жана продюссердик түйүндөр менен кызматташуу деңгээлине көңүл бурулган.

“Бизге бул изилдөө аял-музыканттар кездешкен проблемаларды түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Идеалында, качандыр бир убакта аялдарга бу тармакта илгерилөөгө жардам берчү музыка бизнесиндеги “аялдар жолун” так билебиз. Ошону менен дүйнөлүк музыка сценасында таланттардын азыркыдан кенен чөйрөсүнө жардамдашабыз”, - деп түшүндүрөт доцент Агнес Хорват (Agnes Horvat). Илимпоз айымдын айтышынча, дүйнө жаштары музыкага кылдат мамиле кылышат жана өнөрпоздор көп учурда жаштар үчүн кийинүүнүн, эстетикалык табиттин үлгүсү, багыттоочусу да болушат. Ошон үчүн, музыка индустриясында өзгөрүүлөр жүрсө, башка тармактарга оң таасир этмек, деген ойдо А. Хорват айым.

Изилдөө эркектер менен аялдардын үндөрүнүн акустикалык мүнөздөмөсү бир кыйла айырмалангандыктан «типтүү аялдын үнү» жана «типтүү эркектин үнү» деп бөлүү туура экенин, мисалы, эркектер аткарган ырлар бийге жакын, ал эми аялдардын ырлары эркектердин ырларына салыштырганда алда канча акустикалуу болорун көрсөткөн.

2015-жылы Түштүк Калифорния университетинин доценти Стэйси Л. Смит (Stacy L. Smith,University of Southern California) Голивудда тартылган фильмдердеги каармандардын кеминде 28% аялдар, бирок кинорежиссерлордун 4% гана аял экенине көңүл бурган. Былтыр Смит айым 2012-2017-жылдары америкалык музыкалык журнал "Billboard" жарыялаган 600 мыкты (Hot 100) ырды анализдеп, бул ырларды аткарган 1239 өнөрпоздун 22,4% гана аялдар экенин көргөн.

Журналдын ошол тизмесиндеги популярдуу ырларды жазган 2767 “акын-песенниктин” 12,3% жана алты жылда жазылган 300 популярдуу ырлардын 2% продюссери аял болгон.

(Булагы: https://news.northwestern.edu, https://www.nytimes.com)

Кишилер кайсы учурда курсагын аяшпайт?

Бирмингем университети (University of Birmingham) жетектеген британиялык жана австралиялык окумуштуулардын тамак жегенге тиешелүү жаңы илимий ачылышы кыргыздарга да мүнөздүү көрүнүштү камтыйт.

Алар “тамак жегендин өзгөчөлүгүнө” байланыштуу 42 эмгекке метаанализ жасап, компания же отуруш кишинин тамакты көп жегенине олуттуу таасир этерин билишти. Тактап айтканда, киши той-ашта же отурушта көпчүлүк менен чогуу отурганда жалгыз тамактанган учурга салыштырганда орточо 48% көп тамак жейт. Ал эми толук аялдар компания менен отурганда өзү жалгыз кездегиден 29% көп тамак жеген.

Окумуштуулардын айтымында, мындай феномен “социалдык көмөктөшүүгө” же биздин байыркы ата-бабаларыбызга катаал шартта аман калууга жардамдашкан стратегияга байланыштуу.

Эзелки аңчы-жыйноочулар дайыма тамак-ашын бири бири менен бөлүшкөн жана эртеси непада ачка калбас үчүн тойо тамактанышкан. Ушундан келип, көпчүлүк менен чогуу отурганда тамакты ченебей жегенди жамаат өзү колдочу болгон.

Экинчи жактан, көпчүлүк менен чогуу тамактангандын пайдалуу жагы: кишилер социалдык карым-катнашын бекемдегендиктен, көпчүлүктүн катарында шамшум этип отурганды туура көрүшөт.

Минтип “курсак кампайганча” тамактануу учурлары жакшы тааныштар менен сырлашып отурганда гана болот, а бейтааныш чөйрөдө киши ченеп тамактанат дешет илимпоздор.

“Кишилер бейтааныштардын эсинде жакшы жактары менен калгылары келет. Ошон үчүн тамакты аз-аздан ченеп жеши мүмкүн… Бул айрыкча өздөрүн эсинде калтырууну каалаган эркектер менен чогуу тамактанып жаткан аялдарда жана “сугалактык кылып” сынга кабылбайын деген семиз адамдарда байкалат”, -дейт д-р Хелен Раддок (Helen Ruddock).

Окумуштуулар белгилешкендей, ата-бабалардан бери келаткан тамак-ашты бөлүшүп жеген бир кезде азык-түлүктү тең жана адилет бөлүүгө негиз болгон. Тилекке каршы, бул феномен азыр кишилерди натуура тамактанууга алып барууда. Мундай көрүнүш тоокторго, келемиштерге, чычкан түспөлдүү чөл кемиргичтерине да мүнөздүү.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://academic.oup.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG