Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:58

Жөргөмүш балдарын сүт менен чоңойтот


Жөргөмүштүн сүтүндөгү белок уйдун сүтүнө салыштырмалуу төрт эсе көп болот. Балыктын таштандыларынан биогаз алынат. Рак болгон клеткалар химиялык терапиясыз дарыланат. Курсактагы наристе бутун эмнеге тыбырчылатат?

Жөргөмүштөр балдарын кантип эмизет?

Секирчек жөргөмүштөрдүн (Salticidae) түркүмүнө кирген Toxeus magnus жөргөмүшү балдарын алгачкы 40 күн бою сүт берип багат.

Юннандагы Кытай илимдер академиясынын окумуштуулары T.Magnus жөргөмүшүнүн 19 желесине байкөө жүргүзүшкөн. Ар бир желедеги эне жөргөмүш балдарына азык алып келбесе да балдары чоңойо берген. Балдары 20 күн дегенде (өспүрүм курагына жеткенде) чоңдугу 3,5 мм болгон. Алар сүт эмүүчүлөр сыяктуу энесинин курсагына жабышып сорушкан.

Кылдат байкоо эне жөргөмүштөр адегенде балдарын сүткө окшош суюктук менен бакканын көрсөткөн. Алар обол желедеги уянын ичине сүткө окшогон суюктукту тамчыдай кылып калтырышкан. Бул суюктукту бала жөргөмүштөр ичип (жутуп) тамактанышкан. Кийин эне жөргөмүш чоңоюп калган балдарын курсагындагы жумурткасы чыкчу эпигастралдык кобулдан чыгуучу сүтү менен баккан. Береги сүттүн курамында кант, май, белок бар жана белок уйдун сүтүнөн төрт эсе көп болгон. Бул сүткө окшош азыктык зат күйгүзүлгөн уруксуз жумуртка болушу мүмкүн деп боолгошот окумуштуулар.

Ушундай эле жол менен бакалар балдарын багышат: алар балдары жесин дешип, жумурткаларын бөлүп коюшат.

Бөбөк жөргөмүштөр өмүрүнүн алгачкы 20 күнү тамактанышкан. Андан соң чоңойгон бала жөргөмүштөр уядан чыгышып, тамак-ашты өздөрү таап жешкен. Ага катар эле энесине келип, дагы 20 күн эпигастралдык кобулга жабышып, сүт эмишкен.

Окумуштуулар бала жөргөмүш жумурткадан чыгар замат жана азык берилип жаткан 20 күнү эпигастралдык кобулду бүтөп коюшкан. Ошондо биринчи учурда бала жөргөмүш 10-11 күндө өлүп тынган. Экинчи учурда бала жөргөмүштөрдүн тирүү калуусу 2% төмөндөгөн. 20 күндүк жөргөмүштөрдү эне жөргөмүштөн ажыратып койгондо, алардын жашап кетүүсү 25% кыскарган. Окумуштуулар мунун себебин уяда мителердин көбөйүүсү менен түшүндүрүштү. Мурда эне жөргөмүш мителердин көбөйүүсүнө жол берчү эмес.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы, кытайлык эколог Ханти Чендин (Zhanqi Chen) боолгошунча, лактациянын эволюциясын жана ата-энелердин балдарына болгон камкордугун кайра баалоого алып барат.

(Булагы: http://science.sciencemag.org, https://www.sciencedaily.com)

Балыктын калдыктарынан биогаз алынат

Норвегия балыкты кайра иштеткенден кийин калган таштандыларды суюк биогаз өндүрүү үчүн пайдаланат.

Норвегиянын круиздик, паромдук жана жүк тартуучу кемелер боюнча оператору "Hurtigruten" компаниясынын билдиришинче, алдагыдай суюк биогаз менен иштеген кемелер зыяндуу газдарды бөлбөйт жана абаны булгабайт.

“Башкалар отун проблема катары көргөндү, биз ресурс деп карайбыз. "Hurtigruten" круиздик кемелерде биогаз пайдаланып, кемелерди кен байлыктарын колдонбой иштеткен биринчи круиздик компания болуп калат”,-дейт аталган компаниянын аткаруучу директору Дэниел Скьельдам (Daniel Skjeldam).

Балыкты иштетүүдөн калган таштандыларды суюк газга айлантып жаткан кезде каңылжаарды жарган сасык жыт бөлүнөт. Мындай коңурсук жыт кычкылтексиз бузулган таштандылардан чыгат. Атап айтканда, метан менен көмүртектин кош окиси жана күкүрттүн суутеги пайда кылат. Алынган биогаз тазаланган соң суюк биогазга айлантылат.

Азырынча берегидей жол менен алынган биогазды жылуулук системалардын баарында колдонуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн "Hurtigruten" компаниясы 2021-жылга чейин аккумулятор жана суюк жаратылыш газы (LNG), ошондой эле биогазда иштеген алты кеме курууга чоң суммадагы каражат бөлөрүн жарыялады. Компания ушу чакта болсо гибриддик кыймылдаткыч (мотор) менен иштеген үч круиздик кеме курууда. Алар келерки үч жылда пайдаланууга берилет.

Д. Скьельдамдын айтымында, жаңы кемелер 14 күнгө чейин аккумулятор жана суюк газ менен иштеп, углеродду керектебей жүрө берет.

"Hurtigruten" компаниясынын кемелери 2050-жылы углеродду такыр иштетпей калат. Анын кемелери адамдарды Антарктика жана Арктикага саякатка алып барат.

Жалпысынан "Hurtigruten" жаратылышка зыянсыз круиздик кемелерди курганга 850 миллион доллар инвестиция салмакчы.

26-ноябрда Франциянын соту P&O круиз компаниясынын капитаны Evans Hoyt курамында күкүрт бар отунду кемеде жакканы үчүн аны 100 000 евро айыпка жыккан. Соттун өкүмүнө ылайык, анын 80 000 евросун P&O компаниясынын төбөсүндө турган америкалык-британиялык "Carnival Cruise Line" корпорациясы төлөйт.

(Булагы: https://www.cruiseindustrynews.com, https://www.marinelink.com)

Рак болгон клеткаларды жок кылчу генетикалык кнопка

Америкалык окумуштуулар рак болгон клеткаларды кыйратып жок кылчу молекулярдык өчүргүчтү (ажыраткыч) - микроРНКны (microRNA) табышты. Ал үчүн өчүргөчтү активдештирип коюу гана керек.

МикроРНКны активдештирип туруп, рактын клеткаларына өзүн өзү кыйратуу жөнүндө сигнал-маалымат жиберилсе, зыяндуу клеткалар аны аткарууга мажбур. Бул механизмди пайдаланып, организмди рак илдетинен химиялык терапияны колдонбой эле айыктырса болору айтылат.

Рак болгон клеткалар.
Рак болгон клеткалар.

РНК же рибонуклеи́н кислотасы - бардык тирүү организмдердин клеткаларында бар үч негизги макромолекулалардын бири. Алар гендерди коддоо, окуу, регуляция кылуу жана өзгөртүүдө маанилүү ролду ойношот.

Кишинин организминде клеткалар дайыма пайда болуп жана өлүп турушат. Бир мүнөттө кишинин денесинде 300 миллионго жакын клетка өлүп, жаңылары пайда болот. Бул организмди картайган, алмаштырууга болбой турган жана оору клеткалардан коргойт.

Ал эми рактын клеткаларында иммундук системанын өзүн өзү кыйратуу (жок кылуу) боюнча көрсөтмөсүн таназарга албай коюу жөндөмү бар. Ошого алар өлбөй тирүү калышат. Ал эми жаңы ачылыш рак клеткаларын көрсөтмөнү моюн толгобой аткартат.

Оболу Чикагонун Түндүк-Батыш университетинин (Feinberg School of Medicine - Northwestern University) илимпоздору организмдеги ар бир клетканын өзүн өзү жок кылуусун программалап койгондун механизминин алгоритмин жазышканы маалымдалган. Алар тапшырманы нокот бузбай аткарчу алты нуклеотидден (6mers) турган формуланы тапканга дейре негизин нуклеотид түзгөн 4096 комбинацияны сынап көрүшкөн.

“Биз өлтүрүү кодун билгенден кийин зыяндуу клетканы жок кылуу механизмин химиотерапияны пайдаланбай жана геном менен алышпастан эле ишке салак болот. Биз береги чоң эмес РНКларды клеткага түздөн түз киргизип, өлтүрүүчү кнопканы иштете алабыз”,-дейт проф. Маркус Э. Питер (Marcus E. Peter).

Үстүбүздөгү жылы, эсептөөлөргө караганда, Кошмо Штаттарда 1 735 350 кишиге рак оорусуна кабылган деген диагноз коюлат жана бул дарттан 609 640 киши жайран болот.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.nature.com)

Курсактагы бала өз денесинин “картасын түзөт”

Бул карта балага энесинин ичиндеги мейкиндикти изилдегенге жардамдашат. Муну англиялык окумуштуулардын (University College London) изилдөөсү аныктады.

Алар жаңы төрөлгөн бала тез уктап кеткен учурда бутун тарткан кезде мээсинде пайда болгон толкундарды ченеп көрүшкөн. Натыйжада, наристелердин мээсиндеги тез өчүүчү толкундар алардын буту тартканда мээнин тийиштүү бөлүгүндө пайда болгон: оң колу кыймылдаганда мээсинин сол жарым шарында мээ толкундары пайда болгон. Мээнин сол жарым шарында оң колдун кыймылы контролдолот. Ал эми ара төрөлгөн бөбөктөрдө мындай мээ толкундары аябай чоң болгон.

Бул илимий ачылыш “наристе курсакта жаткан акыркы үч ай ичиндеги бутунун тебүүсү мээнин сезүү үчүн жооп берген бөлүгүнүн өнүгүүсүнө жана анын өз денесин аңдап түшүнө баштоосуна жардамдашат” деген тыянак чыгарууга негиз болду. Курсактагы баланын кыймылынын натыйжасында мээде тез-тез пайда болгон толкундар алар бир нече айлык болгондон кийин байкалбай жок болуп кеткен.

“Наристенин өнүгүүсүнүн эң башкы этабындагы спонтандык кыймылдар жана курчаган чөйрөнүн ага карата реакциясы жаныбарларда, алсак, келемиштерде мээнин туура карта чийүүсү үчүн зарыл экени маалым. Биз бул касиет адамдарда мүмкүн экенин көрсөттүк”,-дейт изилдөөчүлөрдүн бири, д-р Лоренцо Фабрици.

Инкубатордо жаткан бөбөк.
Инкубатордо жаткан бөбөк.

Ал эми экинчи изилдөөчү Кимберли Уайтхед (Kimberley Whitehead) бул изилдөө бөбөк эми төрөлгөндөн кийинки баштапкы күндөрү аларга оптималдуу климаттык жагдайды түзүп берүү үчүн абдан маанилүү деп эсептейт. Себеби алар тыбырчылаганда, өздөрүн энесинин курсагында жаткандай сезиши керек.

“Биз байкаган кыймылдар уйку маалында болгондуктан, жаңы төрөлгөн бөбөктөрдүн уйкусу корголууга тийиш, -дейт К. Уайтхед.​- Мисалы, зарыл медициналык процедураларды минималдаштыруу аркылуу”.

Жатындагы балдардын мээсиндеги толкундар электроэнцефалограмманын жардамы менен өлчөнгөн жана наристе уктап жатканда жазып алынган. Изилдөөгө эки күндүк 19 наристе катышкан. Бул изилдөө жүргүзүлгөн учурда наристелердин гестациондук жашы 31 жума менен 42 жуманын ортосунда болгон.

*******

Гецтациондук жаш - аял акыркы ирет этек кир болгондон кийинки наристенин жашы.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.sciencedaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG