Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркады


Кара-Кулжа району.
Кара-Кулжа району.

2-июлда кечки саат 18:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Күйөө-Таш айылында сел жүрүп, 11 турак жай жана 250метр ички чарбалык жол жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары аймактагы жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да тартылды.

1-июль күнү саат 19:00 чамасында Алай районунда да катуу жааган жаандан кийин Гүлчө айыл аймагында сел жүргөн болчу. Анда Курманжан-Датка айылындагы 6 үйдүн короолорун сел каптаган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG