Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:57

Азербайжан туткундагы армян аскерлерин мина карталарына алмашты


Тоолуу Карабактагы армян аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Тоолуу Карабактагы армян аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжан туткундагы 15 армян аскерин мина карталарына алмаштырганын эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери маалымдашты.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги кайтарылып алынган Физули жана Зангилан аймактарындагы танктарга жана жөө аскерлерге каршы миналар коюлган жердин карталарын берүү келишимине Орусия ортомчулук кылгандыгын билдирди.

"Адамгерчиликтүү кадам катары Азербайжан тарап Арменияга 15 армян тектүү адамды өткөрүп берди. 1990-жылдардагы кандуу кагылышуу учурунда жер которгон адамдар өз жерлерине кайтып келиши үчүн, карталар адамдардын өмүрүн сактап калууга жана курулушту тездетүүгө жардам берет деген үмүттөбүз" деп жазылган маалыматта.

Армян бийлигинин билдирүүсүндө, мекенине кайткан жоокерлер өлкөнүн түндүк-батышындагы Ширак аймагынан.

Былтыр күзүндө эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак аймагы үчүн алты жумалык согуш чыккан. 6900дөн ашык адамдын өмүрүн алган жаңжал Армения, Азербайжан жана Орусия кол койгон келишимден кийин басылган. Ага ылайык, Ереван этникалык армяндар ондогон жылдан бери көзөмөлдөп келаткан жерлерди Азербайжанга кайтарган.
Азери бийлиги андан бери да миналардын жарылышынан 15 жайкын тургун мерт кетип, жүздөн ашууну жараат алышканын билдирүүдө. Тоолуу Карабак мурдагы Советтер Союзунун аймагында эң көп мина коюлган жер катары саналат.

Дүйнө жүзү аны Азербайжандын аймагы катары тааныйт. Бирок аны 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG