Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Жогорку Рада аскер аялдарга мамиле үчүн кечирим суроону талап кылды


Аскер аялдар Украинанын Эгемендүүлүк күнүндөгү парадда. Киев. 24-август, 2020-жыл
Аскер аялдар Украинанын Эгемендүүлүк күнүндөгү парадда. Киев. 24-август, 2020-жыл

Украинанын Коргоо министрлиги сайтына өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата аскер парадына даярдыктан сүрөттөрдү жарыялаган. Анда аскердик окуу жайлардын курсант кыз-келиндери бийик такалуу бут кийим кийип жүрүшкөнү тартылган.

Жогорку Раданын вице-спикери Елена Кондратюк жана башка депутаттар бул көрүнүштү кескин сынга алып, Коргоо министрлигинен аскер кыз-келиндерден кечирим суроону жана мындай мамилеге кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Депутат Марина Бардина “Фейсбуктагы” баракчасына коргоо министри Андрей Таран менен бул темада сүйлөшкөнүн, аскер аялдар парадга башка бут кийим менен чыгарын жазды. Депутат ошондой эле украин аскеринде гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча мыйзамдарды кабыл алуу каралып жатканын, үч мыйзам катталганын билдирди.

Украинанын аскер күчтөрүндө 31 миңден ашуун кыз-келиндер кызмат кылат, алардын 4100 ашууну офицерлер. 2014-жылкы өзгөрүүлөрдөн кийин куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн аялдардын саны эселеп көбөйгөнү кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG