Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Дарыгерлер экинчи жолу пандемияда кесиптик майрамын белгилеп жатышат


"Кызыл зонада" иштеп жаткан дарыгерлер. Ысык-Көл. Июль, 2020-жыл.
"Кызыл зонада" иштеп жаткан дарыгерлер. Ысык-Көл. Июль, 2020-жыл.

Дарыгерлерди кесиптик майрамы менен мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктап, элдин саламаттыгы үчүн иштеп жаткан кызматкерлердин өздөрүнө бекем ден соолук каалады. Президент ошондой эле COVID-19 илдети тууралуу да кеп кылып, вирус алып келген кризис — саламаттык сактоо жана башка көптөгөн тармактардын кризисине айланганын билдирди.

Жапаров саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жана саламаттыгын жакшыртуу жөнүндө иштер жүрүп жатканын, анын ичинде өлкөдө 14 жаңы медициналык мекеменин 11и курулуп бүтүп, ишке берилгенин белгиледи.

“Кооптуу илдетке каршы эң мыкты дарыгерлер, медайымдар жана санитардык кызматкерлерибиз талыкпай эмгектенип жатышат. Эл үчүн кылган ак кызматыңар, чыдамкайлыгыңар, кесиптик милдетиңерди так аткарганыңар, бейтаптарга кылган жылуу мамилеңер жана мээримге толгон жүрөгүңөр үчүн ыраазычылык билдирем!” деп куттуктады президент.

Июль айынын биринчи жекшембисинде Кыргызстанда медицина кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленет.

Коронавирустан 108 медицина кызматкери көз жумду. 33 маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан убада кылынган 1 млн. сом кенемте берилген.
Пандемия башталгандан бери 5580 медициналык кызматкер ооруга чалдыккан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG