Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

COVID-19: Тажикстанда милдеттүү түрдөө эмдөө киргизилди


Дүйшөмбү шаарындагы аэропорт. 2021-жыл.
Дүйшөмбү шаарындагы аэропорт. 2021-жыл.

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирди. Өлкөдө эмдөөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca, Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат.

Коронавируска каршы республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды. Штаб ошондой эле аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий саны жогору эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2-июлда 25 адам илдетке чалдыкканын, эки киши оорудан көз жумганын кабарлады.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 13,5 миңдей адам чалдыккан, 92 киши оорудан каза тапкан. Көз карандысыз эксперттер чыныгы көрсөткүчтөр алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Республикада коронавируска чалдыккан алгачкы адам 2020-жылы 30-апрелде аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG