Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Филиппинде аскердик учак кыйрап, кеминде 29 адам өлдү


Холо аралынын аскердик учак кыйраган аймагы.
Холо аралынын аскердик учак кыйраган аймагы.

Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйрап, андан 29 адам мерт болгону ырасталды. Өлкөнүн армиясынын өкүлү, генерал-майор Уильям Гонзалес билдиргендей, дагы 17 жүргүнчүнүн дайыны чыкпай жатат. 50дөй киши аман-эсен куткарылып, ооруканага жаткырылды.

Бортунда 92 адамды салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралына кыйрап түшкөн. Армиянын маалыматына ылайык, учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаган. Reuters жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, борттогу айрым аскерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.

Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөнү кабарланды.

Аймактагы армиянын өкүлү генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG