Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Шайлоо комиссиясы "Биздин Кыргызстан" партиясына эскертүү берди


Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү автоматтык добуш берүү үкөгүнүн даярдыгын текшерүүдө. Жалал-Абад. 10-январь, 2021-жыл.
Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү автоматтык добуш берүү үкөгүнүн даярдыгын текшерүүдө. Жалал-Абад. 10-январь, 2021-жыл.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаар кеңешине шайлоого катышып жаткан "Биздин Кыргызстан" партиясына үгүт иштеринде чет өлкөлүк саясий ишмердин сүрөтүн пайдаланганы үчүн эскертүү берди. АШКнын "Азаттыкка" кабарлоосунда, партия бул аракети менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун 28-беренесин бузган деп табылды.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун Түркиянын мамлекеттик ишмерлери менен түшкөн сүрөтүн колдонуп, административдик ресурска жол берди деген жүйөнү "Реформа" партиясы да билдирген. Шайлоодогу атаандашына чара көрүүсүн өтүнүп, 3-июлда Бишкек АШКсына кайрылганын "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова "Азаттыкка" билдирген.

"Биздин Кыргызстан" партиясынын коомдук-саясий кеңеши бул дооматты четке кагып, партия лидери сүрөттөрдү соцтармактарга жарандык укугунан пайдаланып койгонун маалымдады.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо болот. Үгүт иштери 21-июндан тарта жүрүүдө. Бишкек шаар кеңешине 18 партия ат салышат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG