Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Москвада коронавируска каршы кайра эмдөө башталды


Москванын мэри Сергей Собянин 1-июлдан тарта коронавируска каршы кайрадан эмдөө өнөктүгү башталганын жарыялады. Мындай чара вирустун жаңы "дельта" түрү тарап жаткан учурда кабыл алынды.

Собянин буга чейин эмдөөдөн өткөн адамдар Москвадагы клиникаларга келип вакцина алса болорун билдирди. Бул үчүн Орусияда өндүрүлгөн Sputnik V жана Sputnik Light вакциналары колдонулат.

30-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин салтка айланган түз эфирде жарандарды вакцина алууга чакырды. Ал өлкөдө милдеттүү эмдөөгө демилгесине каршы экенин, бирок толук карантин киргизбеш үчүн эрежелерди так сактоого үндөгөн.

Соңку күндөрү Орусияда коронавирусту жугузгандар кескин көбөйдү. 1-июлда 23.5 миңден ашык адамдан вирус аныкталды. Орусияда жалпы калктын 10 пайызга жакыны гана эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG