Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Түркия коронавируска байланышкан чектөөлөрдү алды


Түркия, балуздак саткан сатуучу.
Түркия, балуздак саткан сатуучу.

Түркияда 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынды. Буга чейин 22:00дөн таңкы саат 05.00гө чейин жана жекшемби күндөрү өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси алынып, кафе-ресторандар, тойканалар жана кинотеатрлар толук ишке киришти.

Ошол эле учурда өлкөдө беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилди.

Расмий Анкара болсо өлкөгө келе турган туристтерге төрт шарттын бири аткарылышы керек экенин эскертет. 14 күн мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү (англисче котормосу менен), алты ай мурун вирусту жугузуп айыкканы тууралуу маалымкат, 72 саат мурда чыгарылган жана вирус жок деген ПЧР-тестинин жыйынтыгы же акыркы 48 саатка ылайыктуу антиген тестинин терс натыйжасы болушу керек. Мындан тышкары, түрк бийлиги өлкөгө кирген айрым туристтерден аэропортто кайрадан тест алышы мүмкүн экенин эскертет.

Түркияда 1-июлга карата маалымат боюнча 15 миллиондон ашык жаран вакцинанын экинчи дозасын алган. Учурда өлкөдө ооруга каршы вакцина 18 жаштан улууларга сайылууда.

Вакцинаны түркиялыктар гана эмес өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG