Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Швециядагы журтташтардын өтүнүчү


Швециядагы кыргызстандыктар.
Швециядагы кыргызстандыктар.

Швецияда эмгектенген кыргызстандыктар Германиядагы консулдуктан паспортторунун мөөнөтүн узарта албай убара тартып жатканын даттанды. Буга байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүшүүдө.

Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги эпидемиологиялык кырдаал жакшырганда маселени жеринен чечүүнү убада кылууда.

Швецияда 2 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенери айтылып жүрөт. Алардын арасында атайын эмгек келишими менен баргандар сейрек. Көпчүлүгү негизинен туристтик виза менен кирип, ошол өлкөдө калып калгандар.

Европанын түндүгүндөгү кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү тилди бир аз өздөштүрүп, убактылуу жумуш тапкандан кийин гана мыйзамдашуу жараянын баштайт. Туруктуу жашоого жана жумушка орношууга уруксат алуу үчүн документ тапшыруу зарыл. Мындай уруксат кагазы жок чет өлкөгө чыгууга болбойт.

Швециядагы кыргызстандыктар мына ушул маселесин чече албай бөтөн өлкөдө кыйынчылыкка кептелгенин даттанды. Алар Швецияда Кыргызстандын консулдугу жок болгондуктан жакынкы Германиядагы кыргыз элчилигине кайрылышы керек. Былтыртан бери коронавирус чектөөлөрүнөн улам паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер Германиядагы элчиликке жете албай же Кыргызстанга кете албай, ара жолдо калган.

"Паспортторубуздун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Германиядагы элчиликке кайрылсак, "өзүңөр келгиле" деп жатат. Бул жактагылардын көбү чыга албайт. Чыкса кайра кире албайт. Бир жылдан бери кайрылып келе жатабыз, расмий да кат жаздык. Эч кандай жооп болгон жок. Азыр пандемияга байланыштуу ал жакка барыш кыйын болуп жатат. Башка мамлекеттердин, тактап айтканда Тажикстандын, Өзбекстандын дипломаттары өз жарандарынын маселесин бул жакка келип чечип кетип жатышат. Мекенибизден алыс жүрүп, мээнет кылып, үй-бүлөбүздү багабыз деп жүргөн адамдарга жардам керек", - деди Швециядагы кыргыздардын бири Кайрат Абдылдаев.

Швециядагы кыргызстандыктар.
Швециядагы кыргызстандыктар.

Айрымдар Швецияда төрөлгөн балдарына документ ала албай жүрөт. Өлкөнүн түндүгүндө бир нече жылдан бери жашаган Гуля Сооронбекова (аты-жөнү өзгөртүлдү) жаңы төрөлгөн ымыркайына паспорт ала албай, улуу балдарынын документтеринин мөөнөтүн узарта албай жатканын даттанды.

Сооронбекова Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Берлиндеги консулдукка бир нече ирет кат жолдоп, бирок жооп болбогонун айтууда.

Бактыга жараша Гулянын жумуш берүүчүсү өз кепилдиги менен Кыргызстанга барып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Мекендешибиздин айтымында, мындай мүмкүнчүлүккө мигранттардын баары эле ээ боло бербейт.

"Көбүнүкү уруксат бербей коюшу мүмкүн. Андай болгондо Швециядан чыгып кеткен кыргызстандыктар кайра бул өлкөгө кире албай калат. Скандинавия мамлекеттеринде жумушка орношуу, эмгек келишимин алуу кыйын. Алар туруктуу жашаганга документтерин тапшырып коюп, күтүү режиминде туруп калышат. Эгер чыгып кетсе каралып жаткан процесс дароо жокко чыгарылат",- деди Гуля. Ал Швецияда Кыргызстандын консулдугу ачылса жакшы болор эле деген оюн ортого салды.

Консулдуктун жообу

Швецияда жашаган кыргызстандыктар Берлиндеги консул Мират Урмат уулунун ысымын аташып, алардан кабар албай жатканына нааразы болушту. Ал эми консулдуктун дагы жүйөсү бар.

Мират Урмат уулу 2020-жылдын март айында Швецияга барып, кыргызстандыктардын документ маселелерин жеринен караган. Бирок анда мекендештердин көбү жолугушууга үлгүрбөй калышкан экен.

Паспорттун мөөнөтүн узартуу, жаңы документ алуу жараяндары почта аркылуу ишке ашпайт. Ал үчүн жарандын биометрикалык маалыматтары керек, тактап айтканда, электрондук кол тамгасы, бармак изи жана сүрөтү зарыл.

Мират Урмат уулунун айтымында былтыр жаздан бери Швецияга пандемиядан улам бара албай калган. Ал ошондой эле расмий кат түшпөгөнүн кошумчалады:

-"Элчиликке кайрылганбыз, телефондоруна жооп беришпейт" дегендерге айтарым мага жарандар күнү-түнү WhatsApp, Telegram аркылуу Швециядан кайрылышат. Бирок расмий кат жүзүндө кайрылуу түшкөн эмес. Бир жылдан бери жооп жок дегенге такыр кошулбайм. Анткени консультация жана жооп заматта эле берилип турат", - дейт консул.

Анын айтымында Швецияга сапары Королдуктун тиешелүү органдары менен макулдашылып, бардык эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен, мыйзамга ылайык ишке ашырылышы керек.

"Жарандардан сабырдуу болууну жана эмоцияга алдырбоону суранам", - деди Мират Урмат уулу.

Ал эпидемиологиялык кырдаал калыбына келери менен Швецияга барып, кыргызстандыктардын маселелерин чечип келүү элчиликтин планында бар экенин кошумчалады.

Швециядагы журтташтардын көбү курулуш тармагында эмгектенет. Аялдар негизинен үй-жай тазалап, кары-картаңдарды карашат.

Мекенинен алыс жүргөн журтташтар өткөн жылы Кыргызстанда коронавирус кризиси күчөп турган маалда, быйыл Баткендеги жаңжалда колунан келген жардамын көрсөтүп, каражат жыйнап, жөнөтүп турушканын айтып беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG