Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:34

Европада мекендешим үчүн уялдым...


Германиянын Мюнхен шаарында эмгектенген кыргызстандык Гүлзат Бектемир

Бир күнү бажырайып кооз кийинген сүрөтүмдүн алдына чет тилде текст жазып, социалдык баракчама илип койдум. Менин жашоомду жомок элестеткен айрымдар дароо эле кат жаза баштады.

“Кантип чет жерге кетип калдың эле?”, “Мени дагы сен жүргөн жерге чакырчы”, “Кыргызстандан тажадым, башка жакка кетиш керек” деген суроолор эле. Алардын айрымдары Кыргызстандан өз келечегин көрө албай турганын айтыптыр.

Учурда жаштарыбыздын басымдуу бөлүгүндө чет жакка чыгып кетүү, башка өлкөдөн жумуш табуу чоң максаттардын бирине айланып калганы байкалат. Мындай көрүнүштүн себебин жаштар мекенибизде болуп жаткан саясий жана социалдык абалга, жумушсуздукка, ишке орношуу үчүн тааныш-билиш керек экенине, иш табылса айлыгы жарытпай турганына байланыштырат. Ошондон улам эптеп эле мекенден чыгып кетүүнү көздөшөт.

Өзүмдүн беш жыл мурунку ой-кыялдарымды эстедим. Европага кетем деп даярданып жүргөндө көкөлөп учуп, жер менен баспай калгам. Бөтөн жерге учак конору менен бут алдыма “килем” төшөлүп, иштеп тапкан акчама үй, автоунаа алып, ата-энемди дүйнө кыдыртып, андан ашкан акчага бир айылдын элин өзүм эле багып коём дегендей таттуу кыялдарым бар болчу.

Бирок Европадагы жашоо мен күткөндөн таптакыр башкача болуп чыга келди. Адеп тил билбегендигим тоскоол болду, документтерди толуктоо ишинде кыйналдым. Келгенден кийин эки жуманын ичинде жашаган жеринде каттоого туруу зарыл. Антпесе, бардык документтер жана виза жараксыз болуп калат. Албетте, тил билбесең бул иштерди бүтүрө албайсың, кор болосуң.

Ары урунуп, бери урунуп жүрүп беш жыл өттү. Ал ортодо мага окшоп куру кыялдарга азгырылып, мигрант болуп келгендердин көбүнүн түрдүү тагдырына күбө болдум. Ушундай күндөрдүн биринде өз өлкөмдөгү белдүү басылмалардын бирине “Мигранттан кат” деп жаза коюп, бул жактагы мекендештер арасында заматта эле колунан баары келген “маанилүү” кишиге айлана түшсөм болобу...

Айтор, мага жардам сурап кайрылгандар көбөйдү. Алардын биринен мага Facebook аркылуу кат келди. Анда “жумуш тапканга жардам бере албайсыңбы? Мен бир ай мурун австриялык үй-бүлөгө бала багуучу болуп келгем. Начар адамдарга туш келип калдым” деп жазыптыр. Венадан көчүп кетип жатканымды, жардам бере албай турганымды айттым.

Бирок сөздөн сөз чыгып отуруп, жардам сураган мекендешим убактылуу виза менен жүргөнүн жана айрым кагаздары жетишсиз экенин жазды. Визасын узартып, документтерин толуктап алганча чыдап турушун айттым. Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин баягы жердешимден кайра кат келди. “Мага тезирээк полиция чакырып берчи!” дейт. Дароо ал кызга байланышка чыгып, эмне болуп жатканын сурадым. Үй-бүлө менен бул кыздын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, мекендешибизди кыштын чилдесинде сыртка чыгарып, анысы аз келгенсип, иштеп тапкан акчасын кайра артка кайтарып беришин талап кылып жатканын айтты.

Документтери толук болбогондуктан, полиция чакыруудан кооптонуп, ал жакта жашаган кыргыздар менен кеңешип, Венага келе берүүсүн эп көрдүк. Ал ортодо ушул эле шаардагы кыргыз байкеге байланышка чыгып, жердешибиздин абалын түшүндүрүп, эки күнгө анын үйүндө жашап турууга уруксат алдык. Өзүм жатаканада тургандыктан ага орун таап бере албайт болчумун.

Ошентип, эртеси бекеттен бир кызды беш чемоданы менен тосуп алдым. Сүйлөшүлгөндөй мекендешимди кыргыз байкенин үйүнө жеткирип бардым. Андан иштин чоо-жайын сураганча “кыргыздыгыбыз” кармап манты түйүп кирдик. Баягы кыз моралдык жактан аябай чарчап калыптыр, баш-аягы жок эле сүйлөп жатты. Айтып бергенине караганда, 2020-жылдын аягында австриялык үй-бүлөгө “Аупайр” программасы менен келиптир. Аны ишке алган адамдар басмырлап, жөндөп тамак бербей, келишимдеги саат убактысынан көп иштетишкен экен. Баласы менен ойноп жатып колун оорутуп алса, догдурга алып баруудан баш тартып коюшуптур. Уруштун башы ошондон чыккан экен. Мекендешибиз ал үй-бүлөдө андан ары иштей албасына көзү жетип, “Кыргызстанга кайтып барам” десе, ата-энеси “сени жөнөткөндө короткон каражатты тапмайынча келбе” деп коюшуптур. Мен ата-энелерге эч качан акарат айткым келбейт. Бирок кээде айрымдары балдарын чет жерге акча табуучу “курал” катары жөнөтүшөбү деп калам.

Ошол ата-энелердин балдары өздөрүнөн жада калса ичкен тамак-ашынан бир тыйын аяп отуруп чогултуп салган акчаны насыяга жана той-топурга гана коротушарын көп эле жолу угуп жүрөм. Ушундай эле көйгөй менен Орусияда иштеген курбу кызым жакында эле арызданганы бар. Коронавирустан улам курбумдун жумуш сааты кыскартылып, аз айлык алып ата-энесине акча жөнөтпөй койгон экен. Бир күнү атасы чалып, “бизге акча салбаган соң ал жакта темселеп эмне жүрөсүң” деп урушканын айтып күйүп-бышты. Бул кыздын деле абалы менин курбума окшош турбайбы.

Жердешибизге болгон кеп-кеңешибизди, көргөн билгендерибизди баяндап, тез арада башка үй-бүлө таап, ишке кирип, документтерин толукташы керек экенин түшүндүрдүк. Ошондон кийин эки күн өттү, беш күн өттү, жети күн өттү. Баягы кызыбыз "стресс болуп жатам" деп, иш издебей койду. Ара-чолодо биз дагы тааныштардын иш сураштырып аттык, бирок жыйынтык чыкпады. Кызды үйүнө баш пааналаткан кыргыз байкеден уялганымдан он күн өткөндөн кийин мен жумуштарымды жыйыштырып, атайын ал кызга бардым. Баарын ага кайра башынан түшүндүрүп, эртерээк жумуш табышы керек экенин, Европада бирөөнүн үйүндө жөнү жок эле каалашынча жашап алуу уят экенин айттым.

Эркелеп жаткан кызыбыз чалкасынан кетип, эрке өскөнүн, жумасына 1000 евро тапкан жумуш керек экенин, бүт дүйнө жүзү ага каршы болуп, ал гана жалгыз туруштук берип турганын айтып, оозубузду ачырды. Бул жакта жашоо башка экенин түшүндүрсөк, уккусу жок. Ар кайсы социалдык тармактардаргы барактарга жарыя жазып иш тапкандар көп. Айла кеткенде ошол жолду сунуштадык. Бирок жердешибиз аны менен тең балдар-кыздар ар жерде мыкты кызматтарда иштерин, кокус алар окуп калса, шылдыңга каларын айтып, коркуп жатканын сөз кылды.

Өзүнүн мындай нерселерден уяла турган абалда эмес экенин түшүнгөн жок. Албетте, куру намыс эч нерсеге жол ачпайт экенин көбүбүз түшүнгүбүз келбейт. Ал биздин канга сиңген «эл эмне дейт» деген кесепеттин жыйынтыгы. Өзүнүн бараар жери, эртеңки көрөөр күнү белгисиз, бирок элдин кебинен кооптонуп отурат. Аз келгенсип жердешибиз жардам сурап кайрылгандагы өзүнүн айткан биринчи версиясын жокко чыгарып, барган үй-бүлөдө иштегиси келбей, "аны кыл, муну кыл" дешсе, эч нерсе кылбай койгонун айтканга үлгүрдү, күйүп гана угуп отурдук. Ошентип, кызыбыздын сыры бизге, “төркүнгө” маалым болду. Ага кошумча "ага чалып бер, муну билип бер" деп бизди бир топ жүдөттү. Эки күнгө келген кыз байкеникинде эки жума жатты.

Ал киши деле кыргыздыгынан чыдады го деп ойлоп коём ичимен. Акыры байкенин чыдамы түгөнүп, мекендешибиздин Кыргызстанга эле кетишин суранып, анын үйүнөн чыгып кетиши керек экенин айтса, кызыбыз эки жумада таппаган ишти эки сааттын ичинде таап, башка үй-бүлөгө көчүп кетип, экинчи ирет баарыбыздын оозубузду ачырды. Жеңилдей түштүк. Бирок жеңилдегенибиз көпкө созулбады. Жаңы тапкан жумуш берүүчүлөр анын документтери туура эмес экенин айтып, кайра сыртка чыгарып коюшуптур. Мекендешибиз бизге чалып, анын иш таппаганына, кагаздарынын толук эмес экенине бизди күнөөлөп, “болбогон” кеңеш бергенибизди айтып, үчүнчү ирет оозубузду ачырды. Баягы үйүндө эки жума бекер жашаткан байкени, ага кошуп мени сөгүп, акыры мекенге жөнөп кетти.

Бул мен көргөн бир эле кыргыз кыздын кичинекей баяны, кичинекей тагдыры. А дүйнөнүн канча жеринде канча кыргыз, кантип оокат кылып жатканын бир Кудай билет. Анан айла жок болуп өткөн окуяда "ким күнөөлүү?" деп өзүңдөн сурайсың. Мекендешибизди ишке чакырып, бирок келише албай сыртка чыгарып койгон үй-бүлөбү? Жомокто жашап, жашоонун чындыгына ишенгиси келбеген, эрке өскөнүн бетине кармап, элдин кебинен коркуп, эч нерсеге аракет кылбаган, чет чердин күнүмдүк турмушуна чыдабаган өзүбү? Кызынын абалын билип туруп, "акчасыз кайтып келбе" деген ата-энеби? Же кеп-кеңешин айтып, анын бул мамлекетте жакшы иш таап иштеп кетишине аракет кылып, бирок жардам бере албай калган бизби?

Айтор, андан бери төрт айдай убакыт өттү. Мен оюмдагы дагы бир кыялды ээрчип, Австриядан Германияга көчүп келдим. Жаңы өлкөдөгү “жомоктой” жашоом жакшы эле башталып жаткан. Бир күнү баягы “эрке кыздан” кайра кат келди. “Салам! Мага карызга 100 доллар берип турчу, эки айдын ичинде кайтарып берем” деп жазыптыр. Бизге таарынганын, бизди сөккөнүн бат эле унутуп калса керек. Мен ошол 100 долларды иштеп тапканы бараткам, ошону ойлоп жылмайдым. Анан жаңы жумушума жөнөп кеттим. Жаңы жашоо, жаңы шаар, жаңы эл, жаңы иш. Болгону башымдагы куру кыялдар эле жаңыланбай койду. Кыргызмын да...

Гүлзат Бектемир, Германиянын Мюнхен шаары.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG