Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

ТИМ мигранттарга онлайн жардам берген порталды ишке киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Маалыматтык кеңеш берүү борбору мигранттар үчүн www.migrant.kg сайтын ишке киргизди.

Маалыматка ылайык, бул сайт мигранттарга онлайн режиминде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен ("кара тизме") өзүн текшерүүгө, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Миграция маселесине байланышкан бардык кеп-кеңештер да жайгашкан.

Мындан тышкары, сайтта “Жүк 200дү” Кыргызстанга жеткирүү ага кеткен чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдү кантип алуу керектиги жөнүндө бардык маалыматтар бар.

Бул USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен ишке ашкан. Порталдын бет ачары Бишкекте 2-июлда болот.

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны 1 миллиондон ашат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG