Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Мадаминов: Баладан мурда энени окутуу зарыл


Мугалим Гапыр Мадаминов

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылда эксперименталдык гимназия мектебин түптөп, аны мыкты билимканалардын катарына кошо алган педагог Гапыр Мадаминов базар экономикасы күч алганда кантип акысыз мектеп ачканы, өзү иштеп чыккан окутуунун жаңы ыкмалары жана "Энелер мектеби" туурасында айтып берди.

- Лейлектин эң четки айылында эксперименталдык гимназия мектебин ачылганына быйыл 25 жыл болуптур. Ошол 90-жылдары элдин баары базарга чуркаганда сиз мектепке чуркапсыз. Кыйын болдубу?

- Албетте көп кыйынчылыктар болду. 1993-жылы баштагам. Лицензия алуу үчүн үч жыл документтерди, имаратты, жабдыктарды даярдадым. Лицензия боюнча министрликке барсам, министр Аскар Какеев “ай балам, өтө улуу максат коюпсуң, бирок айыл жеринде мындай эксперименталдык гимназияга биринчиден окуучу чыкпайт, экинчиден күчтүү мугалим да таба албайсың. Ата-энелер, коомчулук да колдобойт. Аябай кыйналасың. Жок дегенде райборбордо ачыш керек” деген.

Бирок ал кишиге программамды көрсөтүп жүрүп, ынандырып отуруп лицензияны алдым. Какеев туура айткан экен, айылдан күчтүү мугалим топтой албай кыйналдым. Айылдан күчтүү балдарды топтоп окутуу андан да кыйын экен.

Биринчи жылы окуучуларды кармоо өтө кыйынга турду. Бүгүн алып келген бала эртеси кетип калат. Жөнөкөй мектептен келген балдар жаңы окуу темпине чыдабай жатышты. “Булар кечке чейин эле окута берет экен” же “Гапыр агай балдарды окута берип жинди кылып коёт” деп сөз тараткандар да болду.

Балдарды үймө-үй жыйып келсек, эки-үч күндөн кийин дагы келбей коюшат. Бир класста эки окуучу калган учур да болду. Акыры кабинетти ичинен бекитип алып “эмне үчүн бул мектепти ачтым экен, элге уят болдум” деп ыйлаган күндөрүм да болду. Азыр айрымдар ошондо Дүйшөн агайдын ишин кылгансыз деп тамашалап калышат.

Жаштык айылы. Лейлек району. Июнь. 2020-жыл.
Жаштык айылы. Лейлек району. Июнь. 2020-жыл.

Чындыгында эле окуучулардын ар биринин үйүнө барат элек. “Кызыңызды, уулуңузду мектепке жөнөтүп коюңузчу, бул гимназия, өтө жакшы билим алат, кийин жогорку окуу жайга өтүп мындай билим алат” десем, ата-энелер “сиз кечке чейин окутат экенсиз, өрүк баргек мезгили, өрүк кургатсын, анан көрөлү” деп эшикти тарс жаап койсо ызаланып, тилемчидей болуп жүрдүм.

Бул айткандарым көркөмдөө үчүн эмес башымдан өткөн чындык катары айтып жатам. 60 жылдык, Арка, Достук, Жаштык айылдарын тынымсыз кыдыргам. Көбүнчө күүгүмдө барат элем. Анткени күндүз эшикти тарс жаап койсо, бирөө көрүп калса ыңгайсыз болосуң да. Ошон үчүн эшигин катуу жапса, эч ким көрбөсүн деп кечинде барчумун.

Ал кезде адамдар арпа нан жеп кыйналып жаткан. Ташбалтаев деген совхоздун деректири болгон. Жакшы адам. Ал менин идеямды колдоп “балдарды кызыктыруунун бир жолу ысык тамак уюштур. Эл балдарын берет” деди. Эки гектар жер бөлүп берип, буудай эгүүнү сунуштады. Анан мен Увайдулла деген завхозум экөөбүз буудай эктик. Мен өмүрү дыйканчылык кылбаган шахтёрдун уулумун. Ошентип эшекти минип алып буудай эгип, дан алдык. Биринчи түшүмүбүздүн бир ууч машагы Шерали хандын чарыгына окшоп мектепте илинип турат. Ошол бир тутам буудай биз үчүн ыйык.

Буудайдын биринчи түшүмүн тегирменге тартып, окуучуларга акысыз атала, камыр тамак, суюк аш кылып бере баштаганда жокчулуктан кыйналган эл балдарын окууга жибере баштаган. Балдарды ушундай жол менен да билимге тартканбыз.

- Айтмакчы азыр мектепке башка райондордон, алысыраак жактан келип окуган балдар барбы?

- Лейлектин бардык айылдарынан, Сүлүктүдөн, Баткенден, Бишкектен, Алайдан, Оштон келип окугандар бар. Алгачкы жылдары жатаканабыз бар эле, кийинчерээк ал белгилүү себептерден улам жабылып калды. Бир себеби кичи автобус каттамы болду.

Акимге, айыл өкмөттөрүнө кирип жүрүп маршруттук каттам уюштурганбыз. Бир нече айылдын балдарын эртең менен 8де алып келет. Кайра кечинде саат 5те үйүнө алып барып коёт. Бул жагы шаардагы мектептердей эле болуп калды. Бирок алыстан келгендер тууганынын үйүндө жатат же батирде турушат. Азыр бизге жатакана, спортзал, жыйындар залы керек болуп турат. Ошого чуркап жүрөм.

Башында балдарды алып келгиле деп жалынсак, азыр эми келип орун талашат. Себеби, бизден бүткөн балдардын 99 пайызы бюджетке өтүп баштаганын көрүп, окуу сапатын түшүнүп калышты окшойт.

- Сиздердин мектепте окуу акысызбы?

- Ооба акысыз.

- Балдар кандай тандалат. Экзамен болобу?

- Экзамен жана маектешүү болот. Бизде тандоо кызык жүрөт. Эмнеге десеңиз, "5" деген баага жооп берсе да эгер баланын көзүндө умтулуу жок болсо аны алууга шашылбайбыз. Начар окуса да баланын көзү билимге чаңкап турса, ошол окуучуну алабыз. Белгилей кетсем, биздин Нарбүбү эжекейибиз даярдаган 14 окуучу бир жылы Медакадемияга өткөн. Баш-аягы 71 балабыз Медакадемиянын бюджеттик бөлүмүнө өткөн. Алардын 90 пайызы жөнөкөй үй-бүлөнүн балдары. Акысыз билим бергенибиз - бул артыкчылык. Бул элеттеги жеткиликтүү билим.

- Сиздердин мектептин программасында кандай өзгөчөлүктөр бар?

- Биздин окуучулар олимпиадалардан алдыңкы орундарды алганына баары таң калышат. Түрк лицей же “Сапат” мектеби эмес экен, акысыз экен анан кантип 200 бала окуган, чек арада турган мектептен келип алдыңкы орундарды алып жатат деп сурашат. Мунун бир себеби “Энелер мектеби” программасы, биз энелерди да окутабыз. Экинчи себеби, биз акыл эмгегинин маданияты жана дүйнө тааным (кругозор) деген эки жаңы сабак киргизгенбиз. Үчүнчүсү - Гарвард, Кембриж, Оксфорддон чыккан дүйнөгө белгилүү китептерди алып, билим берүүдө, олимпиадага, ЖРТга даярдоодо колдонобуз.

Андан сырткары дүйнөлүк акыл-эстин булагы - Конфуций, Аристотель баштаган даанышман ойчулдардын, Мухаммед пайгамбардын эмгектери, хадистер анан өсөөр эл өзүн сыйлайт деп Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсандардын иши жана эмгектери менен таанышат. Атайын “Раззаков таануу” сабагыбыз да бар.

Кошумча балдарга көптөгөн энциклопедияларды, Гиннес жана башка жаңы чыккан таанып билүү, билим багытындагы китептерди алып келип койгонбуз. Менимче ушул күчтүү адабияттардын жардамы менен балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде билим алып, бүгүнкү күндө 61 окуучубуз АКШ, Жапония, Германия, Түркия, Кытайда окуп жатышат. Бул биздин 200 орундуу мектеп үчүн чоң сыймык.

- Сиздердин мектепти мактагандар көп. Бирок окуучулар акысыз окуган, киреше түшпөгөн билимканада бардык эле мугалимдерде энтузиазм дайыма эле боло бербесе керек. Аларды эмне менен кызыктырасыз? Айлык акы аз экени белгилүү эмеспи.

- Туура байкапсыз. Материалдык кызыкчылыкты артык көргөн базар экономикасынын жагдайы да роль ойноп жатат. Бирок 25 жылдык эксперименттин натыйжасы көрсөткөндөй, дүйнөлүк лидерлерди, аалымдарды, пайгамбарларды, Конфуцийди, Ли Куан Юну, Раззаковду үйрөнүп чыксаң, баарын акча менен өлчөбөй калат экенсиң.

Мүмкүн бул сөзүм үчүн шамалдын соккон жагына бет алган адамдай көрүнсөм керек. Бирок жашоонун маңызы адамдык касиетке, жан дүйнөгө, улуу максатка умтулуу, ага айланаңда жүргөн адамдарды да шыктандыра билүү экен. Азыр го кудайга шүгүр президент, өкмөт мугалимдердин айлыгын көтөрүп, аралыктан сабак өтсө деле төлөп, министрибиз да көп иштерди жасап жатат.

1996-97-жылдары биз бул мектепти ачканда алты айда бир жолу эле айлык алат элек. Аны да акчалай бербестен материал, таштек, кээде биздин винсовхоздун шарабын берген күндөр болгон. Элестетип көрүңүз, мугалимге "сатып акча кылып ал" деп шарап берип жатканын. Анан арпа-буудай, саман-топон берип жүрүштү. Ошол жылдары көп мугалимдер мектептен кетип калган.

Бир жылы биз Финляндияга тажрыйба алмашуу үчүн барып калдык. Ал жердеги билим берүү системасы дүйнөлүк эталон болуп эсептелинет. Эң сонун, жаңычылдыгы менен алдыда турат. Бир жерде жолугушуу маалында делегацияда ич ара “эми мындай өнүккөн өлкө болсо, каражат кеңири болсо, бизде деле мыкты билим берүүнү түптөп алмакпыз” дегендей сөз болуп кетти эле. Котормочу лекция өтүп жаткан адамга бул сөзүбүздү айтса ал "маселе каражатта эмес, адамдык фактордо" деп жооп берди.

Көйгөй адамдын тарбиясында, эң башкысы адамдын ишке болгон мамилесинде экенин түшүндүрдү.

Ошондо мен дагы бир жолу 90-жылдары айлыкты алты айда бир берген маалда да сактап калган көз карашыбыз туура экенине ынандым.

- Сиздердин мектепте көп жылдан бери атайын окутулуп жаткан “Энелер мектеби” деп аталган программа тууралуу көп угуп калабыз. Мектептин дубалында илинип турган баннерде бир эле үй-бүлөдөн беш баласы тең жогорку балл менен мектепти аяктап, баары бирдей Медакадемияга өткөнү мени таң калтырды. Бул кейс да ошол программанын натыйжасы катары көрсөтүлүптүр. “Энелер мектеби” программасы ал кандай усул? Эмне үчүн антип аталат?

- Бул автордук программаны турмуштан көрүп, өзүбүз түзүп чыкканбыз. Муну менен 20 жылдан ашуун энелерди окутуп келатабыз. Эмне үчүн “Энелер мектебин” түздүңүз деген суроону мага Бишкекте, Нарында, Ысык-Көлдө, Ошто, Жалал-Абадда жолугушууларда көп беришет.

Үй-бүлөдө ата баш болгону менен көп нерсени эне чечет. Балдар тарбияны көбүнчө энеден алат экен. Эгерде энелер жакшы тарбия алып, билимдүү, адептүү, ыймандуу болсо балага ошол түздөн-түз өтөт экен да. Ошон үчүн биз бул программаны “Энелер мектеби” деп атадык. Иштеп атканына 24 жыл болду.

“Энелер мектебин” ошол кезде бүткөн энелердин балдары азыр башкы дарыгер же орун басар дарыгер болуп иштеп жатат. Бул программаны окуткандан кийин балдардын билим сапаты пропорционалдык симметрияда көтөрүлдү. Программа аздык кылгандыктан “Ата-энелер сиздер үчүн” деген китепти жаздым. Анда бала бойго бүткөндөн баштап 18ге чейин баланы тарбиялоо, азыктандыруу, ден соолугун кароо, билимге кызыктыруу тууралуу кеп-кеңештер камтылган.

Эгер эне байлыкка, базарга, кийим-кечеге кызыкса, баланын жан дүйнөсү жакыр болуп калат экен. Ал эми эне билимге, илимге, улуу инсандарга, хадистерге, адабий китептерге кызыкса, ыймандуу, таалим-тарбиялуу адам болсо түздөн-түз балага ошол касиети өтөт экен.

"Эне мектеби" дегендин сакралдуу, сырдуу мааниси бар. Бардыгы энеден. Эне оңолсо - заман оңолот. Эне оңолсо - коом оңолот. Эне оңолсо - турмуш оңолот.

- Мына окуу жылы аяктап жаңы бүтүрүүчүлөр окууга тапшыруу үчүн ар кандай багыттарды карап жаткан учуру. Сиздердин мектепте кесиптик багыт берүү кандай жүрөт? Анан да коомубузда дагы бир өксүк бар эмеспи, кыздарга билим багытын тандоодо жынысына карап чектеп коёбуз. Сиз бул багытта кандай пикирдесиз?

- Кесип тандоого да аң-сезимдүү алдыны карап, стратегиялык өнүгүү кайда баратат, ошол өнүттөн кесип тандоо керек. Анан тынымсыз билим алуу деп коёт, илгери бир кесип менен өмүр жашап өтсө, азыр жагдайга ылайык 4-5 кесипке ээ болууга туура келет.

Ал эми сиз айткан гендер боюнча биринчиден кыздын да, баланын да табигый умтулуусу, каалоосу болсо кесип тандоо маселе жаратпашы керек. Бирок менин көз карашымда кыздар кесип үчүн эмес, эне болуу үчүн ЖОЖду бүтүшү керек. Бул боюнча мен бир икая айтып берейин.

Жакшы эне, жакшы ата болуу үчүн да жогорку билим болуш керек.

Жапонияда компьютердик дизайн кесибин мыкты өздөштүргөн кыз маянасы жогорку жумушка кирип иштеп жүрүп, күтүүсүздөн эле жумушун таштап, педагогикалык окуу жайга тапшырган экен. Фирманын жетекчилери таң калып, "мыкты кызматкерсиң, айлыгың жогору, аздык кылса дагы кошуп берели. Эмне үчүн жумушту таштап окууга кеттиң?" дешсе “мен бир жигитти сүйүп калдым, буюрса эне болом. Эне болуу үчүн бул окууга тапшырдым” деген экен. Ошон үчүн жаштарга айтарым, албетте, кесипке ээ болуу керек, бирок жакшы эне, жакшы ата болуу үчүн да жогорку билим болуш керек.

Ушул өңүттөн алып караганда, энелерге билим берип жатканыбыз кеч. Эгерде мени мамлекет укса, ЗАГСка арыз бергенден кийин бир апта эне-ата болууну окуткан программа киргизип, экзамен алып, сертификатка ээ болгондон кийин гана никеге турууну сунуш берет элем. Бир жолугушууда ушуну айтсам, залдагылар “бизде анда эч ким никеге турбай коет” деп күлүшкөн. Бирок кээ бир мамлекетте үйлөнүү үчүн сертификат алган ыкма иштейт экен.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG