Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Абитуриенттерди окууга кабыл алуу быйыл да онлайн режимде жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавирус коркунучунан улам, абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу быйыл да онлайн режиминде болот.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында министрликте атайын портал түзүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрү документтерин электрондук негизде каттоодон өткөрөт.

“Бүтүрүүчүлөр www.2020.edu.gov.kg сайтындагы “Абитуриент онлайн” бөлүмүнө билдирүү калтырышы керек. Сайтта жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган”, - деди Өмүров.

Быйыл жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуу бюджетке тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтики 60 деп белгиленди. Ал эми окуу жайга келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 болушу керек.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйылкы жалпы республикалык тестке 44 миң 416 бүтүрүүчү катышкан. Анын 25 миң 284ү босого баллынан өткөн.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда 5795, колледждерде 4131 бюджеттик орун бар. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG