Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Мектептерде руханий адеп-ахлак сабактары окутулат


Президент Садыр Жапаров менен билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев. 03.06.2021
Президент Садыр Жапаров менен билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев. 03.06.2021

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алып, билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү талкуулады. Президент мектептерге руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү сабактарын киргизүүнү тапшырды.

“Негизги баалуулуктарды, руханий багыт жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл”,- деди Садыр Жапаров.

Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамында моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак тууралуу жобо киргизилген. Конституциянын 10-беренесинде "өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн", деп жазылган жана бул өз кезегинде коомчулукта талаш-талкуу жараткан(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG