Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:12

Бишкек: Кайра шайлоого катышуу ниетин тогуз партия билдирди

Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.
Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши жайгашкан имарат.

Бишкекте жергиликтүү кеңешке кайра шайлоого катышуу ниетин 3-июнга карата тогуз партия билдирди.

Шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттык” радиосуна маалымдагандай, алар - “Өнүгүү-Прогресс”, “Социал-демократтар”, “Замандаш”, “Келечек-Будущее”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы мезгил” жана “Биздин эл” партиялары:

“Саясий партиялардын убактысы 13-июнга чейин. Ошого чейин аймактык шайлоо комиссиясынан ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп, тизмелерин комиссияга тапшырышы керек”.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 25 партиядан 1820 талапкер ат салышып, жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган жана кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Бишкектеги добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгышына Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз болуп чыкканы негиз болгон. (RK)

​
XS
SM
MD
LG