Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

4-июндун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

4-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен, Талас облустарында, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет. ​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 32…37;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG