Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн 3-июнда "Атайын байланыш" кызматынын мурдагы алты кызматкеринин нааразылык акциясы өттү. Алар өкмөттүн көңүлүн ишканадагы коррупциялык иштерге бурдуруу максатында пикетке чыкканын "Азаттыкка" билдиришти.
Мекемеде коррупция жана каржылык мыйзам бузуулар бар экенин, 2018-жылы кредитордук карыз 6,5 млн. сом болсо, 2020-жылдын сентябрында 11 млн. сомго жеткенин алар буга чейин билдиришкен жана иштен мыйзамсыз бошотулганын айтып сотко кайрылышкан.
Ишкана жетекчиси Нурлан Осмонов айыптоолорду четке кагып, айлык боюнча карыз жана жемкорлук жок экенин айткан жана “Эч кандай коррупция жок. Эки жолу Эсеп палатасы текшерди, ага чейин да текшерип жүргөн” деп билдирген. (RK)