Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

"Коопсуз шаар": "Вега" компаниясына нааразы адамдар акцияга чыкты


"Вега" компаниясына нааразы болгондор. 03.06.2021
"Вега" компаниясына нааразы болгондор. 03.06.2021

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырган "Вега" компаниясын жоопко тартуу талабы менен он чакты адам нааразылык акцияга чыкты.

Алардын бири, журналист Улукбек Карыбеков "Веганы" уруксат берилбеген жерлерге үч буттуу камераларды орнотуп, айдоочуларга "негизсиз айып пул салып жатат" деп айыптады.

"Эң башкы талап - айып пулдарды азайтсын, экинчи талап "Вега" компаниясы жоопко тартылып, укуктук баа берилсин. Эмнеге мыйзамсыз айып пулдарды жазып жатат. Кийинки талап - камакта турган машиналардын маселесин чечүү, "Коопсуз шаарга" катыштыгы бар Иманалы Саркулов, Азамат Исраилов, Гүлмира Баратова аттуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жетекчилерди кызматтан кетирүү", - деди Карыбеков.

Анын билдиришинче, "Вега" компаниясынын кызматтык унаасы 91 жолу жол эрежесин бузуп, 90 эреже бузууну жокко чыгарган.

Журналист атаган адамдар дооматтарга азырынча үн ката элек.

“Вега” Карыбековду сотко берип, моралдык чыгым катары андан 100 миң сом өндүрүп берүү тууралуу өтүнүч келтирген. Буга чейин журналист өзүнүн "YouTube" каналына "Коопсуз шаарга" байланыштуу иликтөөсүн жарыялаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG