Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Инандыны таап берем деп 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды


Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып 50 миң доллар алдап кеткен жаран.
Өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып 50 миң доллар алдап кеткен жаран.

Криминалдык милиция өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкери деп тааныштырып «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууга жардамдашууну убадалап, ири суммадагы акчаны алдап алган жаранды кармады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция башкармалыгы билдирди.

Шаардык милиция тараткан маалыматка ылайык, 2-июнда Түркиянын М.А аттуу жараны өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган белгисиз жаранга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Орхан Инандыны табууга жардамдашууну убадалаган жаран 50 миң доллар жана Subaru Impreza автоунаасын алып, дайынсыз кеткен.

Аталган факты боюнча шаардык милиция “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, изи сууй электе 1994-жылы Ош облусунда туулган, убактылуу иштебеген, мурда соттолгон жаран кармалды.

Тинтүү учурунда анын жанынан Subaru Impreza унаасы жана 50 миң доллар табылган. Андан тышкары МПР үлгүсүндөгү октолгон тапанча болгон.

Учурда тергөө иштери менен катар кармалган жарандын башка кылмыштарга катышы иликтенүүдө. Шаардык милиция жогорудагыдай учурлардан сак болууга чакырды.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды үч күндөн бери дайынсыз болуп жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG