Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Инандыны табууну талап кылгандар Жогорку Кеңешке барышты


"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын Жогорку Кеңештин астындагы митинги. 03.06.2021

Үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандар Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында митинг өткөргөн. Акцияга чыккандар 2-июнда өкмөт үйүнүн астына да барышкан.

Орхан Инанды үч күндөн бери табылбай жатат. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG