Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Инанды боюнча маселе Жогорку Кеңеште айтылды


“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча маселе 3-июнда Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу сунушу айтылды.

Мындай демилгени бир катар депутат көтөрүп чыкты. Алардын бири, депутат Улукбек Ормонов Инандыны издөө иштеринин жүрүшүн билүү жалпы коомчулук үчүн да маанилүү болуп жатканын белгиледи:

"Мына, үч күн болду. Кандай иш-чара болуп жатат? Ички иштер министрлиги өзүнүн маалыматын берип койсо. Бул жалпы коомчулук үчүн да керек".

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган. ИИМдин маалыматына карата, факт боюнча иш Жазык кодексинин "Адам уурдоо" беренесинин негизинде козголгон. Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырганы 1-июнда кабарланган.

Аны табуу талабы менен буга чейин Жогорку Кеңеш алдында, Түркиянын элчилигинин жана Бишкектин милиция мекемесинин алдында акциялар өткөн.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси Бишкекте 1-июнга караган түнү табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, кийин ал Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG