Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Министрлик "маалыматты манипуляциялоо" тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана спорт министрлиги "маалыматты манипуляциялоо" тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы отрумунда министрдин орун басары Ильязбек Балташев сүйлөп, каршылык жүйөлөрүн келтирди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору коомчулуктун терс пикирине ээ болду жана аны аткарууга кесиптик, материалдык база жетишсиз.

«Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн жогорку деңгээлдеги кесипкөй ар кандай багыттагы адистерди тартуу керек. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, техникалык жабдуулар жана кесипкөй кызматкерлер жок. Аларды тартуу үчүн кошумча финансылык каражаттар каралган эмес. Мындай жүйөлөрдүн негизинде аталган сунуштарды эске алуу менен жогорудагы мыйзамды кабыл алуу мүмкүн эмес экенин билдиребиз».

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2020-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 2020-жылдын 22-июнунда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда катары менен карап, кабыл алган.

Бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды ишке ашыруу куралдары жетишсиз деген себеп менен долбоорго кол койбой, парламенттин кароосуна кайтарган.

Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG