Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Анжиян-Ош шаарлары ортосунда каттам жанданды


Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Ош.

1-июндан тарта Өзбекстандын Анжиян шаары менен Оштун ортосунда маршруттук каттам кайрадан жанданды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдиргендей, кыргызстандык "Трансордо" компаниясы заманбап 12 микроавтобусту каттамга койду.

Анжиян-Ош шаарларынын ортосундагы каттам 2019-жылдын сентябрь айында башталып, 2020-жылы пандемиянын айынан токтоп калган.

Эки өлкө ортосундагы аралык 45 чакырым.

Жүргүнчүлөр 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-анализи менен өтө алат.

Өзбекстандын атуулдары үчүн биометрикалык (эл аралык) паспорт талап кылынат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG