Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу 60-65 машина кезекте турат


"Ак-Тилек" бекети. Архивдик сүрөт.
"Ак-Тилек" бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 3-июнда түшкө маал топтолуп турган оор жүк ташуучу автомашиналардын саны 60-65тин тегерегинде экенин "Азаттык" радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме мындай абалды тыгын деп эсептебей турганын, бекет штаттык режимде иштеп жатканын билдирүүдө.

Казакстан аркылуу жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын чек арадан өтүү маселеси 3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Өткөн аптанын орто ченинде аталган бекетте Казакстанга кирүү үчүн 80-90 автоунаа кезекте турган күндөр болгон. Чек ара кызматы мындай узун тыгын экономика жанданып, оор жүк ташыгандар көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирген.

1-июнда топтолгон автомашиналар жок экени, баары тоскоолдуксуз өтүп жатышканы айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG