Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Депутат Исаев камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранды


Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев
Өмүрбек Бабанов жана Канат Исаев

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 3-июндагы парламент жыйынында “Кумтөр иши” боюнча камалган саясатчыларды үй камагына чыгарууну суранды.

Азыр бийликте отурган жетекчилер дагы убагында саясий куугунтукка кабылып, мыйзамсыз абакта отуруп чыкканын эскерткен депутат, бир дагы тергөөчү же сот жазага тартылбаганын айтты.

“Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште эки жолу төрага болду. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарды, 2017-жылы 600 миңден ашык элдин добушун алган. Төрөбай Зулпукаров вице-спикер болуп эмгектенди. Үчөө тең салмактуу саясатчы, кичи мекенинде чоң колдоосу бар инсандар. Келечекте буларга коюлган айыптар такталабы, такталбай калса кандай болот, камалышына ким жооп берет деген маселе козголбой койбойт. Убагында Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылды эле. Өмүрбек Текебаев канча узак мөөнөт абакта отурду. Кийин мыйзам жолунда чечим чыгып, баары акталды", - деди депутат.

2-июнда "Кумтөр иши" боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки айга камалган.

Мындан тышкары “Кумтөр иши” боюнча мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев дагы эки айга камалды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG